Эх-ей, Бактияр Токторов “Лейлек, Лейлек” деп жер тепкилей ырдаганда лейлектиктер кулак жара ышкырып сүрөп калышса, “Кечки туманды”, “Ак көйнөк кийген бийкечти “ ырдаганда жаштарга жагып, кайра-кайра сурап калышчу эле. Ооба, бул “Биз” тобунун популярдуу кези болчу, ал эми азырчы? Бактияр мырза азыр кайда, эмне менен алек?
– Бактияр байке, cизди “Бактияр бизнесмен болуп кетти” деп айтып калышат. Чын эле чыгармачылыктан оолак болуп, бизнеске баш урдуңузбу?
– Чоң бизнесим жок. Эгер азыр мактанып, “мен моминтип акча таап жатам” десем, ошол эле чөйрөдө иштеген чоң ишкерлер “ушуну айтпай эле койсо болмок” деп күлкү кылышары анык. Кыскасы, соода-сатык жаатында эле. Быйыл “Биз” тобунун түптөлгөнүнө 20 жыл болот. Мурда биз өзүбүздүн атыбыз үчүн иштесек, азыр атыбыз биз үчүн иштеп жатат. Той-топурдан кол бошобой турган кез десек да болот. Алдыда жаңы “Ассалоом алейкум” аттуу 12 ырдан турган ыр жыйнагын чыгарганы турабыз. Күзүндө стадионго жандуу концерт берели деген ниетибиз да бар. Концертти бекер кылсакпы деп да жатабыз. Эгерде мэрия уруксат берсе, кечкиден баштап таң атканга чейин коёбуз го. Стадион толо эл чогултуп, 20 жылдыгыбызды өткөрсөк деген ой бар.
– “Стадион толо эл” деп калдыңыз, бирок мезгил жылган сайын “Биз” тобунун күйөрмандары да суюлуп баратат деген ой жарала элекпи?
– Күйөрмандарыбыз суюла элек. Биз, негизи, жаштардын тамырын тартканга аракеттенебиз. Ырларыбыздын мотиви көбүнчө жаштарга ылайык. Жаңы чыга баштаганда деле жаштар биздикиндей музыкага суусап турган кез болчу. Буюрса, эми да алдыда жаштарга жаккан чыгармаларды жаратабыз.
– Кырктын кырына чыгып калганда сахнада так секирип бийлегениңиз да жаштардын тамырын тартуу го, ээ?
– Мен аябай эле уяң жигитмин. Көзүмдү бекем жумуп алып ырдаганым да ушундан. Көзүмдү жумганым менен, берилип кеткенде колу-бутум өзү эле коштоп, так секирип бийлей баштайм. Ошентсем ойлоп калышпасын, берилип кетсе эле секире берет экен деп. Ырыма жараша бийлейм. Мен элди тажатып алуудан корком. Мисалы, “дуу” деген жеринен жок дегенде башыңды бир серпип алсаң да өзгөчө шаң кошулат.
– “Топтогу балдардын баарынын эле музыкалык билими жок” деп айтканыңыз бар. Жалаң талантка таянса болот деп ырчы-чоорчу болом деген балдарга айта аласызбы?
– Эми ал жагын айта албайм. Бирок өзүм үчүн жооп берсем, менин оюмча, атайын билим алгандан кийин эле акын же ырчы болуп чыга келбейт. Чынында, Кудайдан талант берилбесе, ырчы болом десең да боло албайсың. Теория жагынан күчтүү болушу мүмкүн, бирок сахнага чыга келгенде ооз ача албай калгандар да бар.
– Өзүңүз айткан талантыңыз бар экенин кайсы учурда байкадыңыз эле?
