АКЫЙКАТТЫК ИЗДЕГЕН ЭНЕНИН ЫЙЫ

Капыстан машина уруп кетип атасынан айрылып, өзү оор жабыр тарткан Ислам аттуу мекендешибиз тууралуу жазганбыз. Кырсык Талас районунун Арал айылында болгон. 13 жашар бала кырсыктан улам эми өмүр бою майыптар арабасында калышы мүмкүн экенин, бир буту жоон санына дейре кесилип, экинчи бутун аман алып калуу да күмөн туудуруп жатканын баяндаганбыз. Макала жарыкка чыккандан кийин редакцияга Исламдын апасы Жүрсүнай эже телефон чалды. “Мени баласын жериген, бир тыйындын артынан томолонуп кетер, бир үй-бүлөнүн тынчтыгын бузган адамдай көрсөтүпсүңөр!” деп таарыныч-ызасын айтып кирди. Макала андай өңүттө жазылбагандыгын, биздин максатыбыз Исламга жардам берүү экенин айтып түшүндүргөнүбүздө гана келип баян курууну туура көрдү.
Тогуз ай омуртка сыздатып жүрүп бир кыз, үч эркекти жарык дүйнөгө алып келген эненин арманы, карамүртөз адамдарга нааразычылыгы күч экен. Гезиттен орун берели деп чечтик.

“ООРУП ЖҮРГӨНҮМДӨ КҮЙӨӨМ БАШКА МЕНЕН ЖАШАП АЛЫПТЫР”
– Ошол кырсыктан каза тапкан Мырзабек менин күйөөм эле. 17 жыл бирге жашап жүрүп тапканыбыз бир кыз, үч уул болду. Союз тараганда экөөбүз тең жумушсуз калдык. Ошондо “кой, мен тиричиликти эптейм, сен райондон жумуш караштыр” деп ага шарт түзүп бердим. Бир нече жыл райондо салык кызматында иштеп, анан айылыбызга айыл өкмөтү болуп шайланды. Үй ичинде аялдын, сыртка чыгып эркектин ишин кылып жүрүп жеткен элек, ошол деңгээлге.
“Бир кишинин гана кулагы укпайт” деп коёт эмеспи. Ошондой менин турмушумда да болду. Катуу ооруп калып, Бишкекке келип 6 ай дарыландым. Анан үйгө барсам, күйөөм “ажырашам” деп сотко арыз берди. Көрсө, Гүлжан деген аял менен жашап алган экен. “Балдарды бербейм” деп чыкканынан Таластан шашылыш үй алып, бир туугандарымдын жардамы менен мал-жан күтүп, айтор, абдан чуркадым. Ажырашуу боюнча райондук сотто “адвокат жалдасам болобу?” десем, мени шылдыңдап күлүштү, “ажырашууга да адвокат жалдачу беле?” дешип. Кымбат түшкөнүнө карабай Бишкектен жалдап бардым. Райондук сот бизди ажыраштырып, балдарды бөлүштүрүү тууралуу арызымды карабай койду. Анан облустук сотко арыздандым. Алар менин шартымды, күйөөмдүн шартын карап көрүшүп, “балдар энеси менен жашасын” деген чечим чыгарышты. Тартышып отуруп Жогорку Сотко чейин келдик. Анда да облустук соттун чечими күчүндө калды.

“БАЛАМ МЕЧИТКЕ БАРЫП КУРСАГЫН ТОЙГУЗУПТУР”
– Ажаан адамдар менен алышсаң, документ жагынан утуп чыкканың бир пул экен. Сот чечимин аткаруучулардын коштоосунда барып да балдарды ала албадым. Куушуп-качып жүрүп балдарга эле убал болду. Ошондой күндөрү бир окуя алкымыма сөөк болуп кадалды.
Кичүү уулум Исан мектепке бара турган жыл болчу. Бир күнү түшүмө кирди, ыйлап алган. Чыдабадым, жумушумдан суранып алып, горОНОго уулумду шаардын кайсы мектебине бергенин билейин деп келдим. Сураштырып отуруп таап бардым. Ошончо классташы көрдү, уулум “апа-а!” деп бакырган боюнча чуркап келип кучактап калды. Ыйлайт, “сиз менен кетем, тиги үйгө барбайм” деп. Исанды мектепке эртең менен жумушка келе жатып атасы таштап кетет экен. Сабагы бүткөндө күйөөмдүн ошол жердеги бөлөсүнүкүнө барып, атасын кечке чейин күтөт экен.
Ал күнү күйөөмдүн ошол бөлөсүнүкүнө барып, уулум экөөбүз атасын күтүп отурдук. Келсе сүйлөшөлү, баланы алып кетейин деген ой менен. Мырзабек кирип келип эле кыйкырып, баланы колумдан жулуп алып кетип калды. “Тиги аял мени урушат, чаап жиберет, жаман” деп ыйлактап, арызданып отурган бечара балам көзүн жалдыраткан боюнча кетти. Ошондон кийин кантип тынчыйсың? Эртеси кайра мектепке келип уулума жолугуп, “атаң урушпадыбы?” деп сурасам, “экөөбүз үйгө барганда тиги аял “кийимдериңди котор да, бар тышка” деп мени чыгарып жиберди, анан мечитке бардым” дейт. “Ыя, катыгүн, мечитке эмнеге барып жүрөсүң?!” дедим шашып, балам секталарга кирип кеткен экен деп жүрөгүм булкуп алды. “Ал жакта тамак беришет, ошон үчүн барам” дейт. Дирилдеп ыйлап жибердим. Ата-энесинин көзү тирүү турса, балам ушинтип мечитке курсак тойгузуу үчүн барып жатыптыр. Анан класс жетекчисине, классташтарына жолугуп, “мобу баланын апасы менмин. Баарыңар көрүп турасыңар, урушуп жетелеп бараткан жокмун, эч кимге айтпай ала качкан жокмун. “Сиз менен кетем” деп эки күндөн бери ээрчип ыйлап жатат” деп айтып, алып кеткем. Жакшы эле айткан экенмин, кийин “баланы уурдап кетти” деп мага айып койгонго аракет кылышпадыбы.

“КЫРСЫКТЫ ҮЧ КҮНДӨН КИЙИН ЭЛДЕН УКТУМ”
– Чырактай уулум бир бутунан ажырады, экинчиси деле бүтпөй, ириңдеп турат. Ал кырсыкты мен тилеп алган жокмун. Ал кырсыкты баламды сүзүп кеткен жигиттин энеси деле тилеп алган жок. Болгон эле тилегим – баламдын жаны аман калса, айыгып кетсе. Ушинтип зарлап жүрсөм, кайнежем менен Гүлжан (маркум Мырзабек Алмүрөковдун Жүрсүнай айымдан кийинки аялы) улам бир гезитке, телеканалга маек берип, “энеси баласынын жанына бир күн келип турган жок, баласынын булганган шейшептерин жууганга жарабады, балдарга пенсия, Исламга майыптык пенсия алып жатат” дей берип күйгүзүштү. Силердин гезитке да айтышыптыр, "I топтогу майып" деп пенсия алып жатат" деп. Балам ооруканадан чыга элек болсо, кайсы врач мага андай аныктама жазып бермек эле?
Ал эми атасынын каза тапканына байланыштуу балдарга пенсия бөлдүрүп алганым чын. 6 айга чейин документтер тапшырылбаса, кийин пенсия алуу кыйын болорун угуп калып гана документ тапшыргам. Бирок ал балдардын ырыскысына тийген жокмун. “ЮниКредитБанктан” эсеп ачтырып, ошого чогултуп жатам, эртең өздөрүнө керек деп. Мына, квитанцияларын да көрсөңүз болот.
Ушундай кырсык болгонун айтып да коюшпайт. Мен кырсыкты ат чабышка келген эл аркылуу үч күндөн кийин уктум. Угуп эле ооруканага учуп жөнөдүм. Ошол маалда колума Гүлжан менен кайнежем тийсе, билбейм, жулмалап салсам керек эле. Келе жатканымды угуп качып кетишиптир. Балдарды мага бербей чыр салышканда “эгер балдардын бир тал чачы түшчү болсо, баарыңды ит аткандай атып салам” деген элем.
Балам бечара жатат, купкуу. Врачтар Мырзабек менен убара. “Бишкекке алып кетем” десем, “ал жактан врач чакырттык, келсин, эмне дейт, көрөлү. Которуш керек болсо, жөнөтөбүз” деп алар дагы үч күн кармашты. Ошентип отуруп бир жума жоготтук.
Маңдайына жазылганы ушул болсо, анда айла жок. Бирок кокустан болгон иш болсочу? Эгер балдарды талашпай, ыйлатып-сыздатпай эле мага беришсе, бул балакет болбой калар беле? Ичим уйгу-туйгу.

"МЕН ЖАЛАЛ-АБАДДЫКТАРДАН АКЧА ӨНДҮРГӨНҮ КЕЛДИМ ДЕДИ”
– Бишкекке келгенден кийин да чырлар көп болду. Баламды карап жаным кейип отурсам, ооруканага Гүлжан келип алыптыр. “Чыгып кет, көзүмө көрүнбөй” дедим. Экөөбүз урушуп отуруп милиция бөлүмүнө чейин жеттик. Ошол күнү Бишкек шаардык Октябрь РИИБинде Гүлжандан уккан кеп көөдөнүмдө азыркыга чейин кадалып турат. “Бишкекке, ооруканага эмнеге келдиң? Көзүмө көрүнбө дебедим беле?” десем, “мага сенин чолок балаңдын кереги жок, анын дарылануусуна деп 35 миң сом акча беришкен, мен айыпталуучу жалал-абаддыктардан дагы акча өндүргөнү келдим” деди. Ошол сөздү уккан милиция кызматкерлерин күбө кылсам да болот. Ал сөзүн кошуп РИИБдин башчысына арыз жаздым. Бирок жоро-жолдоштор “Мырзабек жакында эле каза тапса, силер урушуп уят болбогула, токтотчу” деп суранып отуруп арыз бердирбей коюшту.

“БАЛДАРЫМДЫ МАГА КАРШЫ КАЙРАП ЖАТЫШАТ”
– Баарынан жагымсызы, Гүлжан менен Майрам кайнежем балдарымды мага каршы коюп жатышат. Айылдан атайын арнап жасаган курут-май, туздалган этимди көтөрүп келсем, Исламды карап жаткан улуу балам Дастан көтөрүп келгендеримди таштанды челекке ыргытып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кууп чыкты. Ошол баланы мен 7 ай бою ооруканада жатып, уколдон улам терс реакция жүрүп, абсцесс болуп жатып төрөгөн элем. Бирок балдарымдын мага жасаган мындай мамилесине таарынбайм, себеби мен энемин.
Кайнежем расмий түрдө балдарга кам көрүүчү укугун алган жатыптыр, мени псих, балдарга бөлүнгөн пенсиянын акчасын ичип жүрө берген адам көрсөтүүгө аракет кылып жаткан көрүнөт. Атасынан ажал айрыды, эми балдарды көзү тирүү энесинен айрып, кайсы максатына жетишет? Кечээ жакында эле Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Гүлнара Дербишевага кирдим. “Сизди мындай аял деп такыр элестеткен эмес элем” деп таң калды. Аракеч, баңги, жок эле дегенде псих деп сүрөттөшкөн окшойт.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
zirek.kyz
2012-06-18 13:29:01
Аллахым баланызга шыпаа берсин,сизге сабыр берсин.Баланыз мечитке тамак жейм деп барганын окуп,сиздей эле ичим сыйрылып ыйладым.Балдарды энесинен айрып эмне максаттары бар болду экен?Балдарынызга ыйман берсин жараткан.
0
Gulzhan
2012-06-18 13:29:47
Эне кандай болгон кундо да эне-баланын бир болгону жакшы.Энелуу жетим эрке жетим,аталуу жетим арсар жетим деп коет.Ар бир балага озунун апасындай эч бир айым апа боло албайт,мээрим того албай.Эже жакшылыктан умутунузду узбон,балдарыныздын омурун,ден соолугун тилен.Балдарыныз убагы келгенде оздору тушунуп,алдынызга апалап келээр кун алдыда,ызаланбаныз.
0
zulya
2012-06-18 13:51:41
Аллах жардам берип баласы айыгып кетсин . Кандай гана болбосун ал энеси да . Балдары энеси менен болуш . Керек Бейиш эненин таманында , оз баласы апасын жаман создор менен соккону жаман .
0
tavsan
2012-06-19 03:45:11
oz apasin sogup kuup 4ikkan balanin barinan jogu jakwi.7 ai oorukanada jatip torogondon koro abort kilip saliw kk bol4u,a birok e4 kim bilbei da jarik duinogo uwundai taw boor balani alipkeleerin.Allah sizge jardam bersin eje. Kapa bolbonuz.Gulshan aitkandai aldinizga Apalap 4urkap kelet
A kainejeniz mn tigi ajaldi kudai jasalasin.
0
aika_7777777
2012-06-19 10:51:56
Баардыгын АЛЛАХЫМ озу корсотот,Коздуу мончок жерде калбайт дейт,кам санабан баары жакшы болот,балдарынызга ыйман сизге ден соолук берсин!
0
hellouin
2012-06-19 16:03:15
kudaj bar anday akmak aferistterge baary bir bir kunu oz jazasyn alyshat al emi uluu balanyzga aytmakchymyn!!! Chon Jigit esin barda akylyna kel Eneden otkon iyik nerse jok!!! Beyish Enenin tamanynda!!! Altynday bolgon enendi siylap alakanyna salyp kanattyyga kaktyrbay,tumshuktuuga chokutpay astarlap al apandy!!! Senden suranych!!!
0
Ханбийке
2012-06-20 02:45:24
Баланыздын батыраак сакайып кетишине тилектешмин. Белинизди бекем буунуз баары ордуна келет
0
akuma82
2012-06-20 14:55:03
Кайсы огой эне балдарга жакшы мамиле кылат эле, андан коро балдарды талашпай оз энесине берсе болбойбу. Балдарын ойлогондо атасы да башка аялга уйлонбойт эле. Тиги кайнежеси балдарды талашканын карасан, кыйратып карай тургансып. Озунун эле балдарын карай бербейби, балдарды энесинен айрыбай. Озу дагы эне болсо керек.
+1
Asul
2012-06-21 14:05:47
Бала талашканды эмне кылат, балага оз энесинен болок эне эне болуп бере албайт. Мечитке барып тамак жесе мейли, ыйман берет. Мечит кудайдын назары тушкон жер да. Баланызга Аллахтын назары тушуп, сакайып кеткиси бардыр. Чымырканып, кайрат кылып, баланыздын айыгып кетишин тиленип, кудайга кайрылыныз. Жакшылык каалайм.
0
elnnura
2012-06-24 00:26:45
башталды эми огой энеси келет эмки санында.кайсыл жерде эле огой эне огой балдарга жакшылык кылчы эле.акча керек болуп анан балдар керек болуп атса керек да
0
NurUmar
2012-07-02 00:51:50
О кудай озун дартка даба мээнетке шыпаа бергин.Огой энени да кайнежесинида кудай озу жазаласын.Эже сабыр кылын баары жакшы б.т.
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан