Жогорку Кеңеште “КРнын микрокаржылоо секторундагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн көйгөйлөрү жана жолдору” деген аталыштагы тегерек столдо Нарын шаарынын тургуну Наргүл Турдумамбетова карыздардан улам суицидге баргандар көбөйүп жатканын билдирди. “Микрокаржылоо уюмдары карыз болгон адамдардын жашаган, иштеген жерине келип жаманатты кылууну адат кылып алышты. Мындай аракеттин натыйжасында жумушунан ажырап, карызын төлөй албай өзүн-өзү өлтүргөндөр көбөйүүдө. Айрым каржы уюмдары жеке адамдар аркылуу суткасына пайыздык үстөк эсептеле турган насыя берип, калктан чоң көлөмдөгү киреше таап жатышат”,- деди Наргүл айым. Эми бул маселе кайрадан Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банк, өкмөт, микрокредиттик уюмдардын катышуусунда талкууланмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nurbek_posol
2012-06-18 12:05:12
Мага тааныш мындай учур жана корком. Мумкун болсо микрокаржылоо уюмдарын жок кылыш керек.Мамлекеттик банктар гана азыраак пайызда берсе ошол мамлекеттин озуно деле жакшы болмок беле.
0
Alisher_1984
2012-06-18 17:32:01
Мамлекеттик банктар эч качан арзан пайызда жанан женил жолдор менен кредит бере албайт. Ошол себептен элдердердин кобу МКК дан кредит алышат. Себеби тез арада аласын жана айткан сумманды берет.
0
adilet_3234
2012-06-19 14:03:54
Элге ылайыктуу мыйзамдарды кабыл алыш керек, микрокаржылооо болумдору элди сорууда, убагында толой албай калсан эле очойгон пайызды (сумманы) илет да, ансыз да корсотулгон сумманы аран толоп жатсан, берээрде кредитти толук тушундурбой эле кредиттик портфелин жогорулатуу учун бере берет, келишимде корсотулгон келишим кагаздарынын саны да коп, аны да азайтып жеткиликтуу кылыш керек. окуштан зээригип эле кол коёт, толук окубай эле, анын устуно тексти да орус тилинде.
0
Asul
2012-06-21 11:53:08
Ооба, далай адамдар уйлорунон ажырады, айрымдары оз омурун оздору кыйды, айрымдардын турмушу бузулду. Кредитти алганда артын ойлобой иш кылып жатышпайбы. Убакыт отуп тологонго келгенде кеч болуп, тетири иштер ошондо болуп жатпайбы. КРЕДИТ АЛГАНДАН КОРКОМ.
0
kumarbeka
2012-06-24 21:30:15
бирок карызды алаардан мурун ойлонуш керек.
0
sanya
2012-06-30 04:36:40
Акылын болсо кридит алба бир жагынан арам бир жагынан тологону келгенде акчан бар болот же жок болуп калат
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.