ПОГОНЧОН ДЕПУТАТ
Туулган жылы – 1954-жыл, 4-ноябрь.
Жердиги – Чүй облусу, Жайыл району, Кызыл-Дыйкан айылы.
Үйдө – 3 уулдун атасы, 4 неберенин чоң атасы.
Кесиби – Филолог, юрист.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты. Грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберлигине талапкер. Милициянын полковниги.
“ЖЕКЕ УНААМ ЖОК”
Депутат мырза унааны мыкты айдай турганын айтканы менен, учурда руль кармоого зарылчылык жок экенин белгилейт. Анткени Жогорку Кеңеш менен үйүнүн аралыгы чай кайнам эле убакыттык жол. Анын үстүнө кызматтык унаа деле турбайбы. Бирок...
– Турмушта ар кандай да. Кээде айдоочумдун үй-бүлөлүк жумуштары чыгып калат, кырсык болуп же ата-энеси сыркоолоп калышы мүмкүн дегендей. Мындайда ага уруксат берем. Жөө, кээде коомдук унаалар менен деле келе берем. Маршруткага чыгып калганда жүргүнчүлөр “баланча депутат го?..” деп шыбырашып калышат. Бир чети ыңгайсыз, бирок көңүл бурбайм. Көптүн бири катары эле аялдамадан түшүп калам. Ал эми шашылыш болуп калганда келинчегиме же балама кайрылам, жеткирип коюшат. Өзүмдүн жеке унаам жок, келинчегимде бар.
“ЭҢ ЖАМАН КӨРГӨНҮМ – ИНТРИГА”
Туратбек мырза аскердик тармакта көп жыл иштегендиктен, тактыкка өтө маани берерин айтат. “Айтылган сөз – атылган ок” деген принципти карманып жашаган депутат кээде бир командадагы адамдары ката кетирип коюшса, ачуусу дүрт дей түшөрүн жашырбайт.
– Ачуум чукул экени өзүмө көп деле байкалбайт. Жумушта ар кандай учур болот. Кол алдымда иштегендер, жардамчы-кеңешчилерим бар. Эгер жумушка байланыштуу ката кетиришсе, ачуум келет. Үнүмдү бийик чыгарып, катуу сүйлөп коюшум ыктымал. “Мага таарынба, бул катаны экинчи кайталабаганга аракет кылышың керек” дейм андайда. Эң жаман көргөнүм – интрига. Жумушта бирөөлөр атайын интрига чыгарышат, а мен аларды бат эле таап алам да, чакырып алып айтам, “болду, токтот” деп. Эгерде бир жамааттын ичинде интриган болсо, ал адамды иштен айдап жибергенден өтөрү жок.
“30 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛАМ”
Билбеген ишке башты сала берүү туура эместигин эл өкүлү туура деп эсептейт. Ар бир адам колунан келген ишти берилүү менен жасаганда гана жыйынтык чыга турганын айтат. Айрым эл өкүлдөрү сыяктуу бизнес жасоо Туратбек мырзага туура келбеген иш экен.
– Келинчегим 1992-жылдан бери бизнес менен алектенет. Инилерим да Чүй облусундагы эң чоң бизнесмендер десем болот. Ишкердикке жокмун, бирок акыл-насаат, кеп-кеңештеримди айтып турам. Кээ бир депутаттар азыр чоң сүйлөп жатышпайбы, “силер бизге караганда көп айлык алат экенсиңер” деп. Алар өмүр бою бизнес менен шугулданып, өз чөнтөгүн толтуруп келгендер. А мен бүт өмүрүмдү мамлекеттик кызматтарга арнадым. Ушунча жылдык эмгек кылганымды мамлекет эске алышы керек да. Айлыгым – 20 миң сом. Анан жанагыдай иш тажрыйбам эске алынып, комитеттин төрагасы катары, ар жак-бер жагы кошулуп 30 миң сомдун тегерегинде айлык алам.
“КИЧҮҮ УУЛУМДУН ҮЙЛӨНЧҮ КЕЗИ КЕЛДИ”
Төрт неберени эркелеткен бактылуу чоң ата. Балдарын жогорку билимдүү кылып, учурда өз кесиптери боюнча иштеп жатышат. Алдыда дагы бир милдети калыптыр.
– Келинчегим Гүлмира Исманкулова айтылуу көз дарыгери Алмазбек Исманкуловдун бир тууган эжеси болот. Төрт балалуу болдук эле, тагдыр экен, бир балабыз кичинесинде чарчап калган. Азыр үч уулум бар. Экөө үйлөнгөн, буюрса, кичүүбүздүн да үйлөнчү күнү жакындап калды. Мен айтып жатам ага, “сен адегенде “мен үй-бүлөнү бага аламбы?” деп ойлон, биздин моюнга отуруп албагандай бол” деп. Үйлөндүрүп койсок, мен да аталык милдетимден кутулган болот элем.
“УШУЛ КЫЗГА ҮЙЛӨНӨМ ДЕПТИРМИН”
Студент кезинде үйлөнүп, 130 рубль айлык менен батирлеп жашаганын депутат жылмаюу менен эскерип берди. Айрымдар өңдүү кыздан кыз тандап сүйбөгөнү менен, бир көрүп биротоло сүйүү азыркы үй-бүлөсүнүн пайдубалы болуп бериптир.
– Менде теңтуштарга салыштырмалуу сезимдер кеч ойгонду. Балдарга кошулуп алып эле чапкылап жүрө берчүбүз. Эмнеге ээрчип жүргөнүмдү өзүм деле билбейм. Мага дос баламдын кыз менен сүйлөшүп жүргөнү кызык болгон экен, көрсө. Сүйүү кийин келди, келем десе бат эле экен, Гүлмираны бир көрүп эле сүйүп калгам. Досум экөөбүз көчөдө баратканбыз. Кокустан эле азыркы келинчегимди көрүп калып, досумду түрткүлөп, “мен ушул кызга үйлөнүшүм керек” дептирмин. Оозумдан кандай чыкканын деле билбейм.
“АТАМДЫН ЭРТЕ КАЗА БОЛГОНУНА ӨКҮНӨМ”
Туратбек мырза атасы жөнүндө көп жакшы эскерүү сөздөрүн айтты. Өзгөчө балдарынын билимдүү болушун каалачу экен.
– Атамдын жаш кезинде каза болуп калганына өкүнөм. Балдарын кыйналып тарбиялап-өстүрүп, анан биздин бүгүнкү деңгээлдеги жашоо-турмушубузду аз да болсо көрсө эмне деп калам.
Анан саясатка кеч аралаштым, эртерээк аралашсам болмок экен. Анткени саясатка эртерээк келсең, ой жүгүртүүң да башкача болот, теңтуштарга салыштырмалуу көп нерсеге көзүң каныгат, жаңы идеялар жаралышы мүмкүн. Мисалга Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов деген жаш депутаттарыбызды алсак болот.
КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП
– Кийинки парламенттик шайлоого катышасызбы?
– Сөзсүз түрдө катышам.
– Футбол боюнча Европа чемпиондугун көрүп жатасызбы?
– Толук көрө албай жатам, убакыт тартыш. Кээ бир оюндарды гана көрүп жатам.
– Кайсы өлкөгө күйөрмандык кыласыз?
– Биз Союздун адамыбыз да. Илгери бизде СССР деген бир гана команда бар болчу. Азыр КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Орусия командасына күйөрмандык кылып жаттым эле, утулуп, оюндан чыгып калбадыбы.
– Ичимдик ууртап, тамекинин түтүнүн үйлөмөй адатыңыз барбы?
– Көп жыл ичимдиктен алыс жүрүп, кийин аралаштым. Учуру келгенде гана, мисалы, достор менен отурганда, той-топурларда ууртап коём. Тамекини оппозицияда жүргөн жылдары үйрөндүм. Көп деле чекпейм, бир күндө 1-2 даана чегем. Эгер бирөө чегип турганын көрсөм, “келе, берчи” деп сурап калмайым бар.
– Хоббиңиз...
– Бильярд. Бир аптада бир жолу жакын пикирлеш достор менен 3-4 саат бильярд ойнойбуз.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg