ЖУРНАЛИСТТЕР МИНИСТРЛЕРДИ АЛЫП ТҮШҮШТҮ

Футбол

Басма сөз кеңселеринде же маалымат жыйындарында жолуккан журналисттер менен өкмөт мүчөлөрүн футболдук майдан кездештирди. 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо КРнын Өкмөтүнүн курама командасы менен журналисттердин курама командасы футбол боюнча жолдоштук оюн өткөрдү. Беттештер 30 мүнөттөн 2 тайм болду. Журналисттерге каршы майданда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев, Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов, УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов жана башка аткаминерлер болушту.
Оюн баштан аяк тең ата күчтө жүрүп, 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Сүйлөшүүлөр менен уюшулган оюндардан кийинки пенальтилер сериясында журналисттер 6:4 эсебинде утуп алышты. Беттештен кийин демөөрчүлөр: “Билайн”, “Кока-Кола” жана “Демир Интернэшнл Банк” оюнчуларга өз сыйлыктарын тапшырышса, “жеңүүчүлөрдүн” урматына атайын ыр-бий менен коштолгон салтанат болду. “Элди сергек жашоого жана спорт менен достошууга чакыруу аракетин көрүүдөбүз. Мындай жолдоштук оюндар салтка айланса”,- деген тилегин билдирди өкмөтчүлөрдүн чабуулчусу, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов. Ооба, элди пикет үчүн эмес, футбол көрүү үчүн да чогултса болот экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
elvira.n.89
2012-06-25 23:01:03
Азаматсыңар! "Оңолот" деген ушул болсо керек!
+1
sambo
2012-06-26 11:51:13
Бабанов гол киргизиптирби?
0
Francesko_91
2012-06-26 17:25:29
аткаминерлердин дарбазачысы тешик окшойт пеналтиден журналисттерге уткузушса
_
0
antivir
2012-06-27 09:15:05
во!
+1
Asul
2012-06-28 14:27:06
Журналисттер маалымат чогултуп жугуруп журуп тренировкадан отуп калышкан да, ал эми саясатчыларыбыздын жегени май-куйрук, казы-карта болсо, майларын которо албай жугуро албай калышкан да.
0
roy
2012-06-29 13:50:33
Ойноп жыргагыла эртен качып кетсенер калат бунун баары
-1
Zverchik
2012-06-30 11:04:06
Ойногула атка минерлер! А элдер кыйналып жашай берсин!
-1
RossiKG
2012-07-01 20:46:05
Бабанов и Умный и Красивый.... Супперский Муж наверное ))
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан