Өткөн аптада ырчы Ёлканын атасы Вальдемар Иванцив 55 жаш курагында каза тапты. Ал өзү машыктыруучу болуп иштеген спорт клубунда эсин жоготкон. “Тез жардам” келгиче Ёлканын атасынын жүрөгү токтоп калган. “Вальдемар Иванцив кызын абдан жакшы көрчү. Анын ырларын сүйүп укчу” дешет жакындары. Ал эми Ёлка аза кайгысын тартып жаткан учуру.