Казакстан
11 ЧЕК АРА КЫЗМАТКЕРИ ӨЗ ЭРКИ МЕНЕН ЖУМУШТАН КЕТТИ
Өлкөнүн «Арканкерген» жана «Терсайрык» чек ара бекеттериндеги окуяларга байланыштуу мамлекеттик чек ара тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынат. Эске салсак, май айынын соңунда Алматы облусуна караштуу 15 чек арачы кызматын өтөп жаткан «Арканкерген» бекетинде 14үнүн өрттөлгөн сөөгү табылган. Бир канча күндөн кийин аман калган жалгыз чек арачы, 20 жаштагы Владислав Челах (сүрөттө) табылып, өзүнүн кесиптештерин өлтүргөнүн мойнуна алган. Бирок анын туугандары мындай версияга ишенбей турушканын, коркутуп-үркүтүү менен мындай мыкаачылыкты атайын мойнуна илдиришкенин билдиришкен.
Бул окуя толугу менен аягына чыга электе, 18-июнь күнү Чыгыш Казакстандагы «Терсайрык» чек аралык заставасынын аймагынан 11 аскер кызматкери өз эрки менен куралды таштап кетип калышкан. Азыркы тапта бул далил боюнча кылмыш иши козголду.
Румыния
КОРРУПЦИЯ ҮЧҮН СОТТОЛГОН ЭКС-ПРЕМЬЕР ӨЗҮНӨ ОК КЕЗЕПТИР
Румыниянын экс-премьер министри Адриан Нэстасе өзүнүн жанын кыйганга аракет жасады. Бул окуя аны коррупцияга айыптаган Жогорку Сот өз өкүмүн чыгаргандан кийин орун алган. 2012-жылы январда Нэстасе коррупция үчүн эки жылга түрмөгө кесилген болчу. Тергөө версиясына ылайык, ал 2004-жылы президенттик шайлоого катышканда румын ишкерлеринен кампаниясына мыйзамсыз жол менен 1,7 миллион доллар алган. Нэстасе өзү муну мойнуна алган эмес.
20-июнь күнү Жогорку Сот экс-премьердин коргоосунун апелляциясын канааттандыруудан баш тарткан соң саясатчынын үйүнө полиция кызматкерлери түрмөгө алып кетүү үчүн келишкенде ал өзүн мойнуна тапанча менен атып жиберген.
Өзбекстан
МАСШТАБДУУ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ БАШТАЛДЫ
Өлкөнүн борбору Ташкент шаарында мамлекеттик менчикти сатуу жолу менен чет жердик инвестицияны кеңири масштабда кызыктыруу иштери башталды. Буга байланыштуу өкмөттүн тиешелүү токтому чыкты. Мамлекеттик менчикте турган 532 объект коомдук сатыкка коюлса, 47 объектти инвестициялык милдеттемени кабыл алуу шарты менен бекерге беришет. Дагы 47 бош турган көп кабаттуу имараттар ишкерлер тарабынан реконструкцияланып, калкка турак-үй катары сатылат. Анын 20 пайызы бойго жеткен жетим балдар менен каза тапкан аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилет.
Нигерия
ҮЧ ЧИРКӨӨ ЖАРДЫРЫЛДЫ
Нигериянын түндүгүндө акыркы күндөрү башталган күрөштүн жүрүшүндө 80ден ашуун киши өлтүрүлдү. «Боко Харам» тобунун согушчандары Даматуру шаарынын көчөлөрүндө аскерлер жана полиция кызматкерлери менен кандуу кагылышууну улантууда. Андан тышкары Кадуна шаарындагы мусулмандар менен христиандардын ортосунда куралдуу кагылышуу орун алып, үч чиркөө жардырылды. Бул окуялардан улам Нигериянын түндүгүндөгү бир катар шаарларында коменданттык саат жарыяланса да, азырынча зомбулукту токтотууга жардам бере элек.
«Боко Харамдын» согушчандары өлкөнүн түндүгүндө шариатка негизделген ислам эмиратын курууга далалат жасап келишет. Нигерия өзү шарттуу түрдө мусулмандар отурукташкан жакыр түндүк менен нефть кенине бай түштүккө бөлүнүп калган. Ал жактагы жарандардын көпчүлүгү христиандар болуп эсептелет.
Египет
ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ АНЫКТАЛА ЭЛЕК
20-июнга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо аптанын дем алыш күндөрүнө жылдырылды. Шайлоо эки негизги талапкердин ортосунда өткөн. Алар – мурунку экс-премьер Ахмед Шафик менен «Ага-ини мусулмандар» кыймылынын өкүлү Мохаммед Мурси.
Бул аралыкта Египеттин экс-президенти Хосни Мубарак эс-учун жоготуп, учурда ал жасалма дем алуучу аппараты менен күн өткөрүүдө.
12-июнда 84 жаштагы Мубаракка өмүр бою түрмөдө отуруу өкүмүн угузушкан. Ал 2011-жылы оппозициялык акцияларды кубалоодо каза тапкан адамдар үчүн күнөөлүү деп табылган. Өкүм жарыялангандан көп өтпөй Египетти 30 жылдай башкарган экс-президенттин ден соолугу начарлап кеткен.
Эльвира Караева
politika@super.kg