КАРТОШКА КАЛДЫРКАНЫН ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧЫЛДЫ

Таласта картошка калдырканын (чипсы) чыгаруучу завод ушул аптада ишке кирди. Заводдун виртуалдык ачылышы Кыргызстандын Дипломатиялык академиясында “Биринчи Индия-Борбор Азиялык диалог” илимий-практикалык конференциясында өттү. Чипсы заводун куруу иштери Кыргызстан менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы келишимден соң башталган эле. Ачылышка Индиянын Тышкы иштер министри Ахамед Едаппакатх, экс-президент Роза Отунбаева жана Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Дина Кемелова катышышты.
Ишке кирген заводдун өндүрүш кубаттуулугу суткасына 2 тонна чипсы чыгарууга эсептелинген. “Биз үчүн эң маанилүүсү – жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жана экономикалык абалдын жакшыруусуна жардамы тие тургандыгы”,- дейт Ахамед Едаппакатх.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elyadin
2012-06-18 19:26:01
Бул заводунар эми канча убакыт иштейт экен коробузго,элди чипсы менен тойгузалы дептирсинерда оюнар дурус элге иш болуп турсун жаштарды алгыла кочо таптатпай жумушка ошолор иштешсин.Москвада темселешпей жаштардын келечегин ойлосонор жакшы болмок.
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан