Нарын шаарында 1-июнда башталган кичи футбол боюнча чөлкөм мелдеши жыйынтыкталды. Мелдешке Нарын шаарынан 16 команда катышкан. 1-орунду камсыз кылган “Шаарча 1” командасы кубок, диплом, топ, уюлдук телефон жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 2-орунду алган “Борбор 1” командасына диплом, топ, сумка жана акчалай сыйлык берилди. Ал эми 3- орунду ээлеген “Ак-Коргон” командасына диплом, топ, форма жана акчалай сыйлык ыйгарылса, 4-орунга татыган “Борбор 2” командасына диплом, топ жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан сырткары “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты бомбардир” наамдары боюнча да сыйлыктар берилди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.