– Мектепте окуп жүргөн кезимде атамдын комузу бар эле, аны мен гитарага окшоштуруп чертчүмүн. Союз учурунда айылдын жаштарын чөпкө жөнөтүшчү, кечиндеси ырдап-бийлеп, өзүнчө эле майрам болчу. Ошол учурда гитара черткенди үйрөндүм. Анан акырындык менен сахна мени өзүнө тарта баштады. Алла Пугачёванын, Валерий Леонтьевдин, Михаил Боярский жана башкалардын чыгармаларын туурап ырдап жүрүп эле үнүмдүн диапазонун кеңейттим десем болот. Бирок ырчы болом деген максат менен окууга тапшырган жокмун. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырдым. Анан ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен кездешип калып, кайсы жерде чогулбайлы гитара чертип, үндүн болушунча эле ырдап калчубуз.
1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп калдык. Нанга майонез сүйкөп жеп коюп түнү бою чыгармачылык менен алек болгон күндөрдүн жемиши болуп “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу шедеврлерибиз жаралды. Бул ырлар университеттин жер төлөсүнөн жаралган. Эң биринчи жолу “Баластан” деген берүүгө чыкканбыз. Кийин Мыктыбек Арстанбек айтып калды “Кыргызстан” деген атыңар ырдаган ырларыңарга туура келбейт экен” деп. Көп ойлондук. Биздин ырлар деп жатып “Биз” деген сөзгө токтолгонбуз. Негизи, аттан деле эмес, баары кылган ишиңден экен. Кийин 91-жылдан баштап кайсы жерде концерт болсо, “биз деле чыгалы дедик эле” деп эле кошулуп алчубуз. Эсимде, бир жолу “Мыскыл жана тамаша” аттуу чоң концерт болмок. Биз келип, баягы адатыбызча сурандык. Ошондо уюштуруучулар “кана фонограммаңар?” деп жатпайбы. Биз “сахнада турган аспаптарды берсеңер, ошолор менен эле ойнойлу” десек. “Аны жөн эле коюп койгонбуз” дейт. Көрсө, ошондо эле фонограмма деген оору башталыптыр да. Башында концерттерге эл көп келчү, азыр артисттерге чала болот, анткени өзүбүз элди тажатып алдык. Фонограмма бир жеринен өчүп калып, анан ак гүлдөр деп баштасаң, көк гүлдөр башталып кетет дегендей.
– Келиңиз, эми жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшөлү. Буга чейин айтканыңыз бар “оуу, мен он чакты сүйүүнү башымдан өткөргөм” деп, ырларыңыздын көбү ошол сүйүүлөрүңүз туурасындабы?
– Ооба, ооба, көп эле сүйүүлөрдү башыбыздан өткөрдүк.
– Ошол сүйүүлөрдүн баары эле чыныгы сүйүүбү же?..
– Менде жалган сүйүү болгон жок. Баары эле чыныгы сүйүү болчу. Илең-салаң акын болуп кетишиме да ошол сүйүүлөрдүн таасири тийди го. Сүйүүгө жетпей калып кыйналган сезимдерди эч кимге айтып бере албайсың да, анан ал сезимдер кагаз аркылуу чыгат.
– Алгачкы жоолук салган жубайыңыз Оксанага кантип жолуктуңуз?
– Оксана биринчи бизге ырчы катары келген. Топко ырчы кыз алалы деген да ой жаралып кеткен бир кезде. Алгач Оксана топто ырдап жүрдү. Байкаштырып көрсөм, жакшы кыз экен. Бир чети чогуу ырдайбыз, чогуу жүрөбүз деп ага баш кошуп алгам.
– “Машинаны алмаштырса болот, бирок аялды эмес” деп айтканыңызды тастыктагым келип жатат. Эмне болуп анан Оксана Наргизага алмашты?
– Машинаны алмаштырыш бул жеке өзүңдүн жоопкерчилигиң менен. Аны сатам десең деле унчукпайт. Аял... бул эми тагдырдын чүкөсүнүн өкчөлүшүнөн. Оң капталынан болсо тагдырыңды таптың, ал эми сол капталынан болсо ажырашат экенсиң. Оксана учурда өз жашоосу менен, мен Наргизаны таптым.
– Оксанадан балаңыз барбы?
– Бир кызым бар. 16га чыгып калды.
– Катташып турасызбы?
– Жок.
– Азыркы келинчегиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
– Наргизага 1998-жылы айылдан жолугуп калдым. Өзүбүздүн Лейлектен болот. Ал кичине кезинде эле биздин ырларды сүйүп угуп, “Сиз” тобу деп өзүнчө кыздарды да чогултуп ырдашчу экен. Өзү жакшы ырдайт. “Кечки туман” деген ырдын автору.
– Келинчегиңизге “жалаң кыз төрөйсүң” деп таарына элексизби?
– Эми түшүнүп турам да, аялым атайылап кыз төрөп берип жаткан жок. Бергенине шүгүр, бербей койсо эмне кылат элем? Үч кыз төрөп берди. Эми ал да мага Кудайдан буйрулган нерсе. Кичүү кызым 11-майда бирге чыкты. Эми дагы күтүп жатабыз. Эмдигиси эркек болсо экен деп жатам.
– Уул төрөлүп, маңдай жарыла сүйүнүңүз. Үйдө ким көбүрөөк кызганчаак?
– Кызганыч деген болуш керек. Мен, мисалы, мага тиешелүү күрөк болобу, кетменби, ошону да кызганам. “Кошунага неге бердиң, алып кел” деп. Ар бир мырзага тиешелүү нерсе өзүнө гана тиешелүү болуш керек. Көңүл боштук кылбаш абзел. Кызганбаса эмне деген жашоо болот?! Анда чочкого окшошуп калбайбызбы. Дегеним, жаныбарлардын ичинен чочколорго баары бир экен.
– Кызганычтан улам келинчегиңизге кол көтөрүүлөр болобу?
– Андайлар деле болот. Ушул жерден бир анекдот айтып берейинчи. Бир аял күйөөсү менен ажырашам деп калат экен. “Мени сөгөт, атүгүл сабайт” деп. Ажырашкандан кийин “ичпеген-чекпеген, таптакыр кол көтөрбөгөн, айткан сөзүмдү эки кылбаган мырзага турмушка чыксам” деп кыялданып жүрүп, ал кыялына да жетет. Тийген мырзасынын колунан төрөгөн гана келбейт, калганы бүт келет экен, үй шыпырып, кир жууп дегендей. Аны менен аял бир жыл жашайт да, кайра ажырашам деп чыгат. Курбулары “сага не болду, зымга тизгендей күйөөңдү чанып” десе, “эй, бул эркекке окшоп сөкпөйт же урбайт” деген экен. Ошондуктан эркектин эркектей эле болгону жакшы, анча-мынча сөгүп, чаап жиберип дегендей...
– “Эркек үйдөн эки кадам аттагандан кийин бойдок” деп коюшат. Буга кошуласызбы? Мисалы, көчөдөн сулуу кыз өтүп кетсе, моюнуңуз бурулуп дегендей...
– Эми сулуу кыз өтүп баратса, кантип карабай коём? Сүйлөшө турган учур болсо сүйлөшөсүң. Биз, чыгармачыл адамдар, сулуу кыздар же көңүлүңө жаккан адам менен сүйлөшсөң, энергия алабыз. Болбосо мен үйлөнгөм деп эле эки колду тизеге түшүрүп, солдат болуп жүрө берсең, чыгармачылыгың ошол бойдон токтоп калат. Сүйүү деген – кучакташып эле төшөккө жатып калуу эмес. Адам менен сүйлөшүү, жан дүйнөсүн билүү да сүйүүгө жатат.
– Мырза маселелерин козгоп калдык. Ичкиликке кандайсыз?
– Мурдагыдай иче албай калгам, ха-ха...
Бахияна Сатылганова
star@super.kg