КАЛМАМАТОВ ФРАКЦИЯ ТӨБӨЛДӨРҮН УШАКТАШПООГО ЧАКЫРДЫ

Парламент жыйынында "ата мекенчи" депутат Бактыбек Калмаматов өкмөттү баш, коалиция лидерлерин төш кылып туруп ашата сындады. "Коалиция түзүлүп жатканда, эгерде өкмөт ишин аткара албаса, өкмөт мүчөлөрүн чакыртып алганга мүмкүнчүлүк бар эле. Бул норма иштебей жатат. Тилекке каршы, өкмөт бир дагы ишин туура аткарган жок. Каржы полициясын жоюп, жаңы орган түзөбүз деп 62 миллион сомго чыгым кылышты. Эч кандай иш аткарылбады",- деп өкмөт ишин эптей албай жатканын айтты.
Депутат коалицияга кирген фракция лидерлерин да сынга алды. "Күдүң-күдүң этип ушакташып жүрө бербей, иштеш керек. Эмне үчүн коалиция актуалдуу маселелерди жалпы жыйында талкуулабайт? Мындай иштеген жарабайт",- деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nuris89
2012-06-25 20:24:25
molodetz
0
antivir
2012-06-30 22:32:33
во!
0
nayman.kg
2012-07-02 17:43:47
Эркекче ошондой э....
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан