ЧЫМЫНДАН КАНТИП КУТУЛУУГА БОЛОТ?

Күн жылыгандан тарта таңдан кечке учуп-конуп, тынч жашоону бузган чымын деген тажаткыр пайда болот эмеспи. Өзгөчө жайдын күнү жабалакташып, жеп жаткан тамагыңды кошо жешип жаныңды сууруп алышат. Бүгүн мына ушул чымын тууралуу жана андан кантип кутулуу керектиги жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

ЧЫМЫН ТУУРАЛУУ
Чымын эки канаттуу майда жандыктардын түркүмүнө кирет. Жалпысынан анын 5000ден ашык түрү бар. Кээ бири чиркейлер сыяктуу кан соруу менен азыктанса, бөлмө чымыны сыяктуу түрлөрү адамдардын чарбасындагы азыктар жана бактериялар менен азыктанышат. Бөлмө чымынынын мекени болуп Борбордук Азия саналат. Адамдардын жер которуп көчүп-конуп жүрүүсүнүн негизинде бөлмө чымыны дүйнөнүн бардык тарабына тараган. Аталган чымын жугуштуу оорулардын бактерияларын ташып жүрүүчү катары белгилүү.

АЗЫКТАНУУСУ
Бөлмө чымынынын оозундагы соруучу аппараты канды сорууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Андыктан ал суюк азыктар менен тамактанат. Ал эми катуу азыктарды шилекейи менен суюктукка айлантып, анан азыктанат.

ӨМҮРҮ ЖАНА КӨБӨЙҮҮСҮ
Чымын өтө тез көбөйөт жана өмүрү курчап турган чөйрөсүндөгү температурадан көз каранды. Жашоосу үчүн 23-25 градус жылуулук оптималдуу болуп саналат. Мында алар тез көбөйүп жана узак жашаганга шарт түзүлөт. Ургаачы чымын бир жолкусунда 70-120 даана жумуртка таштаса, жалпы жашоосунда климаттык шартка карап 600-2000ге чейин жумуртка таштайт. Жумуртканын ичинде 8 сааттан 50 саатка чейинки аралыкта жетилип, андан чыгат да, чымын куртуна (личинка) айланат. Алар заңдарда, бактерия көп жарым суюк жерлерде өсүп-жетилет.
Чымын курту 3-25 күндүн ортосунда чоңоюп-жетилет да, кургак жайга же топурактын алдына бекинишип, алардын сыртынан катуу кабыкча (куколка) пайда болот. 3 күнгө чейинки аралыкта ал кабыкчанын ичиндеги чымын курту кадимки канаттуу чымын кейпин кийип жарыкка чыгат.
Жаңы чымындар 36 сааттан кийин жыныстык жактан жетилип, көбөйүүгө жарап калышат. Бир жыл ичинде бөлмө чымынынын 9-20га чейинки мууну жашап өтөт. Кышкысын личинка менен чоңдору жашай беришет. Чоң чымындар климаттык шартка байланыштуу 8 күндөн 2 айга чейин өмүр сүрүшөт.

БАКТЕРИЯЛАРДЫ ТАШЫЙТ
Чымындар таза эмес жайлардан, таштандылардан, өлүп калган малдын этиндеги бактериялар менен азыктанышат. Ал эми андай таза эмес жайларда жугуштуу ооруларды козгоочу бактериялар абдан көп. Чымын ошол бактерияларды бутунун алдындагы түктөр жана шилекейи аркылуу өзү менен кошо ташып жүрөт. Анын денесинде 6 миллионго жакын, ичегисинде 28 миллионго жакын бактерия болот. Бул бактериялардын ичинде сибирь жарасын, холера, дизентерия өңдүү ооруларды козгогучтар бар.
Таштандыдан келген чымын тамакка конору бышык. Тамак аркылуу адам бактерияларды кошо кабыл алып, инфекциялык ооруларды жуктуруп алуусу мүмкүн. Бирок экинчи жагынан караганда бактериялар менен азыктанып, алардын санын азайтышат. Мына ушундан улам чымындар табигаттын санитарлары да болуп эсептелишет.

ЧЫМЫНДЫ ЖОК КЫЛУУ
Учурда үйдөгү чымынды жок кылуу үчүн көптөгөн химиялык уулуу заттардын аралашмасынан турган каражаттар бар. Бирок аларды бөлмөнүн ичинде колдонгондо адамдын дем алуу органдарына зыян келтириши мүмкүн. Айрыкча астмасы жана аллергиясы барларга коркунучтуу. Андыктан төмөндө чымындардан кутулуунун эң жөнөкөй жолдору сунушталат:

  • Биринчиден, үйдүн ичинде тамак-ашты ачык калтырбоо жана анын калдыктарын дайыма сыртка чыгарып туруу керек. Анткени чымындын жыт сезүүсү жакшы өрчүгөндүктөн, жыт аркылуу келет.
    Терезенин форточкасын металл торчо же даки менен тосуу жакшы натыйжа берет.
  • Терезенин четине кагазды ичке кесип, ары-бери дирилдеп тургандай кылып бекитип койсо болот. Бул чымындарды үркүтүп турат.
  • Терезенин тешиктерин уксус аралашкан суу менен сүртүп койсо да жардам берет. Жытынан качат.
  • Нашатырь спиртин кошуп полду жууп, анан эшикти ачып койсоңуз, анын жыты чымындарды кубалайт.
  • Ошондой эле кене күнжүт (клещевина) гүлүн идишке отургузуп, ар бир бөлмөгө койсо, тана (пижма) өсүмдүктөрүн үйдүн тегерегине тигип өстүрсө, булардын жытынан чымын үйгө жакын жолобойт. Себеби бул өсүмдүктөрдөн бөлүнүп чыккан эфир майы чымындын шал болуусуна алып келет. Аталган өсүмдүктөрдүн кургатылган порошогу дарыканаларда сатылат. Кагаздын бетин желимдеп (клейлеп), ага порошокту сээп, эшик-терезенин ыңгайлуу жерине илип койсо болот.
  • Бөлмөдөгү чымындарды сыртка кубалап чыгаруу үчүн алгач терезенин бетин жаап, бөлмөнү 10-15 мүнөткө караңгылатыңыз. Андан соң форточканы гана ачып койсоңуз, чымындар жарык издеп сыртты көздөй учуп кетишет. Бул учурда терезенин калган бөлүгү жабык бойдон турушу керек. Эгер чымын бөлмөдө абдан көп болсо, эшик-терезени ачып бөлмөнү желдетип койсоңуз, көп чымын сыртка качат. Себеби чымын шамалдаганды сүйбөйт.
  • Дагы бир жакшы ыкмалардын бири – чымынды өлтүрүүчү ууга ээ болгон кара мурч. Кара мурчту шекер аралашкан сууга же сүткө аралаштырып идишке куюп, өйдөрөөк коюп коюңуз. Аралашмага 10 грамм кара мурч, шекер жана 50 миллилитр сүт же суу керектелет.

Кызыктар

  • Чымындын өсүп-жетилүүсү толук изилденгендиктен, ал криминалисттерге чоң жардамчы боло алат. Эгер өлгөн адамдын денеси курттап кетсе, ал чымын курттары адамдын өлгөн убактысын аныктаганга жардам берет.
  • Бөлмө чымын саатына 6,4 чакырым ылдамдыкта уча алат.
  • Байыркы Египетте чымын тайманбастыктын символу болгон. Өзгөчө эрдик көрсөткөн аскерлерди чымындын формасында жасалган медаль менен сыйлашкан.

Кубаныч Сыдыков

 Кыстарылган видео 
Чымындан кантип кутулууга болот?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Begim8678
2012-06-29 13:54:27
Бул маалда чымын-чиркей жудотчу эле. Азыр чымын кирбеген жумушта иштеп жыргап эле калбадымбы. Кандай сонун чымыны жок жашоо! Бирок чымында керек экен. Баары жондон жон эле жарала бербейт тура.
0
kushtar.77.77
2012-07-25 17:59:16
Алайда ансыз деле чымын жок
0
karabaev
2012-08-02 22:11:58
Чымындар тажатышты,рахмат кенешинерге.
0
baibolot71
2012-10-27 19:56:09
Чымыны бар экен деп калышат го ээ...
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан