Адатта аты таанылып калган инсандар жеке жашоосу тууралуу ашыкча сөз кылууну анча жактыра беришпейт. Бүгүн биз белгилүүлөр көп жашырган теманы козгомокчубуз. Тагыраак айтканда, шоу-бизнестеги таттуу түгөйлөр жөнүндө. Атактуулардын айрымдары сүйүктүүлөрүн канчалык жашырганга далбас урбасын, кээде өздөрү эле кыймыл-аракети, көз карашы, мамилелери, айткан сөздөрү менен билдирип алышат. Ии, баса, буга «ушак-пушак» деп чычаламай жок анан.
АЙПЕРИНИН ЖИГИТИ ЖУРНАЛИСТПИ ЖЕ ФУТБОЛЧУБУ?
Айпери Кубик кызынын “журналистика тармагында иштеген жигит менен кафеден таанышып калып, учурда экөөбүз кыз-жигит болуп жүрөбүз” деп балп эткени бар. “Айперинин жигити ким болду экен?” деген суроо менен баарын кызыктырып коюп, ошол бойдон жым болуп калган. Жакында гезитибиздин 10 жылдыгына карата уюштурулган футболдук таймашта жогорудагы бүйүр кызыткан суроонун жообун тапкансыдык. Ал адам – биз уюштурган футболдо “Ырчылар жана бийчилер” командасында ойногон Мирбек Масалиев аттуу ырчы жигит экен.
Оо, Мирбектин бурчтан тепкен тобу түз эле “Супер-Инфо” командасынын дарбазасына кирип, бизди аябай “сүйүнткөн” жайы бар. Кийин Мирбектин ошол голу “Суперфутболдун эң кооз голу” деп эсептелди. Анан да эки күн бою экөө эң эле ынак болуп, ээрчише жетелешип, кудум сүйүшкөндөрдөй жүрүштү. Эгер эки жаштын башы биригип калса, анда куудул Кубик байкебиз кызын “футбол ойнобо” деп урушпай калат. Анткени күйөө баласы ырчы, футболчу болуп жатпайбы!
CАЛАМАТ + ЖИБЕК = “БОЛЬШИЕ ЛЮДИ”
“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2011-жылдын супер күлкү жаратуучусу”, жүзүнөн жылмаюу, ууртунан уячасы жазылбаган Саламат Алиевди таанысаңыз керек. “Большие люди” долбоорундагы Сыймыктын ролунан кийин Саламаттын аброю артып, төбөсү көккө жетип жүргөн убакта анын жүрөгүн ошол эле долбоордо Бема деген кыздын ролундагы Жибек Нурманбетова аттуу куудул кызыбыз ээлеп алганга жетишиптир. Дегенибиз, экөө кайсы жайда болбосун кол кармашып жүргөнүн көрөбүз.Чынында, эки жуп бири-бирин бой жагынан да, талант жагынан да толуктап турган жарашыктуу түгөйлөрдөн болуп калат экен. “Бактыңды алыстан издебе” деген кепти далилдеген куудул кыз-жигиттин мамилеси үй-бүлө курууга дейре өсүп жетеби, аны убакыт көрсөтөт. Эгер Жибек Сэм менен түтүн булатып калса, Беманын кыялындагы “шикарный” жашоону унутуп, Саламат өзү айткандай, үйүндөгү небере-чөбөрөлүү болуп калган таракандары менен күрөшүүгө даярдана берсе болот.
КУМАР МЕНЕН ЭЛИНА КАЧАН АЧЫККА ЧЫГЫШАТ?
Жүзүнөн нур тамган актриса жана бийчи Элина Абай кызы менен кикбоксчу Кумар Жалиевдин мамилеси тууралуу сөздөрдүн дале аягы суюлбай келет. Бирок экөө өздөрүнүн дарегине айтылган кептерге чекит коюп же ачыкка чыгышпайт. Былтыр “Версус” бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова уюштурган кечеде эки түгөй жетелешип келип, чогуу басып, чогуу сүрөткө түшүп, айтор, элдин көңүл борборунда болгон эле. “Кыз-жигитсиңерби?” деген суроого экөө тең так жооп бербегендиктен, алдын ала көзү ачык болбой күтө туралы. Бирок ортодогу сезимдери экөөнү Бакыт үйүнө чейин алпарса, биринен экинчиси өткөн татынакай жубайлардан болорунда шек жок. Анан калса бул экөө кыз-жигит деген күмөндү өздөрү эле байкатып коюп жатышпайбы, чогуу киного, клипке тартылышып...