“Кызыл көйнөкчөн”, “Сүйө бил”, “Гаишниктер” аттуу тасмаларда ролдорду жараткан актриса Алиман Дүйшеналиеваны тамашага салдык.
АКТРИСА ҮЧҮН "КЫЛТАК"
“Ак куу” аттуу ойдон чыгарылган фирмадан чалымыш болуп, көл жээгине салынып жаткан элиталык пансионаттарга сулуу кыздарды жумушка алуу үчүн кастинг жарыялап, ага калыстык кылууга Алиманды чакырдык. Ал эми калыстар тобунда актёрлорго айланган стилист Бакыт Бешбаев жана биздин актёр жарнама боюнча менеджердин ролунда болду. Кастингге ондон ашык бийкеч чакырылды. Ар бирине роль бөлүп бердик. Кыздардын баары Алимандын жинине тийчү кылык-жоруктарды жасашмакчы. Башкы ролдогу Жийде таптакыр эле чектен чыгып, ызы-чуу салат. Алимандын сумкасына байкатпастан салынган
2000 сом жана Жийденин сүрөтү тамашанын кульминациясы болмокчу.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg