ТАШИЕВ: «ЖАҢЫ БАШ МЫЙЗАМ ЖАЗЫП ЧЫГАБЫЗ»

Өткөн жумада Камчыбек Ташиев "Ата Журт" партиясынын лидерлик кызматын Садыр Жапаровго өткөрүп бергенин маалымдаган эле. Көпчүлүгү "эмне үчүн лидерликтен кетти?" деген суроого жооп таппай келишкен. "Кээ бир депутаттар партиянын кызыкчылыгын өздөрүнүн кызыкчылыгы менен алмаштырып алышты. Айрымдары биздин партияда туруп министр да болушуп, көз караштарын кайсы багытка өзгөртүп жибергенин көрдүк. Андыктан бүгүн партиябыздын катарын тазалап, жаштарды тартышыбыз керек",- деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле Камчыбек мырза жакында Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн кыймыл түзүлөрүн билдирди. Кызыкдар болгон жарандар тобунун демилгеси боюнча жаңы Конституциянын долбоорун даярдап чыгып, парламент же референдум аркылуу Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет жасашат. