ЖООКЕРДИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Нарын

Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда Ак-Талаа районунан 2560 жоокер согушка аттанган. Алардын бири Сооронбай Нургазиев кандуу майданда курман болуп, дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирип калат. Сооронбай Нургазиевдин туугандарынын айтымында, “Память” патриоттук коомдук бирикмеси тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда кат келген. Көрсө, Калуга облусунун Ульянов районунун аймагынан согуш учурунда казылган ордун ичинен үч аскердин сөөгү табылган экен. Ошондой эле “Кыргыз ССРи, Тянь-Шань облусу, Ак-Талаа району, Кара-Ой колхозу, Сооронбай Нургазиев” деп калем менен жазылган кагаз чыккан. Ушул маалыматтан улам Сооронбай Нургазиевди туугандары таанып отурушат.
17-июнь күнү сөөк менен кошо аскердин кийген каскасы жана кол жазма кагазы алынып келип, райондук музейге өткөрүлдү. Ошентип, 18-июнь күнү Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылында 19 жашында согушта курман болгон Сооронбай Нургазы уулунун сөөгү жерге берилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Emil.
2012-06-25 18:15:07
Озунун туулган жерине коюлуптур жакшы болуптур, жайы жаннатта болсун!
+1
Aridan777
2012-06-25 22:47:47
Мекен үчүн курман болгон жоокердин жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Zulfiyanur
2012-06-26 02:26:38
Allah rahmat kylsyn !jatkan jaiy jannat kunoolorun kechirgen bolsun !inshaAllah..
0
EGA
2012-06-26 09:24:58
ээХХХ....
+1
kipchak
2012-06-26 12:16:40
Баатырларга даңк!!!
-1
ayildik_kiz
2012-06-26 14:37:39
Кеч болсо да жаназасы окулуп жерге берилиптир.Жаткан жери жайлуу болсун!
+1
landysh
2012-06-27 00:08:31
Biz u4un kurman bolgon atalarybyzdyn jatkan jerleri jailuu bolsun yilagym kelip ketti menin 4on atam da soguwka katywkan any estep buulugup yilagym keldi taazim atalarybyzga
+1
Rimanto
2012-06-27 13:39:53
Биздин айылдан экен .Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
golden_boy_KG
2012-06-28 17:31:54
анакэээ , мен кирдим
0
amanq87
2012-07-01 15:17:02
Жайы жаната болсун БАТЫР АТАБЫЗДЫН.
0
Aisuluusha
2012-07-27 08:39:24
тооба.алтымыш жылдан ашык сакталган соок менен кол жазмага тан бердим..
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан