Оюн стили, чач жасалгасы жана бою аргентиналык Лионель Мессиге окшош болгондуктан, “Кыргыз Месси” аталган 11 жашар талант Эрбол Атабаев каталондук “Барселонанын” кароосунан ийгиликтүү өттү. Эми ал аталган клубдун футболдук мектебинде 2 жыл тарбияланат.
Негизи, “Барсанын” мектеби 300 жаш таланттын 10-15ин гана кабыл алат. Мындай күчтүү атаандаштыкта клубдун мурунку президенти Жоан Лапортанын 2 уулу өтпөй калганы маалым болду. Эске салсак, Эрбол 2 жыл мурун мадриддик “Реалга” кабыл алынбай калып, 2 жыл орусиялык “Рубинде” окуган. Учурдун мыкты футболчусу Мессини тарбиялаган “Барса” Эрболду андан кем эмес футболчу кыларынан үмүт чоң. Мессидей чыгып, “Реалдын” чекесине чыккан чыйкан болот деген ишеничтебиз.