Өлкөбүздө балдар үйүндө тарбияланып жаткан ар бир жыйырманчы баланын ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮГҮ жок экенин "Менин үй-бүлөм" коомдук фонду маалымдады.
Ушул аптага карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 15 МИЛЛИАРД 775 МИЛЛИОН метр кубду түздү.
Глобалдык фонд кургак учукту дарылоого бөлүнгөн 700 МИҢ ДОЛЛАРДЫ максатсыз колдонулган деп, аны Кыргызстандын өкмөтүнөн кайтарып берүүнү талап кылууда.
Иса Өмүркулов Каржы министрлиги Бишкектеги жолду оңдоо иштерине БИР ДА ТЫЙЫН БӨЛБӨЙ ЖАТКАНЫН билдирди.
КМШ өлкөлөрүн ичинен газдын баасы бир гана Кыргызстанда жогору экенин (1000 м3 – 224 ДОЛЛАР) "Кыргызгаз" билдирди.
Токмок шаарындагы "ИНТЕР-ГЛАСС" АЙНЕК ЗАВОДУ 3 жылдан кийин кайра өз ишин уланта баштады. Биринчи айнек куюу аземине президент Алмазбек Атамбаев катышты.
Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын бюджети казинолордун жабылуусуна байланыштуу 120 МИЛЛИОН СОМГО кем чыгып калганын "Жаштар жаңы кадр саясаты үчүн" кыймылынын мүчөсү Евгений Кортовский билдирди.
2012-жылдын аягына чейин Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдүн унаа жолдорунда ВИДЕОКАМЕРАЛАР ОРНОТУЛАРЫН өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kitep
2012-06-26 01:53:36
Казинолордон 120млн бюджетке тушпосо тушпой эле койсун.демек элдин чонтогундо ошол акчалар турат экен.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.