Телеалпаруучу Айнуска Жороканова: «МЕНИ БУЮМГА ТЕҢЕГЕНДЕР ЖАКПАЙТ»

7-каналдын көзгө басар кабарчысы, “Жалал-Абад периси-2012” наамын алган Айнуска жанындагы адамга позитивдик энергияны тартуулап, такыр зериктирбейт. Ал бар жерде микрофон бир гана Айнусканын колунда болот экен. Биз да салтты улай диктор кызыбызга микрофонду бердик.

КААРМАН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

Туулган жери – Базар-Коргон району
Туулган жылы – 1993-жыл, 29-январь
Бою – 172 сантиметр, салмагы – 55 кг
Хоббиси – Сууда сүзүү
Кумири – Анаш Кадырова
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын кенжетайы
Учурда – ЖАМУнун студенти, 7-каналдын диктору

“КУРОРТКО КАЧЫП ЖҮРҮП КҮНДӨР ӨТТҮ”
– Мен мектепте окуп жүргөн кезде эле ар кандай сынактарга катышып жүрдүм. Мугалимдер “сен ушинтип эле окууну унутуп жүрө бересиң” деп көп урушушчу. Сабактардан эң жаман көргөнүм математика эле. Мугалимге жагынайын деп көп аракет кылсам да, ал жактырчу эмеспи, айтор, эптеп кетиш кыйынга турду. Кызыгуу анча болбогондуктан, сабакка келип, парталаш кызымдан көчүрүп кутулуп кетчүмүн. “Башкысы, бир сомго бир сомду кошо алам да” деп күлүп калар элем. Бирок кийин бүтөрдө эжейим “сени эркелетсем, такыр окубай коймоксуң, аракет кылдың” деп сүйүнтүп койду.
Анан да 10-класста укмуш тентек класс элек. 2-сабакпы, качан болсо деле мугалим 5 мүнөт кечикти дегиче отургучтарды көтөрүп, сумкаларыбызды асынып алып курортко муз тепкени кетип калчубуз. Эжейлерибиз урушуп эле басып жүрүшчү.

“НИ РЫБА, НИ МЯСО” БОЛУП ЖҮРӨМ”
– Гүлшан Молдоева, Анаш Кадыроваларды экрандан көрүп, аябай суктанып, «кантип иштешет болду экен?» деп кызыга берчүмүн. 2011-жылы март айларында кастинг жарыяланып, катышып калдым. Өтпөсөм деле керек деп ойлогом, бирок мени тандап калышты. Эфирге чыгып, элге таанылып калганыма жетекчим Алтынбек Жумаев себепкер болду. Алгач тренинг, мастер-класстарга барып даярданып жүрдүк. Бир күнү эле “минтип жүрсөңөр убакыт өтө берет” деп мени түз эфирге жаздырып коюшту. Жүрөгүм дүкүлдөп, ашыкча кыймылдай албайм десеңиз. Камеранын сүрү аябай күчтүү экен, калем сап жылып кетсе да жан талашып аны акыры-ын жылдырып, сөзүмдү унутуп калсам, коёнектей көзүмдү тостойтуп калар элем. Сөзсүз эфирди үйгө барганда көрүп чыгам. Адашканым башкаларга кандай билбейм, мага дароо билинет, бозоро түшөм, көздөрүм чекчейип. 8-класска че­йин орус класста окугандыктан, азыркыга чейин ата-энеме “эмнеге мени орус класска бергенсиңер? Азыр ни рыба, ни мясо болуп жүрөм” деп нааразы болуп калам.
Жакында чоң программалык концертте алпаруучу болгондо мага чоң сыноо болду. Экран менен миңдеген адамдын жүзүн карап сүйлөгөн башка экен. Ушунчалык сөзүмдү даярдап алсам да, унутуп калам деп корктум. Кече бүткөндө сүйүнүп, өзүмдүн эле экраным жакшы экен деп калгам.
Жумуш менен жүрүп, окуум азыр экинчи планга чыгып калды. Мурун бир сөздү уксам бат эле чычалап, аягына чейин укпай теригип кетчүмүн. Азыр болсо өсөм деген киши сынды туура кабыл алыш керек экен деген ойдомун.

“СУЛУУЛАР СЫНАГЫН САТЫП АЛДЫ ДЕШКЕН”
– Сулуулар сынагына катышуу жана жеңишке жетишүү кыздардын баарынын эле кыялы эмеспи. Мен да эл катары 7-каналдан эмес, шаардын тургуну катары катышып, өзүмдү сынагым келди. “Эл оозунда элек жок” демекчи, сиздердин сайтыңыздарда да жазып жатышат, “7-канал өздөрү уюштуруп, өзүнүн кызын жеңүүчү кылып койду” деп. Ал эмес, ата-энелер чогулуш кылып, “1-орун сатылып алыптыр” дешти сынак алдынан эле. Кайдан сатып алмак элем, ата-энем карапайым эле адамдар болсо?! Сынак бүткөндөн кийин “сатып алдың” деп кыр көрсөткөндөй болду, бирок мен маани берген жокмун. Сынакка катышканда биринчиликке деп ойлогон деле эмесмин, ушунча катышкандан кийин жок дегенде бир наамга илинсем экен деп гана ойлогом.

“ЖИГИТТЕРГЕ УБАКТЫМ ЖОК”
– Ата-энем айылда турат да. Үйгө “Жорокандын кызын келин кылып алсакпы дедик эле” деп келгендер көп болот экен. Апам айтса эле “мен эмне, дүкөндөгү буюммунбу, жакшы экен, алыш керек дегендей?” деп таарынам. Чынында, көз артып, “таанышалы, жолугалы” деген жигиттер бар. Бирок азыр менин жигиттерге убактым жок. Чечкиндүү, жөнөкөй, шайыр жигиттерди жактырам. Курбуларым “сага шайыр жигиттин кереги жок. Сен да көп сүйлөйсүң, ал да көп сүйлөсө, экөөңөр тең эшикке чыгып кетесиңер го” деп күлүп калышат. Көрүүчүлөрүм менен байланышып калсам, “сен жөнөкөй эле турбайсыңбы” деп таң калышат. Азыр карьера курам деп чуркап иштеп жүргөн чагым. Бирок бизде менталитетке ылайык, аялзаты үйдүн куту болуш керек дегенге да кошулам...

“ПЕЙИЛИ­БИЗДИН БУЗУЛУП БАРАТКАНЫ ӨКҮНДҮРӨТ”
– Жакында 12 күнгө Польшага мультимедиялык журналистика боюнча тренингге барып келдим. Ал жактын элин көрүп, калкыбыз менен салыштырып көпкө ойлондум. Бизде сый-урмат жоголуп, пейилибиз бузулуп баратканына өкүнөм. Бирөөнүн бутун басып алсаң, “ай, көзүңө карабайсыңбы?” деп чаап жибергенге чейин барат. Польшага кетип жатканда аэропортто кызыл линиядан өтүп кеткен экем, ал жактагы байке “ары тур, каякка, жашың канчада?” дейт керсейип. Ал эми Польшада “саламатсызбы, эмне максат менен келдиңиз?” деп сурашат. Бизде кандай болсо да бутуңдан башыңа чейин карап, анан араң жооп беришет го. Ошонубузду калтырсак жакшы болот эле.

Гүлжамал Бөрүкулова
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
gulshan82
2012-06-26 00:40:42
Туура айтасын, качан калтыраат болот экенбиз!
0
Gan
2012-06-26 02:46:35
ооойй бизде адат эч качан калбайт.
0
aybeq
2012-06-26 11:44:14
туура
0
studentka_9011
2012-06-26 17:09:22
azamatsyn iygilik saga Ainuska!
0
2012-06-26 17:16:07
Бир окуя эске тушуту Бишкектин авиа билет саткан агенстволорунун бирине кирсем сулуу кыз отурат чоюлуп суйлосомбу суйлобосомбу-деп, козун сузуп анан мага тушундуро баштад ыбашка олконун жараны экенсиз деп ал чоюлуп тушундургучо эле жарым саат отуп кетти анан беш болду эртен кел, кассаны жаап салдым дейт.шшумдук дедим асмандан тушкон гоо деген ой кетти да. Чындыгында акырыкы кундору адамдардан агрессия коп байкалат.Жумушун билгендер аз да, чачын кыйшык тарашып эле чоюлуп отурушат.
0
antivir
2012-06-27 17:46:34
бул кыз жакты
0
AFRODITA-89
2012-06-27 23:51:21
Жакшы кыз экенсин, ийгилик сага! Биз жактыктар да гезитке чыгат экенсинер ээ? Жалал-Абад алга!!! Биз учун эн кооз шаар болуп эсептелет! Шаарыбыздын атагын ччыгарган сендей кыздар кобое берсин!!!
0
aijamal-19.90
2012-06-29 06:11:02
eh bul kyzdyn okuyasyn okup ozymdyn birinchi eldin aldyna chygyp alyp barganym esime tywty 25-mai akyrky konguroo azeminde mektepke kelgen myndan 30 jyl 20 jyl 10 jyl murun bytyp ketken aga ejeleribiz konok bolup kelgen ele jana 11 klasstyn bytyryychylory, koldorum kaltyrap mikrofon karmai albai syrdogon elem al kezde 9 klasstyn okuuchusu elem .
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан