Орусия сахнасынын падышасы атыккан Филипп Киркоров жакынкы 6 ай ичинде бир дагы фестивалга, концертке катышпай тургандыгын жарыялады. Ошондой эле белгилүү рэпер Тимати да 3 ай чыгармачылык тыныгуу аларын билдирип өттү. Бул эки ырчынын мындай кадамына интернет аркылуу урушканы себеп.
АНДАЙ ЭМЕС, МЫНДАЙ
Жыл сайын өтүп туруучу “МузТВнын” сыйлык берүү аземинде жеңиштер туура эмес ыйгарылгандыгына нааразы болгон Тимати интернет баракчаларынын бирине ой-пикирин калтырган. Аталган сыйлыктын “Эң мыкты видеоклип”, “Эң мыкты концерттик шоу” наамына ээ болгон Филипп Киркоров рэперге жооп кайтаруу иретиндеби же актануу катарындабы, айтор, ага каршы пикирин айткан. Эмесе, экөөнүн урушунан мисал келтирели.
Тимати: – Мени ар дайым колдогондугу жана иш-чаранын масштабдуулугу, кооздугу үчүн “МузТВга” болгон урматым менен быйылкы жеңүүчүлөрдүн тизмесине нааразы экенимди билдирем.
Филипп Киркоров: – Сенде суроолор жаралып жатабы? Эң чынчылсыңбы? Мен былтыр суроо берген эмесмин. Кесиптик этика деген бар! Ок?! Эстеп кал!
Тимати: – Кайсы кесиптик этика? Сенин журналист кыздарды ашатканың жана тепкилегениң, анан меникилерге телефон чалып жардам сураганың, Малаховдун эфиринде Израилдеги бейтапкананын полуна көз жашыңды төккөнүң кесиптик этикабы?! Дагы кимди бул жерде акыл-эстүүлүккө үйрөтүп жатасың, каракчы? Жээктерди алмаштырба, мен сенин короздор жыйыныңдан эмесмин!
“МЕЙЛИ, КӨРҮШКӨНЧӨ!”
Мырзалардын бул окуясынан көп өтпөй интернетке Тимати тарабынан орус шоу-бизнесинин былыгын ачып, боктогон клип жүктөлөрү менен болуп көрбөгөндөй рейтинг жарата алды. Артист интернеттеги мегапопулярдуу “Мейли, көрүшкөнчө!” (“Давай, до свидания!”) ролигине ыр жазат. Ырда Тимати жана анын рэпер достору шоу-бизнестин көкөйгө тийген маселелерин ачык айтып, “азыркы кээ бир ырчылар “Бурановолук чоң апалардын” чаңына да жетпейт. Силердин шоу-бизнес – ыплас, саткын чөйрө, менин бул чөйрөгө эч тиешем жок. Силердин ала-була дүкөнүңөрдү жабуу керек” дейт.
Тимати өзүнүн мындай жоругун төмөндөгүчө түшүндүрөт: “Орусия шоу-бизнесинин системи эскирди. Ал систем чындыкты чагылдыра албайт. Биз тоскоолдуктарды аркалоо үчүн бет кап кийүүгө тийишпиз. Бирок биз чарчадык! Биз сапаттуу натыйжа жана жаңы ысымдардын тоскоолсуз кирүүсүн колдойбуз”.
“ТИМАТИНИ ДАРЫЛАШ КЕРЕК!”
“Мен бир адамга көпкө чейин ишеним артам, бирок көңүлүм калганга чейин гана. Бактыма жараша, андай адамдар менин жашоомдо аз кездешет. Бирок алар бар. Эми алардын катарына Тимати да кирди”,- деп билдирет Филипп Киркоров өз кезегинде. "Киркоров татуировкалуу сахналашынан кагуу уккандан кийин Тимати менен сот аркылуу чечишмек болуптур” деген маалымат тараган. Ал гана эмес, Киркоровдун адвокаты Александр Добровинский “козголоң салган жигитти психиатрларга жиберүү керек. Эгер жинди ээ-жаа бербей турган болсо, анда аны коомдон тышкары кармаш керек. Түрмөгө отургузмак беле, дарылаш керек аны!” деп катуу кеткен.
Бул чырдан соң шоу-бизнестин айрым өкүлдөрүнүн эки жаатка бөлүнгөндүгү айтылууда. Олег Газманов, Иосиф Пригожин, Наташа Королёва, “МузТВ” боюнча Тиматиге кошуларын билдирген Настя Задорожная Тимати тарапта болушса, Юлия Волкова, Яна Рудковская, Дима Билан жана Николай Басков Киркоров тарапты жактап алышкан. Кызыктын баары эми башталарда сахнанын падышасы менен атактуу рэпер экөө тең “тайм-аут” алгандарын билдиришти. Филипп Киркоров 6 ай аралыгында эч кандай сынак, концерттерге катышпастыгын жана бул кадамын жөн гана эс алгысы келгени менен түшүндүрсө, Тиматинин 3 айга тыныгуу алганы маалым болду. “Жакынкы 3 ай аралыгында эч кимге интервью бербейбиз. Болуп өткөн окуя тууралуу эч кандай комментарий айтпайбыз, эч качан! Биз баарын айттык”,- деди Тиматинин жактоочусу анын ордуна.