“ЕВРО-2012нин” башталганына 14 күн болду, 26 оюн ойнолду, чейрек финалчылар аныкталды (гезитибиз басууга кетип жатканда ойнолгон чейрек финалдык оюндардын жыйынтыктарын кийинки санда беребиз). Чемпиондукка талапкерлер суюлуп, 8и гана калды. Европанын учурдагы чемпиону Испания баш болуп, буга чейин чемпион болуп көргөн 5 команда: Италия, Германия, Чехия, Франция, Греция жана чемпион аталып көрбөгөн Англия менен Португалия чейрек финалга чыгышты. Башты шылкыйтып үйгө кеткен 8 команданын ичине Орусия, Голландия жана үй ээлери Украина менен Польша да кирди.
Чейрек финалда кимдер беттешет?
21-июнь, бейшемби, 00:45 – А1: Чехия – В2: Португалия
22-июнь, жума, 00:45 – В1: Германия – А2: Греция
23-июнь, ишемби, 00:45 – С1: Испания – D2: Франция
24-июнь, жекшемби, 00:45 – D1: Англия – С2: Италия
ТАЙПАЛЫК БАСКЫЧТЫН...
...цитатасы
“Тайпадан чыкпай, үмүтүңөрдү актаган жокпузбу? Бул биздин маселе эмес, бул күйөрмандардын маселеси”.
Андрей Аршавин
...уяты
Голландия Европа жана Дүйнө чемпиондуктарында бир да жолу тайпалык баскычта 3 оюнда тең утулуп көргөн эмес.
...коштошуусу
Украинанын капитны Андрей Шевченко, Андрей Воронин жана Швециянын коргоочусу Олоф Мельберг улуттук курама командадан расмий түрдө кетишти. Ал эми Польшанын башкы машыктыруучусу Франтишек Смуда да, келишимге ылайык, ордун бошотту.
...жарнамасы
Даниянын чабуулчусу Никлас Бендтнер Португалияга экинчи голун киргизгенде майкасын көтөрүп, ич кийими аркылуу ирландиялык букмекердик кеңсени жарнамалаган. УЕФА Бентднердин жоругу үчүн 100 миң еврого айыпка жыкты. Кызыгы, аны дал ошол ирландиялык букмекердик кеңсе төлөйт.
...жазасы
Орусиялык күйөрмандардын чыр-чатактуу жүрүм-турумунан улам УЕФА Орусияны 100 миң евро айыпка жыгып, "ЕВРО-2016нын" тандап алуу турунда 6 упай артта баштайт" деген чечим чыгарды.