САМЫН КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Самын – адамдын жашоосундагы эң зарыл каражаттардын бири. Анын качан жана кантип пайда болгонун баарыбыз эле биле бербесек керек.
Өткөн заманда Мисир падышасы көп меймандарга салтанаттуу той берет. Ашканада иштеген бир кызматкер байкоосуздан жаңы сызгырылган койдун майын очок астындагы күлгө төгүп алат. Падышанын жазалоосунан үрөйү учкан ашпозчу төгүлгөн майды дароо күлгө аралаштырып, бир нече кыш жасап коёт. Андан соң колун жууганда анын ушунчалык таза жуулганына өзү да таң калат. Бул тиги май аралашкан күлдүн касиети болсо керек деп ойлонот. Кийин колу кирдеген сайын ошол кыш менен жууп көрөт да, ырас эле май аралашкан күлдүн тазартуучу касиети бар экендигине ынанат.
Өзү менен чогуу иштегендерге да тиги кыштан пайдалануу үчүн белекке берет. Алар да колдору демейдегиден тазара түшкөндүгүн байкашат. Ошондон кийин ал кыштарды ашкана кызматкерлери бети-колун, майлыктарды жууп туруу үчүн пайдалана башташат. Падыша очок башында иштеген кызматкерлеринин өңү-башы өзүнүкүнөн да таза экендигин көрүп таң калат да, сүрүштүрүп жүрүп бул сырдын түйүнүн чечет. Кызматкерге мындай нерседен өзүнө да жасап берүүнү буюрат. Кызматкер падыша пайдаланууга ыңгайлуураак болсун деп койдун майы менен күлдү абдан аралаштырып, чакан-чакан кыш калыбына келтирип, шамалга кургатат. Анан падышага "муну пайдаланар алдында сууга чылап туруңуз" деп кеңеш айтат. Ошондон көп узабай мындай кыштар Мисирден Римге, Францияга, Англияга жана башка өлкөлөргө тарайт. Бирок ошол кездеги адамдар койдун майы менен аралашкан күл колу-бетти кандайча тазартарын өздөрү да билишкен эмес.
Кийинчерээк окумуштуулар изилдеп, бул сырдын түйүнүн чечишип, күлдө натрий кислотасы барын, ал эми койдун майы эритүү, жумшартуучу касиетке ээ экендигин айтып чыгышкан. Дүйнөдөгү эң биринчи самын жасоочу завод XIII кылымда Англияда курулган.
Бүгүнкү күндө самындын ар кандай түрлөрүн: жыпар жыттуусун да, суюк түрүндөгүсүн да табууга болот.

Дамира Арстанова kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
De.Kg
2012-06-21 21:39:12
oo gut zu wissen!!!
0
Oblako
2012-08-29 10:38:31
ukmush eken
0
№ 502, 15-июнь-21-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан