КОЙ (21.03-20.04)
Аптада документ иштеринде тактык керек. Толук таанышып чыккан соң гана кол коюңуз. Маанилүү кабар угасыз. Апта ортосунда бүтпөй келген ишиңиз соңуна чыгып кубанасыз. Ошондой эле алыс жолго сапар алууңуз күтүлүүдө. Жекшемби күнү жакын таанышыңыз менен мамилени бузуп алуудан сак болуңуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын алгачкы жарымында өзүңүздүн оюңузду талаша берсеңиз, ишиңизде кыйынчылыктар болот дешет жылдыздар. Андыктан кесиптештердин кеңешине кулак салганыңыз туура. Иш боюнча сапарга чыгууңуз мүмкүн. Ден соолугуңузга да кам көрүүнү унутпаңыз. Күтүүсүз ыплас ишке аралашып калуудан этият болуңуз. Апта соңунда жеке жашооңузга тиешелүү маселе боюнча чечим кабыл алууга туура келет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта күтүлбөгөн окуяларга бай болмокчу. Жүрөгүңүздөгү сурооңузга жооп табылат. Кандай иш чыкса да аягына чыгарууга аракет кылыңыз, пайдасы сиз тарапка оойт. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Акчаны үнөмдүү пайдалануу керек. Болбосо апта соңунда тартыштык жаралып, карыз издеп калышыңыз мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде аткара турган иштериңизди пландап алсаңыз, убакытка уттурбайсыз жана жакшы жыйынтыктарга ээ болосуз. Акчага байланышкан иштерде сак болуңуз, алдатып же жоготуп алышыңыз мүмкүн. Апта ортосунда электр приборлорун колдонууда этият болуу керек. Ишембиде алыстан келген конокторду тосуп алууга даярдана бериңиз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада жаңы идеялар ишке ашышы ыктымал. Эгер жакшылап аракет кылсаңыз, баары сиз тарапка чечилет. Үй-бүлөдө жакындарыңыз менен кайым айтышуудан алыс болсоңуз, таарынышуунун алдын аласыз. Бейшемби – ден соолугуңузга кооптуу күн. Өзүңүзгө кам көрүп, этият болуңуз. Апта соңу баш кошууга, той өткөрүүгө ыңгайсыз. Андыктан башка күндөргө белгилеген оң.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишиңизде жаралган кыйынчылыктарга моюн сунбаңыз. Аракет кылсаңыз, ийгиликке жете аласыз. Жалган жалаанын курмандыгы болуп калбайын десеңиз, бейтааныш адамдардын чөйрөсүнөн оолак болуңуз. Апта ортосунда эңсеген буюмуңузду сатып алып маанайыңыз көтөрүлмөкчү. Апта соңу конокко чакырыласыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ашык маселе үйүп албайын десеңиз, бейтааныш адамдар менен чырдашып кетүүдөн качыңыз. Пикир келишпестиктер жаралып, айрым түгөйлөр ортосунда чоң чырга да айланышы мүмкүн. Андыктан ынтымакка келүүгө аракет кылыңыз. Көзүңүз жетпеген ишти аткарууга убада бербегениңиз туура, аткара албай уят болгончо. Жекшембиде жаңы таанышуу орун алат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада эс алууга түзүлгөн шарттан баш тартып, иштерди аягына чыгарууга аракет кылыңыз. Болбосо убакыттан уттурасыз. Апта ортосунда учтуу, курч буюмдарды колдонууда этияттык талап кылынат. Башкалардын ден соолугуна зыян келтирип алышыңыз мүмкүн. Кийинки аптада маселелер жаралбашы үчүн ишембиге пландалган бардык иштерди аягына чыгарууга тырышыңыз. Жекшембиде бойдоктор болочоктогу түгөйүнө кезигүүлөрү ыктымал.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада үй-бүлө мүчөлөрү менен көз карашыңыз дал келбей, пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Бирок улуунун сөзүн угуп кадам таштасаңыз, жаңылбайсыз. Жумушта жаңы иштерди пландоого активдүү катышсаңыз, кызмат ордуңуздан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дем алыш күндөрү капчыгыңыз бош калбасын десеңиз, керексиз буюм сатып алып убара тартпаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Мурда берген убадаларыңызды аткарууга туура келет. Туугандарыңыздын кеңешин туура кабыл алыңыз, ишиңизге жардамы тиет. Дүйшөмбүдө жаныңыздагы буюмуңузду унутуп калып, убара тартып калышыңыз мүмкүн. Жума күнү жолугушуу белгилебей эле койгон оң, убактыңыз текке кетет. Дем алыш күндөрү жол жүрүүдө кырсыкка кабылып калуудан сак болуңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта башында жеке жашооңузда өзгөрүү болушу күтүлүүдө. Ишиңизде досуңуздун жардамына таянып иш бүтүрүүдөн алыс болуңуз, сиз каалаган жыйынтык чыкпай калышы мүмкүн. Алыстан жакшы кабар келип, көңүлүңүз көтөрүлөт. Апта соңунда узак жолго аттанып калышыңыз мүмкүн, даяр болуңуз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башталышында ишиңизге көңүл кош мамиле кылсаңыз, маселе жаралышы ыктымал. Ошондой эле ойлонбостон жасалган иштин арты өкүнүч менен аяктайт деп эскертишет жылдыздар. Андыктан акыл калчап кадам таштаңыз. Жаныңыздагы буюмдарга сак болуңуз, жоготуп алууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү адаттагыдай эс алуунун ордун түйшүктүү иштер алмаштырмакчы.