Учурда футбол боюнча Европа чемпиондугу Киев шаарында да өтүп жаткандыгы белгилүү. Лолитанын апасы менен кызынын үйү аталган шаардын борборунда, стадиондун жанында жайгашкан. “Мектептен үйгө машина менен жетүү үчүн паспортуна кошо катталган жери да текшерилип жатат. Кызым учурда коомдук унаа менен жүрүүдө, себеби башка дарек боюнча катталган. Ашынган футболдун фанаттары да өзгөчө кооп жаратууда” дейт кабатырланган жылдыз айым.