Элибиздин сыймыгына жаралган азаматтарыбыздын бири, бильярд сүйүүчү балбан Канатбек Бегалиев кыргыз спорттук турмушунда дагы бир жаңылык жаратты. Даңазалуу балбан 16-июнда Бишкекте “Фаворит” деп аталган жеке бильярддык клубунун бет ачарын өткөрдү. Бейформал шартта өткөн салтанатта Канаттын жакындары, машыктыруучулары, достору жана анын “чыгармачылыгын” сыйлаган мекендештерибиз болушту. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” дегендей, жаан жаап өткөн соң спорттук клуб ак жолтой болсун деп бата тиленди. Лента кесилип, алгачкы жумалак ташты бильярд боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагындыков атып берди. Чакан концерттик программа орун алып, эт тартылды.
Маалым болгондой, аталган клубду Канат мырза бир тууган агалары менен биргеликте ачыптыр. Клуб кожоюндарга каражат булагы гана болбостон, өлкөгө да пайдасын тийгизмекчи. Канат мырза айткандай, бильярдчылардын машыгуусу үчүн шарт түзүлүп берилет. Анан да: “Буга чейин бильярд спортунда Каныбек Сагындыков, Каныбек Сагынбаевдерди угуп жүрсөңөр, эми Канатбек Бегалиев деген жаңы ысымды да угуп баштайсыңар”,- деп кошумчалады ал.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg