Чүй
Чүй облусунун Жайыл району боюнча акыркы эки жуманын ичинде эле 28 автокырсыгы катталган. Райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Талантбек Барпиевдин айтымында, жол кырсыктарынын келип чыгышынын башкы себеби – автомектептерде сапатсыз билим берүү. Негизи, автомектептердин сынагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери да катышыш керек. Бүгүнкү күндө алар каттоо кызматынын катышуусунда гана өтүп келет.
Ошондой эле Жайыл районунда жана Кара-Балта шаарында акыркы 5 айда 70 жол кырсыгы катталып, 15 адам каза болсо, 11 адам ар кандай оор жаракаттарды алышкан. Райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2011-жылга караганда быйыл жол кырсыктарынын саны 14 пайызга өскөн. Ал эми жол кырсыгынан улам майып болуп калгандардын саны 61 пайызга жогорулады.
Айдай Асанбекова