ОРУСТУН КЫРГЫЗ БАЛДАРЫ

Кыргыз туруп кыргыз тилин жарытып билбей, бир сүйлөмдүн жарымын орус тили менен жамап калган заманда кыргызчаны мончоктой тизип сүйлөгөн орус балдары да бар. Алар менен кыпкыргыз тилинде маектешип жаткан маалда макалдаштырып жооп узатып, менин каталарымды оңдоп отурган орус улутунун өкүлдөрүн көрүп ичим жылыды.

Александр Деревянченко (Алекс), ырчы: «ОРУСЧА СҮЙЛӨГӨНДӨ ТАКАЛЫП КАЛАМ»
Алай районунда чоңоюп, кыргызча ыр жазып, сахнада кыргыз баалуулуктарын даңазалап ырдаган Алекс аттуу ырчы жигитти ким тааныбасын?! Өзгөчө «Кыргызстаным» деп обон созгон орус жигитти көргөндө ичиң жылыйт. Алекстин улуту гана орус болбосо, кыргыз кызы менен турмуш курган бул жигит кыргыздын каада-салттарын кээ бир кыргыздан жакшы билет.
– Кичине кезимден кыргыздар менен ойноп чоңоюп, кыргызча сүйлөп калдым. Керек болсо ырдайм, ыр да жазам. «Махабатым», «Кыргызстаным» жана башка чыгармаларымдын сөзү, обону өзүмө таандык. Кээде орусча сүйлөгөндө такалып калам. Кыргызча сүйлөө мага оңоюраак. Киндик каныбыз Кыргызстанда тамгандан кийин кайсы гана улут болбосун кыргыз тилин, жерин сыйлашыбыз керек. Мамлекеттик тилди билсек, өзүбүзгө эле жакшы. Мен Кыргызстанды эч качан эч нерсеге алмаштырбайм. Анан да кыргызча сүйлөй алам деп эле тим болбостон, дагы көп нерсени үйрөнүшүм керек. Адабий тилде жогорку деңгээлде сүйлөөнү үйрөнгүм келет.

Галина Василькова, тилчи: «КЫРГЫЗ ТИЛИ – МЕНИН ТАГДЫРЫМ»
Президенттикке талапкерлерди бирден тизип, кыргыз тили сынагынан өткөргөн Галина Василькова баарыбыздын эсибизде калса керек. Ысык-Көлдүн кызы Галина эже жөн гана кыргыз тилин жакшы сүйлөбөстөн, Кыргыз-Орус Славян университетинде орус тайпаларына кыргыз тилинен сабак берет жана мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү. Ал сүйлөп жатканда бир дагы орусча сөз аралаштырбай, кыргыз тилинде так сүйлөгөнүн көрүп таң каласың. Бийлик төбөлдөрүнүн сөздөрүнөн да ката таап, аларга кыргызча үйрөтүп да келет. Кезинде турмуш жолун кыргыз улутундагы мырза менен баштаган, тилекке каршы, ал адам азыр арабызда жок.
– Кыргыз чөйрөсүндө жашап калгандыктан, кыргызча жакшы сүйлөп калгам. Башында өз билгенимдей эле сүйлөп жүрө берчүмүн. Кийин ЖОЖдо окуп жүргөндө гана кыргыз тилинин грамматикасын окуп үйрөндүм. Мактангандай болбоюн, бирок мени менен окуган башка улуттун өкүлдөрүнүн бирөө да мендей сүйлөй алышпайт. Кыргыз тили – менин тагдырым экен, Кудай өзү акыл-эсиме бул тилди салып коюптур. Өзүңүздөр күбө болгондой, жогорку кызматтагылар да кыргыз тилинен аксап жүрүшөт.

Вячеслав Мантусов, телеалпаруучу: «ТИЛ БИЛГЕНИМ ҮЧҮН СҮЛГҮНҮ АРЗАН АЛГАМ»
«Тамашоудогу» «Оштук коноктор» командасында да көзгө илер Славик аттуу орус жигит бар. Ал да кыргызчаны анча-мынча «киргиздерге» караганда так сүйлөйт. Бала бакчадан баштап кыргыз тили менен тааныш болгон Славик – Жалал-Абад облусунун кулуну. Атасы кыргыз тилин «эзгендиктен», Славик кыргызча ыр жаттаса, аны орусчага которуп турчу экен. Учурда жаштарга арналган телеканалдардын биринде эмгектенген Вячеслав эфирде да керектүү жерден кыргызча сүйлөп коёт.
– Бир жолу маршруткада баратсам, жанымдагы бир бала «орустарды жаман көрөм. Орусиядан биздин жинибизге тийишчү» деп айтып келатат. Башка бир байке болсо, «бул биздин орустар да, кыргыз орустар. Булар жакшы» деп экөө талашып келатышат. Мен бурулуп, «жаман улут болбойт, жаман адамдар болот» деп салсам, мени карап таң калып эле, «балам, кечирип кой, мен Орусиядагы орустар жөнүндө айтып жатам» дейт. Орусияда болгон бир окуяны да эстеп кеттим. Иркутскта жүргөм. Эжем экөөбүз базарга барып, сүлгү алалы дегенбиз. Сатуучу кыргыз жигит экен. Ал бизге «полотенце 600 рублей» деди. Мен «нет, 600 дорого» десем, сатуучу жини келип кетип, «ээ, анда барчы, башты оорутпай, кетип калчы» деп мени кыргызча уруша баштады, мен «башты ооруткан жокмун. Тандап жатам да» десем, тиги бала таң кала карап, кыргызча билгениме сүйүнүп кетип, сүлгүнү бизге 250 рублга берген. Ошондо кыргызча билгениме сүйүндүм. Бул жактан деле МАИ кызматкерлери токтотот да, кыргызча сүйлөп койсоң, жакын көрүшөт. Азыр кыргыз тилин унутуп баратам, жалаң орусча сүйлөй берип.

Михаил Юдин, телеалпаруучу:«КЫРГЫЗ КЫЗГА ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕН ОЮМ БАР»
Кыргызча түш жоруган орус улутундагы алпаруучуларга да бай экенбиз, көрсө. Өз атын кыргызчалап Мыктыбек Сагынбек уулу деп атап алган Михаил жадакалса макалдарды бизден жакшы билет. Төрөлгөн жери Орусия болсо да, 2 жашынан баштап кыргыздын суусун ичип, нанын жеп, Чүйдүн балдары менен көчө чаңытып калган. Азыр 5-каналдын экранында кыргыз тилинде алпаруучулук менен алек. Кыргыз тилин экинчи эне тили деп эсептеп, бул тилде китептерди көп окуйт.
«Аракет кылсак, берекет болот» дейт го. Кошуна балага эрегишип аракет кылып жатып кыргыз тилин үйрөнүп алгам. Аракет кылсак тилди гана эмес, каада-салт, үрп-адаттарын да билип алсак болот. Досторум жалаң кыргыздар. Табакташ орус досторум да бар. Бирок алар менен отуруштарга деле көп барбайм. Негизи, кыргыз тилин билгендигим көп эле жерден жардам берет. Бир жолу жайлоого съёмкага барып калдык. Бир маалда баарыбыздын курсагыбыз ачты. Чөнтөктө коко тыйын жок. Ал жерден фантазиям иштеп кетип, сатуучу эжелерге тийиштим. «Кыргыз эли байыркы эл болгондуктан, каада-салт, үрп-адаттарга бай. Алардын бирөөсү «кел, ооз тийгиле» деген нерсе» десем, бир сатуучу эже «туура, туура! Киргиле, чай ичкиле» деп калды. Ошентип, кыргыз тилин билгендигим курсагыбызды тойгузганга жардам берген. «Эне тилин билбеген инсан – улуту жок инсан» дейт. Намысы бар, өзүн кыргызмын деп эсептегендер кыргыз тилин билиши керек. Анан да мага кыргыз кыздары аябай жагат. Ошондуктан кыргыз кызына үйлөнөйүн деген оюм да бар.

СОҢКУ СӨЗ...
Мына, замандаш, сиз экөөбүздүн заманды, бийликти күнөөлөгөнүбүз жөн гана катардагы шылтоо экендигине далил. “Орус мектепте окуп калдым эле, орустар менен чоңоюп калдым эле” дегенибиз да жарабас. Анткени жогорудагы каармандарыбыз да орус бала бакчага барып, орус мектептин бүтүрүүчүлөрү. Бирок алар орустун канынан жаралса да, кыргыз дилдүү балдар болуп жатпайбы. Ушинтип башка улуттун балдары уялбай эле кыргызчаны барктап, жадакалса биздин тилде түш жоруп жатса, кээ бир кыргыз кулундары өз тилибизди жерип, орусча сүйлөгөндө өзүбүздү кыйын сезип, "кыргызча түшүнөм, бирок сүйлөй албайм" деп мактанабыз. Орустун балдары келип, “кыргыз болгондон кийин кыргызча билишиң керек да” дегенде намысыңыз өрттөнбөйбү, туугандар?

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Орустун кыргыз балдары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
AshatMJ89
2012-06-26 14:49:33
Кыргыз тилин билбегендерди кыргызчалап согуш керек
0
AshatMJ89
2012-06-26 14:51:10
Мейли "киргиз" орусчалап суйлогун,
Мага десен уйду туурап моорогун!
Бирок досум бир нерсени эске туй,
Кыргыз тили, кыргыз барда олбоорун! А.С.
0
AshatMJ89
2012-06-26 14:53:38
Силерге караганда ушул азаматтар кыргыз тилине чон салымын кошуп, чыныгы патриот экенин даназап жатышат "Киргиздер" ойгонгула! Орус тили "мода" эмес азыр.
0
alooke
2012-06-26 15:11:53
Ушул макаланы Атамбаев, Бабабнов баш болгон чоңдор, Айнуру Алтыбаева, Ширин Айтматова, Асия Сасыкбаевага окшошгон депутаттар окуса болор эле. Качан ойлонобуз? "Курсак тойсо болду, тилди урганым жок" деген маңкурт жаштар көбөйгондөн-көбөйүп жатканы, жаран катары катуу ойго салат.
0
Strateg
2012-06-26 15:52:32
Башка улуттагы мекендештерибиз кыргызча сүйлөшсө төбөбүз көккө жетет. Бул кадимки көрүнүш болуш керек да, кайсы мамлекетте жашасаң, ошол өлкөнүн мамлекеттик тилин билишиң керек. Кыргыз эли өтө кең пейил болгондуктан, өзүбүздүн "киргиздерибиз" кыргыз тилин чанып журүшөт да, башкаларды айтпай эле коелу.
0
Heavy
2012-06-26 16:46:31
Кыргыз тилин билбейт деп эле бөлүп салуу, басмырлоо туура эмес. Алардын жашоо-шарты, тарбиясы, айланасындагылар да көп таасир берерин унутпасак. Менин кыргыз эли, кыргыз жери үчүн жанын бергенге даяр, бирок кыргыз тилин жакшы билбеген жакшы тааныштарым, тили кыргыз болбосо да, дили кыргыз адамдарым бар.
0
alga07
2012-06-26 21:22:06
аиииии Галина эжеке, баракелде, акцентда жок экен
0
AshatMJ89
2012-06-27 16:59:23
Heavy Казакстан менен Озбекстанда казак, озбек тилдерин билбеген адамдарды дуконго сатуучу кылып да иштетпейт. А бизде жалан орусча суйлоп, кыргызча билбеген адамдар чон кызматтарда, анын ичинен 101, 102, 109, банк, такси, ЖК, Окмот уйундо иштешет. Оз тилин онуктуро албаган эл олкосун кантип онуктурмок эле?
0
zamir_kgz
2012-06-27 23:07:30
AshatMJ89, Оюнузга 100% кошулам, мен башка тил билсем да бетине тиктеп КЫРГЫЗча суйлоп тура берем.
0
sgorodaenergetikov
2012-06-27 20:56:13
Славик менин шаарыман болот . Менин кошунам болот, Мен абдан кубанычтамын мындай кошунам барына. Атасы шатыратат кыргызчаны.
0
Asul
2012-06-28 15:10:30
Жүрөгүм жылып жыргап калдым. Сен сүйлөгөн тилде башка элдин өкүлү сүйлөп жатса, өзүнчө эле рахат экен!
0
gulzarali
2012-06-29 00:47:35
Алекс азаматсын! сага ийгилик каалайм.
0
nurlanrabaev
2012-06-29 23:57:19
Баарыныр тен азаматсынар.
0
barsbeek
2012-06-30 11:54:13
асалоом алейкум кыргыз элим чындыгында кыргыз тилине болгон маселе учурда ото курч.Ошондуктан оз эне тилибидин онугушно салым кошолу жана жэок болуп кетууснон сактаналы.
0
ulutbek
2012-07-01 14:34:39
ОШ,Жалабатда жашаган орустар кыргызчаны жакшы билишет озу.Мен жашаган ооданда(райондо) да баардык орустар кыргыздар м-н кыргызча суйлошот.Кээ бирлери мусулман.
0
Zein
2012-07-02 08:52:05
менин курсташ балам Манас айтып 1место алып ректордун суймончулугу болчу. Мен мындай балдарды сыйлайм
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан