Буга чейин Филипп Киркоров менен Тиматинин айтышып калгандарын уккан чыгарсыз. Интернет булактарында жакында Тиматинин Филиппти жана бүткүл орус шоу-бизнесин боктогон маанидеги клиби жайылды. Уят сөздөрдөн куралган бул клип Тиматинин кавказ улутундагы жигиттер менен кечеде отурган жеринен тартылган. Ырынын аягында “азыркы кээ бир ырчылар “Бурановолук чоң апалардын” чаңына да жетпейт, силердин шоу-бизнес ыплас, саткын чөйрө, менин бул чөйрөгө эч тиешем жок” дейт рэпер. А Филипп Тимати менен мыйзам чегинде сүйлөшөм деп чамынууда.