«БАЛДАРЫМ МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ КАЛЫШАБЫ?»
– Аялым экөөбүз баш кошкон кезде анын паспорту жок эле. Ошол себептен биз эл катары никеге да катталган эмеспиз. Арадан убакыт өтүп, эки балалуу болдук. Аялымдын паспорту жок болгонуна байланыштуу балдарыма төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк да албай калдык. Азыр аялым экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Балдарым менин колумда калган. Кызым чоңоюп, мектепке барчу жашка жакындап калды. Уулум кошуна балдарды көрүп “мен да бала бакчага барам” деп ыйлайт. Киргизип коёюн десем, күбөлүгү жок албайт экен. Бала бакчага барбаган балдарды мектепке албайт деп уктум. Бул чынбы? Балдарыма төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү кантип алсам болот?
Марат, Бишкек шаары.
Суроого “Абдрахманов и Ко” юридикалык фирмасынын юристи Назира Абдыракманова жооп берет:
“Бала бакчага барбаган балдар мектепке алынбайт” деген мыйзам жок. Ал жаатында кабатыр болбоңуз. Бирок төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, балдарыңызды бала бакчага да, мектепке да албайт. КРнын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинин негизинде ЖААКка (Жарандардын атуулдук арызын каттоо) арыз менен кайрылсаңыз болот. Ал үчүн балдар төрөлгөн төрөт үйүнө кайрылып, төрөлгөндүгү тууралуу аныктама алуу зарыл. Аныктаманын негизинде балдардын энеси менен чогуу (документтериңер менен) арыз жазуу керек. Ал жердеги адистердин тиешелүү көрсөтмөлөрүн аткаруу менен күбөлүк берүүгө макулдук аласыз. Эгер макулдук ала албасаңыз, ЖААКтын чечиминин негизинде сотко кайрылуу укугуна ээ болосуз.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келсе, айрымдар «кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg