Дэвид Бекхэм үйлөнүү тоюнун 13 жылдыгына карата жубайы Викторияга белек катары өзү жазган китепти тартуулайт. Кыялкеч футболчу сүйүктүүсү экөө биринчи жолу барган кинонун билетинен баштап сүйүү каттарынын бирин да ыргытпай сактап жүргөн экен. Китепке ушулардын бардыгы батырылган. Экөөнүн сүйүү тарыхын баяндаган бул белек Викториянын колуна экөө баш кошкон датада, 4-июлда тиет.