ДАНИЕЛЬ: «КЫЗДАР МЕНЕН ТААНЫШУУ ҮЧҮН ӨЗҮМ БАРБАЙМ»

Көп кыздардын жүрөгүнө ыры, жалындуу көз карашы, сулуулугу менен чок салып келе жаткан Даниель учурда бойдок жигиттердин катарында. Ырчыга кандай кыздар жагат, кыздар менен кандай мамиледе, эмнени жакшы көрөт, эмнени жаман көрөт? Бул суроолорго төмөндөн жооп табасыз.

Туулган жылы – 20-февраль, 1990-жыл
Жылдыз белгиси – Балык
Хоббиси – Бийлөө, сүрөт тартуу
Фобиясы – Жылан
Жашоодогу урааны – Алдыга жана дайыма алдыга!
Тамшанып жеген тамагы – Гюро лагман
Материалдык байлыгы – Ош шаарында үйү бар

– Даниель, бүгүн сени менен бойдок жигит катары маек курууну туура көрүп турабыз. Алгач өзүңдүн мүнөзүң тууралуу айтып берсең?
-Мактангандай болбоюн, бирок өзүм тууралуу жакындарымдан ак көңүл экендигимди угуп калам. Анан дагы боорукермин. Колумдан келген жардамымды эч качан, эч кимден аябайм. Анан эң жаман жерим – уйкучулардын катарын толуктайм.

– Ачууң келген учурда кандайсың?
-Негизинен, жиним өтө деле чукул эмес. Баарын көтөрүп, унчукпай жүрө берем, анан катуу жиним келгенде бир жарылып, колума эмне тийсе талкалап салмай адатым бар.

– Ырчы, анча-мынча актёр жигит ашканада кандай болду экен?
-Бош убактым болуп калганда дасторкон жайып, салаттын түрүн жасай коюп, даамдуу тамак даярдап, досторумду конокко чакырганды жактырам. Негизинен, бардык эле тамакты даамдуу жасаган колумдан келет, менин колумдан даам сызгандар "кайдан үйрөнгөнсүң?" деп мактап калышат. Тилекке каршы, ашканага баш багууга азыр убактым кээде гана болот.

– Кепти кыздар тарапка бурсак, Даниелдин кыялындагы сулууну сүрөттөп берсең?
-Идеалдуу адам болбосо керек, бирок ошентсе да менин кыялымда жашаган бийкеч ак жуумал, узун чачтуу, кара каштуу, шыңга бойлуу, кирпиктери ийилген, эң негизгиси, ыймандуу, адамгерчиликтүү, менин чыгармачылыгымды түшүнгөн жана колдой билген кыргыз периси.
Айымдарыбызга жарашпаган сапаттар деп сөгүнүү, тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү өңдүү көрүнүштөрдү айтат элем. Кыздарыбыз гүлдөй назик болуп турса, көңүл сүйүнөт эмеспи.

– Бийкечтерди көргөндө алгач эмнесине көңүл бурасың? Жагып калса эң биринчи кадамың?
-Кыздарды көргөндө түз эле көзүнө көңүл бурам, анткени көз – адамдын күзгүсү. Кээде жагып калган учур болот, бирок менин текеберчилигим бура бастырбай туруп алып, өзүм барып таанышпайм. Ошентсе да көз карашым менен билдирем, уялтып карай берип. Анан баары бир кыз түшүнүп, таанышууга өзү кадам жасайт.

– Андайда сени текебер экен деп кыздар жактырбай калышпайбы?
-Ошо туура эмес түшүнүп калуулары мүмкүн. Бул менин мүнөзүмдө калыптанып калгандыктан, мунумду өзгөртө албайм.

– Кыздар менен канча убакытка чейин мамиле түзөсүң?
-Негизинен, кыз жандуу эмесмин. 15 жашымда бир классташ кызымды сүйүп калып, артынан далай эле чуркаганым эсимде. Кийин досумдун кеңеши менен ага көңүл бурбай койсом, кайра өзү келген.

– Сен сыяктуу жигиттин татынакай сүйлөшкөн кызы болсо керек?
-Чынын айтсам, жактырып жүргөн кыздарым бар. Бирок чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштеп жаткан кезим.

– Эгер сен миллионер болуп калсаң, жөнөкөй кыз менен сүйлөшөт белең?
-Ооба, кыз жөнөкөй болсо да эгер мага аябай жагып турса, сүйлөшмөкмүн. Мен эч убакта адамдын байлыгына, бийлигине карап мамиле курбайм. Бай экен, муну менен таанышыш керек же болбосо кедей экен, биз тең эмеспиз деген нерсе туура эмес.

– Кайсы мезгил өзгөчө жагат, негизги 3 себеби?
-Жазды сүйөм.
Биринчиден, жазда сүйүү келет. Экинчиден, күн жылып, айлана-чөйрөгө жан кирип, жаңыра баштайт. Үчүнчүдөн, чыгармачылык эргүү да ойгонот.
Капа болуп турганда шоколад жеп маанайын көтөргөн «красавчик» Даниель "25 жашка чыкканда үйлөнөм" дейт. Андыктан ырчы баланын өзүнө, көзүнө, ырларына ашык болгон сулуулар, жигиттин гүлү Даниелдин арзуусуна айланууга сиздин мүмкүнчүлүгүңүз бар!

Назгүл Исакова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Даниель: "Кыздар мени менен өздөрү таанышат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
peace
2012-06-25 18:50:48
Ozuncho ele.Baldarga ushintip boyongon kantıp jarashsın.Chınıgı KIRGIZ degen atka tatıktuu bolush kerek.Korom go ayal alganda.
0
peace
2012-06-25 18:51:58
Kızdardın balaket meenetin alsın.Janıma kelse joolop ele ketmekmin.Arı jok.
0
jazim
2012-06-25 19:19:31
Ха хаа байкушту аябай уят эле кылмай болдунар го я?
0
AyPeKa
2012-06-26 10:56:32
фуууу экен. peace ге кошулам. алдыман чыкса тескери басып кетем. мен бул баланы. коп эле коромго. простушка эле жашоодо. анан ушинтип интервьюга келгенде жылдыз ооруга кабылатда калат. озуго качан болсо девушки кандайсынар ккафеге деген.
0
agent007kg
2012-06-26 16:26:04
Кыздар сенин эмнене кызыгат,эркеке окшобосон!
0
nnk1-09
2012-06-26 18:16:04
mmda bratan za4em ozundu kotorup JYZDARDYN aldynda JENTLMEN bolup koison bir jerin kemip ketmek bele!
0
asemkiz
2012-06-27 15:05:35
койшончу опколонбой фу
0
golden_boy_KG
2012-06-28 17:47:10
уят" эле!
0
AIZAD
2012-06-29 01:16:33
Мен темасынан эле окугум да келген жок!
0
KGTaLaS
2012-06-29 21:14:26
Менден да отуп кетет го мактанганы хахаха:)))кыздардай кылыктанат экенсин
0
ELIMA91
2012-06-29 22:36:46
Ырчылардан артистерден качан сураба, суйлошкон кызым жок актана бергени жакпайт да, эртен уйлонушкондо эчаак, эле суйлошуп жургон болушат!
0
Nuray
2012-07-01 18:17:11
Абдан татынакай, жагымдуу бала! Ал эми оз баасын билгени жана жасалмасы жок, ачык маек куруп бергени учун рахмат! Журналисттер берген суроолорун жакшылап аналздеп, ойлонуп чыкса деген ой бар.
Мындагы кыздардын жазган посттору жылмайтты айла жок) Кыздар, кыргызда ушундай балдар бар экенине суюнгуло, силерди карабаса да Даниель, ар ким озунун тенине конул бурат. Калп эле ойду-тоону жаза бербей!

А сага Даниель чыгармачылык ийгилик жана татыктуу, акылдуу, ыйман-ынсаптуу озундой та
0
jennifer90
2012-07-08 15:32:05
ииии токой ийй ырларын суктанып уккан адам бар бекен ушул баланын кыздын баары жалдырап ушуну карагансып суйлоптур да тим эле
0
ermina
2012-09-05 05:09:23
мактангандай болбойун деп кайра мактанып койдун ээ барибир...
0
Tatishka
2012-10-22 13:17:37
бил жигит албын ала билсе коз ачык го ээ кыздар ушул жигит ким озу?
+1
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан