ОПЕРАТОР БОЛУУ ҮЧҮН 1 МҮНӨТ ЖЕТИШТҮҮ...

Телеоператордук кесип – телекөрсөтүүдөгү кызыктуу жана башкы кесиптердин бири. Бул кесип өзүнө чыгармачыл жана техникалык адамды бириктирип турат. Өлкө башчысын да, кандайдыр бир сынакты же спорттун бир түрү боюнча чемпиондукту да көрүүчү анын көзү менен көрөт. Телеоператор ар кандай жаңылыктарды, жеңүүчүнүн эмоциясын жана кырсыктан кан жутуп тургандардын абалын биринчи көрүп, көрүүчүгө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок ошол оператордун эмгеги ар качан кадрдын артында кала берет.

МОНТАЖЧЫДАН ОПЕРАТОРЛУККА
“Тартып жатканда каарманга “бул жакты карап, минтип сүйлөсөң” деп акыл үйрөткөнүбүз менен, негизи, операторлор көп сүйлөй албайбыз” дейт бүгүнкү каармандарыбыздын бири, “Азаттыктын” мурунку оператору Алмаз Алимбаев.
– Кичинемде “телекөрсөтүүлөрдү кантип даярдайт болду экен?” деген ойлор болгон, бирок өзүмдү телеканалда иштеп калам деп элестеткен эмесмин. Студент убакта ОшМИде стажировкада болдум, окууну бүткөндөн кийин КТРде монтажчы болуп иштегем. Анан оператордун жана оператор-монтажчынын ишине талап болгондуктан, бул кесипти да алып кетүүгө туура келди. Себеби өзүң тартып келип, өзүң монтаждап, анан эфирге берген жеңил. Оператордун көзү менен эл окуяны көрөт. Эми аны кантип тартуулайсың, мүмкүн, жаман жагынан же жакшы жагынан алып көрсөтөсүң, бул сага байланыштуу болот. Өзүң көргөн кооздукту элге да жеткирип берүүнү ойлойсуң.
Ар бир журналисттин өзүнүн стили бар да, көптөгөн операторлор ошого көнүп калышып, иштөө оңой болот. Бирок кээде экөөнүн көз карашы тетири чыгып, иштөөгө кыйынчылыкты жаратат. Дубль 1, дубль 2, дубль 3 деп отуруп, акыры жадаганда уруша кетесиң. Кээде өзүңө жакпаган нерсени тартууга да туура келет. Бир жолу белгилүү эле адамдан интервью алганы барып калдык. Ооруп жаткандыгымдан кабинетине кийип жүргөн пальтом менен кирейин дегем. Ал киши “пальтоңду чеч” деп туруп алды, айла жок чечтим. Эми гана камерамды жайгаштырып жатсам, “сен эмне үчүн мени укпайсың?” деп сүйлөнүп кирди. Мен камерамды жыйыштырып алып чыгып кеттим. Көңүлүңө жакпай калгандан кийин тарткың келбей калат. Мүмкүн, ал киши президент болсо, айла жок тартмакпыз, себеби президент Кыргызстанда жалгыз, ал эми ага окшогон кишилер көп да. Кийин мунум үчүн жетекчиликтен уруш укканмын.

“АКАЕВ СҮЙЛӨП БҮТКӨНДӨН КИЙИН ТИЛИН ЧЫГАРЫП КОЁТ”
– Кадр тартуу үчүн кээде жата каласың, чуркайсың. Анча-мынча редактордун да жумушун кылып коёсуң. Мисалга, кабарчы сүйлөп жатканда наушниктен угуп турасың да, ал бир жерден адашып сүйлөп алганын байкап каласың. Катасын айтып, кайрадан башка дубль тартууга туура келет.
Жанар Акаев менен көп иштешкендиктен, анын сырын жакшы эле билип калдым. Анын сүйлөп бүткөндөн кийин тилин чыгарып койгон адаты бар. Мен ага “жок дегенде сүйлөп бүтүп, анан 3 секунддан кийин тилиңди чыгарчы” дейм. Анан кайра тартабыз, кайра тилин чыгарып коёт. 3 секунддан кийин чыгарса да жакшы го, кадрды кыркып жасап койсоң болот. Ал эми сүйлөп бүтөрү менен тилин чыгарса, эч нерсе кыла албай каласың да.
Ош окуясынын алдында Баткенге барганбыз, бир күндөн кийин коогалаң чыгып кетти. Эл чогулуп, “Ошко барабыз” деп жүрүшкөн. Инстинкт ойгонуп кеттиби, айтор, уюлдук телефонумду алып чыгып топтолгон элди тартып жатсам, мас абалдагы төрт-беш бала келип сабап кетишкен. Ал жактан Ошко, Оштон Бишкекке келе жатып Санпага жеткенибизде өзбектер курчап алышты. Колдорунда мылтык, ар бир машинаны текшерип өткөрүп жатышты. Курал издешти окшойт. Камераларыбызды көрүшсө, алып коюшат беле билбейм, бирок милиция кызматкерлери келип калышып, аман-эсен өтүп кеттик. Ошондо саат 11:30, 12лер эле, кийин уктум, андан эки саат өткөндөн кийин жолго май төгүп, тайгаланган машиналардагы элди кырышыптыр.
Ишин сүйгөн адам чыгармачылыктан кете албай калат экен. КТРде иштеп жүргөндө айлыгыбыз аябай аз болчу. Анан операторлордун көбү эле “кетем” дешет, бир айдан кийин карасаң, ал оператор дале жүрөт. “Эмне болду, кетем деп жүрбөдүң беле?” десең, “кете албай жатам” дейт. Жакшы көрсөтүү даярдап мактоо угуп калсаң, бир айга жашаргансып жүрө бересиң, кете албай.

Премьер-министрдин жеке оператору Алтынбек Деркембаев: “ОПЕРАТОР БОЛУП ИШТЕП ЖҮРҮП КЕЛИНЧЕГИМДИ ТАПТЫМ”
– Мектепти аяктагандан кийин бир жолу сыналгыдан “операторлук курска кабыл алабыз” деген жарнаманы окуп калып, ошол курска жазылып алдым. Аны эки ай окуп, аяктаганда мага “КТРде иштесең болот” деп сунушташты эле, иштеп калдым. Ошондон бери операторлук кесипти аркалап келем. Кичинемде учкуч болгум келчү, мага алардын кулагына наушник кадап алганы кызык көрүнчү. 1-класста окуп жүргөндө телекөрсөтүүдөн биздин мектепти тартканы келишкен. Карасам, операторлору кулагына наушник салып алышыптыр. Ошондо ойлоп койгом, “аа, операторлор деле наушник тагынышат турбайбы, оператор болсо деле болот экен да” деп. Кийин телекөрсөтүүдө иштеп калганда ошол бала кездеги кыялымды эстегем.
Москвада ВГИКте операторлукка окуп жүргөндө оператордук чеберчилик кафедрасынын Медынский деген профессору бар эле. Ошол адам бизге “оператор болуш үчүн 1 мүнөт да жетиштүү, же болбосо өмүр бою окуп үйрөнө берсе да болот” деп айткан. Аябай туура айтыптыр, себеби өмүрү колуна камера кармап көрбөгөн адамга камера карматып, “муну бассаң тартып баштайт” деп үйрөтсөң, тарта берет. Же өмүр бою үйрөнө берсең да болот.
Сырттан караган адамга билинбеши мүмкүн, бирок керектүү убакта кассета түгөнүп же батарейканын отуруп калганы – операторлор үчүн экстремалдуу учур. Менин ишимде дубль 1, дубль 2 деген нерселер жок. Кайталангыс көз ирмемдерди тартам да. Кокусунан бир нерсе болсо, тартып жаткан адамдарыңа “кечирип коюңуз, менин кассетам түгөнүп калды, кайра бир жолу кайталап сүйлөп коюңуз” деп айтуу ыңгайсыз. Ошондуктан дайыма даяр жүрүш керек, камера бузулбашы керек, кошумча кассета же батарейка ала жүрүү зарыл. Биз тарткан кадрлар качандыр бир кездерде баа жеткис кадрлар болуп калышы мүмкүн. Кээде “эмне үчүн телеканалдан кабарчы көрүнөт да, ошондой эле эмгек кылган оператор көрүнбөй калат?” деген ойлор келет. Кесибибиз ушундай болгондуктан, таарыныч деле жок.
Бир ирет Ысык-Көлгө президент менен барып калдым. Учактан түшкөн президентке гүл берип жаткан сулуу кызга көңүлүм түшүп калды. Менде 20-30 секунддай эле убакыт бар эле, ошол убакыт ичинде ал кыз менен таанышып, телефон номерин алганга үлгүргөм. Кийин ал кыз менин жубайым болуп калды. Бул кесипте иштеп жүрүп өмүрлүк жарымды таптым. Мындан сырткары кесибимдин аркасы менен мурун картадан гана көрүп жүргөн көптөгөн мамлекеттерди көрдүм.

“ӨЛКӨ БАШЧЫЛАРЫ ДА КЕЗЕКТЕ ТУРУШАТ”
– Япониянын императорун эки жолу тарттым. Япондордун эрежеси боюнча, императорго киргенде жүгүнүп, анан ишти баштайт экенсиң. Костюмуң, галстугуң кара болбосо, киргизбей коёт экен. Бизге “тартып бүткөндөн кийин да башыңды ийип, императорго артыңды салбай, артың менен басып чыгып кетишиң керек” деп үйрөтүштү. Бирок киргенде жүгүнгөнүбүз менен, тартып бүткөндөн кийин үйрөнгөн адат боюнча эле артыбызды салып чыгып кетиптирбиз, мунубуз үчүн эч ким бизди күнөөлөгөн эмес.
2008-жылы август айында Пекинде Олимпиада болуп, 200дөн ашуун мамлекет катышкан. Алардын көпчүлүгүнүн президенттери, премьер-министрлери, шейх, падыша дегендери спорт оюндарын көргөнү барышкан. Салт боюнча, алар Кытай мамлекетинин башчысы Ху Цзиньтао жана анын жубайы менен жолугушу керек экен. Ага жолугуп, протокол үчүн бирге сүрөткө түшүүгө ошончо өлкөнүн жетекчилери мамлекетинин чоң-кичинелигине карабастан, кезекте турушкан. Мисалы, Жорж Буш, анан дагы бир президент, дагы бир шейх сыяктуу. Ошондо мага бүт дүйнөнү башкарган адамдар, президенттер кезекте турушканы күлкүлүү көрүнгөн.

ЖЫЛМАЙЫП КОЮҢУЗ!

Эки телеоператор сүйлөшүп жатышат:
– Бул ишке аябай тойдум! Күч калбай калды. Бул жерди тарт, тиги жерди тарт... Жадатышты!
– Мен да аябай жададым. Кел, андан көрө барып спектакль көрөбүз.
– Сен жинди болдуңбу? Эмне, 3 саат бою жалпы планды караппы?

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Оператор болуу үчүн 1 мүнөт жетиштүү...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ruskg-ruskg
2012-06-26 14:17:42
Super.kg, jakshy temany kotorgon eknsiner. Negizi Operator-montajerdu ech kim baalabait.
0
ruskg-ruskg
2012-06-26 14:19:42
Bul tema boiuncha temany keneitish kerek eken. kaisy jerge jurnalister menen babrbagyn, jurnalisterdi baalap turup, oper-montajerlor arta kala beret.
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан