ЖАШЫК, БООРУКЕР ГҮЛНУР ЖӨНҮНДӨ

“Гүлнур – көк бет, өжөр, боорукер, жашык”. Бул мүнөздөмөнү актриса, ырчы Гүлнур Асановага карата апасы менен эжеси беришти. Ал эми биздин гезит болсо, Гүлнурга “2011-жылдын супер дебюту” наамын ыйгарган. Эмесе, көп кырдуу талант Гүлнурдун сырларын аны жакындан билгендер баян этишет.

Гүлнурдун апасы Жумагүл Асанова: “КЫЗЫҢ КЫЙЫН ЧЫКТЫ ДЕШЕТ”
– Гүлнур 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн. Менин кенжетайым. Ар бир бала эле кичинекей кезинен байкалса керек, келечекте ким болору. Жалал-Абаддагы Маданият үйүндө иштечүмүн. Маданият очогу болгондуктан, ырчылар, бийчилер жүрүшөт эле да. Мен кызымды жумушка ээрчитип келчүмүн. Бир күнү директорубуз “Жумагүл, кызыңды карасаң” деп айтып калды. Карасам, көрүнбөйт, көрсө, ал аккордеон кармап турган экен, бою аспаптан кичинекей болуп, башы эле чыгып турат. Төрт жарым жашта эле. Анан директор айтты “бул кызыңдан чыгат го, чыгат” деп. Азыр эми ошол кишинин айтканы келип жатпайбы. Теледен көрүп, гезиттен окуган сайын ал киши “мен билгем, көрдүңбү, кызың кыйын чыкты” деп калат.

"КЫЗЫМ ТАРТЫЛГАН КИНОНУ КӨРҮП ЫЙЛАГАМ"
– Чындыгында, Гүлнур бала бакчадан эле артист болчу. Тарбиячысы да “Гүлнурсуз кечебиз өтпөйт" дей берчү. Кийинчерээк “Ак илбирстин тукуму” деген киного тартылып калды. 7 жашта эле. Талаага барып тартылыш керек экен. Кызым менен мен да жүрөм. “Карагулдун образын жаратыш үчүн эркек болуш керек, чачын кыркабыз” деп чыгышты. Кызым кырктырбай ыйлап туруп алды. Айласы кеткен чыгармачыл топ чачын билдирбей ороп, тебетей кийгизип коюшту. Фильмде жаа менен Карагулду атасы атып алган жери бар эмеспи. Гүлнурга карай жааны мээлеп жатса, бир корком. А кызым коркпой туруп берген. Кокус эле жаңылыш атылса ага тийип кетчүдөй болуп жүрөгүм дүкүлдөйт. Кудайга шүгүр, ийгиликтүү эле тартылышкан.
Тасмага тартылып жатканда билинбейт да. Кийин көрүүчү катары кызым катышкан кинону көрүп, ыйлаган учурларым болду. Режиссёрлор да талантына карап Гүлнурга дайыма кайгылуу образдарды беришет. Демек, ал аны ийине жеткире аткара алат. “Туңгуюк” деген тасмада Алтынайдын образында эмеспи. Анда Алтынай апасынын мүрзөсүнө барып ыйлаган кадр бар. Ошол кадрга тартылган соң “апа” десем “оу” деп мүрзөдөн колун сунуп бирөө чыга кала тургансып корктум” деп келген. “Артист деген роль тандабайт” деген сөзгө кошулуп, кызым кинодо кандай образ жаратпасын, мен кийлигишпейм.
Балдарым жаштайынан эле турмушка түз карап, тыкан өсүштү. Кызымды элдин оозунан укканда, гезит, теледен көргөндө сыймыктанып калам. Жоро-жолдошторум да “сен бактылуу аялсың” дешет. Чынында өзүмдү бактылуу сезем.

"ГҮЛНУРГА КАРАТА АЙТЫЛГАН СӨЗГӨ ТЕРИКПЕЙМ"
– Азыр атактууларга айтылган сөздүн кайсынысы чын, кандайы калп экенин эл деле түшүнүп калды. Кызыма карата ар кандай кеп-сөздөр айтылып жатты. Мен “жакшы адамды сөз ээрчийт” деп сооротуп жаттым. Гүлнур болсо “бирөө түртө берсе, түртө берсе, кебелбей койсоң, акыры чыбыгы сынат да. Апа, мен ушактарды сабырдуулук менен жеңип кетем” деди. “Туура кыласың, ар бир адамдын мүнөзүнө жараша жүрө албайсың” дедим. Бакиевдерге байланыштырып сөздөрдү айтышты, мен ага эч нерсе дей албайм, анткени ар бир доордо кеткенди да, калганды да сөз кылышат. Ал президент убагында талантын сыйлап комуз белек кылган экен. Мен андай сөздөргө терикпейм. Артисттер ар бир айтылган сөзгө териге беришсе жаны калабы, ит үрө берет, кербен жүрө берет деш керек.

Гүлнурдун эжеси Айнура: “СИҢДИМДИ КАТУУ КАРМАЧУМУН”
– Гүлнур экөөбүздүн ортобузда 5 жаш айырма бар. Ага карабастан курбулардай сырдашабыз. Гүлнур кинодогу образынан таптакыр башкача. Жашоодо шайыр, токтоо, өтө боорукер. Бат эле ыйлап, көзүнүн жашын төгүп отуруп калат. Окууну бүтөрү менен менин колума түштү. Чындыгында катуу кармачумун. Студент кезде Гүлнур кээде ыйлап-сыктап апама телефон чалып калчу. “Апа, мени кызыңыз эч жакка чыгарбай жатат. Мага 5 эле сом берип койду” деп. Апам болушса, "апа, 1-2 жыл унчукпай туруңуз, өзүм тарбиялайм" дейт элем. Азыр эми өзү менин тарбиямдын үзүрүн көрүп жатат.
Июндун алтысында дипломдук ишин жактап, жогорку окуу жайын аяктады. Ушул эле жылы президенттик стипендияга татыктуу болду. Былтыр Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына карата уюштурулган сынакта баш байгеге ээ болду. Сиздердин гезиттин тандоосу менен “Жылдын супер дебюту” наамына татыды. Кыскасы, кандай гана ийгиликке жетпесин, дайыма сүйүнчүлөчү кишилери биз да, көтөрүнүп алып чуркап келет.

"2-КАБАТТАН УЧУП КЕТКЕНДЕ..."
– Үйдүн кичүүсү болгондуктан, көп эле тентектик кылчу. Чыгармачыл адамдар башкача болобу, билбейм, колунан "тарак микрофону" түшчү эмес. Беш жашынан баштап ырдап жүрөт. Бир окуя болду. Гүлнур 5 жашта эле. Кербен шаарчасында жаңыдан оорукана курулуп жаткан. Жаш балдардын баары ошого чыгып алып ойночубуз. Аллас көйнөк (атластан тигилген көйнөк) деп койчу эле го, ошондой узун көйнөк кийип алып Гүлнур жүргөн. Баарыбыз кеттик деп тура калсак эле Гүлнур көйнөгүнүн этегин басып алып 2-кабаттан кулап кетти. Барсам, эси ооп жатыптыр. Аркама артып алып үйгө алып келдим. “Апама айтпа, айтсаң өлдүк” деп жаткырып койдум. Түн ичинде кыңылдап баштаганда апам сураса, айтып жатпайбызбы, учуп кеткенин. Көрсө, байкушумдун акыреги сынып кеткен экен, “айтпайм” деген сөзүнө туруп, унчукпай жата бериптир. Ушундай сөзгө бекемдигинен, көк бет, өжөрдүгүнөн ушул ийгиликке жетти деп ойлойм.

"УШАК СӨЗДӨРГӨ БЫШТЫ"
– Экөөбүз чогуу жашайбыз. Өзүнө карата айтылган сөздөргө башында ызаланып келчү. “Мен жөнүндө тигиндей сөз чыгып жатыптыр. Мени тигиге жабыштырып жатыптыр” деп ыйлактай берчү. Өзүм да Жогорку Кеңеште иштеп калгандыктан, ушактарга бышып бүткөм да. “Андай сөздөр айтыла берет” деп жооткотчумун. Азыр эми өзүнүн дарегине айтылчу андай сөздөргө маани бербегенге үйрөндү, ушактарга бышты көрүнөт. Албетте, Гүлнурдай сиңдим бар экенине сыймыктанам.

Курбусу Нурзат Токтосунова: “БИРӨӨНҮ СҮЙҮП КАЛЫП ЫЙЛАГАН”
– Достукка бекем. Боорукер, ак көңүл. Бирөөгө акча берип коюп, кайра сурай албай эле жүрөт. “Нурзат эже, эми кантип сурайм?” деп калат, мен да көп адамга берип алып, кайра сурай албай кыйналат элем, азыр эми билип калдым.
Сүйүүдө туруктуу. Бир жигитти сүйүп калып, ал үчүн ыйлаганын билем. “Татынакай кызсың, эмне кыйналасың?” деп деле айткан күндөрүм болду.
Кемчилиги – уйкучулугу. Чогуу барчу жерибизге кечигип келет, “уктап калыпмын” деп. Аны чакырыш үчүн бир күн мурун айтып же улам ойготуп эскертип туруш керек.
Айдоочу. Машинаны өтө катуу айдайт. Мен бир автоунааны машинам менен катуу сүзүп, анан жаным тынып жай айдап калдым. Гүлнур сүзүп алса деле ылдамдыгын жайлаткан жок.
Таланты бар кыз.
Бир билгеним, комузун колунан түшүрбөйт. Комузун баалап, аздектегенин көрүп, улуттук аспапты ушинтип сыйлаган үчүн таланты таш жарып жатат деп ойлойм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жашык, боорукер Гүлнур Асанова жөнүндө апасы жана эжеси сүйлөйт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
IRA
2012-06-20 20:27:12
эжекеси татынакай экен, апасынын памада койгонуна кичине конул буруп койушса болмок а так Гулнур озу да татынакай эле кыз.
0
asemkiz
2012-06-21 01:49:51
Эптеп эле кылдыраган уну бар, актерлугу кучтуроок, бирок ал деле укмуш эмес. Кыргыздын жонокой эле кызы.
-1
Mirbek_akun
2012-06-21 08:27:48
Гулнур эже канчанчы жылкы? Негизи жонокой кыздай корунот чын эле
0
Love_kg
2012-06-22 10:16:46
Mirbek_akun, она 88 года, а парень ее 90го года...
0
Kana
2012-06-21 09:36:45
Гулнур сен аябай жонокойсун
0
itslujba
2012-06-21 12:42:15
таш-комурлук кыздар кыйын болот
0
Bat
2012-06-21 13:46:33
Негизи бул кыз озу ташкомурдо чонойгон кыз №7 мектептен буткон.
0
mirbekkg
2012-06-22 02:38:48
Менин жердешим да эмнеси болсо да. Аксы районунун Крупская айылынан болот. Молодец!!!
0
Love_kg
2012-06-22 10:02:24
стиль не очень, выбирает одежду которые ее старят выглядит старше своего возраста,так как одежду неправильно выбирает даже стилисты говорят об этом.. и не один стилист говорил об этом....
0
Danmaz
2012-06-22 13:34:09
Gulnur jakshi kiz. Irlarin ukkanda adam jon ele memirep kalat da chirkin. Menin telefonumda jurot bir kancha iri. Zaryat tugongondo zaryattap turat :))
0
ai_ka
2012-06-22 13:39:27
кийим деп эле кийе берсе болобу. келечегине ак жол!!!!!!!

0
0987nar
2012-06-22 14:09:37
Бул кыз эмнеге дайыма кайгылуу байкуштун ролдорун аткарат, башка ролдорру эмне аткара албайбы же кандай?
0
0987nar
2012-06-22 14:12:13
Анан дагы Гулнур сен ролдорду жасалма алып барасын, кыйналып жасабай эле кунумдук жашоодогудай эле алып барсан. Сураныч сенден. деги эле азыркы кыргыз киносундагы ролдордун кобу эле жасалма, суйлогондору озгочо.
0
karmelita
2012-06-23 00:38:48
Кыргыздын татынакай таланттуу кызы азаматсын! Талантын оркундой берсин!
0
Нургуль
2012-06-24 09:19:26
голосо жагат мага аябай уккун келет молодец! бирок кайгылуу рольдорун аткарганы эле жакпады!
0
samirchik
2012-07-23 22:12:33
кайдан корсон бышактап ыйлап эле адамды тажатат кадимкидей. кийингенди да билбейт чачы эле узун болбосо а так...
-1
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан