«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКсынын ишин текшерген убактылуу депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөрдүн» ишинин жыйынтыгын чыгарышты. Комиссия алгач «Кумтөр» кени иштетилип баштагандан бери 34 кызматкер иш учурунда каза болуп, 70тен ашык адам өндүрүштүк жаракат алгандыгы аныкталган. Ишкананын кызматкерлеринин 95 пайызын кыргыз жарандары түзөт. Алардын бир жылдык маянасы орточо эсеп менен 10-15 миң долларды түзсө, канадалык кызматкерлер 3 миллион долларга чейин жылдык акы алышат.Комиссиянын мүчөсү, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ширин Айтматова «Кумтөр» менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алган эместигин айтты. «Буга чейин паракорчулукка баткан келишимдерге Айдар Акаев, Максим Бакиевдин катышы бар делсе, азыркы учурда деле ошол жагдай сакталып калды» дейт. Андыктан айрым депутаттар коррупцияга тиешеси бар дегендердин үстүнөн кылмыш ишин козгоону туура көрүшүүдө. Бул боюнча убактылуу депутаттык
комиссиянын төрагасы Садыр Жапаровдун пикиринде, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын жетекчилерин жоопко тартуу керек. Анын айтымында, компаниянын президенти Майкл Фишер, вице-президенти Андрей Сазанов ишкананын кызматкерлери менен эксперттеринин Жогорку Кеңештин жыйынына катышуусуна тыюу салган. «Компаниянын иши тууралуу кеңири маалымат бере ала турган кызматкерлер келбей, жыйында жетекчилер өздөрү отурушат. 1994-жылдан бери 260 миң тонна 700 килограммдан ашык алтын казылып алынган. Казылып алынган алтындын 258 миң тоннадан ашыгы сатылган. Мында он беш жылда алтынды сатуудан түшкөн киреше менен Кыргызстанга салык түрүндө берилген таза кирешени салыштырсак, өлкө 1 тонна 400 килограмм гана алтын алган» деди депутат.
Ошондой эле Садыр Жапаровдун айтымында, учурда "Кумтөрдө" компьютерлер менен маалымат базалары чыгарылып, 11-июнда компаниянын сатып алуу боюнча вице-президенти Андрей Сазанов бир миллион доллар уурдап алып качкан. Бирок буга жооп катары «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКсынын ММК менен байланыш бөлүмүнүн менеджери Сергей Дедюхин «бул маалыматтар чындыкка жатпайт» деди.
Алтын казып алуучу компания ишмердүүлүгүнө байланыштуу депутаттардын отчёту 800 барактан турат. Мындай көлөмдүү документти карап чыгуу көп убакытты талап кылары баарыбызга белгилүү. Бирок депутаттар бир күндө эле таанышууга жетишип, добуш беришти. Бул маселе 22-июнь күнү парламентте каралып, токтомду кабыл алуу 27-июнга калтырылды.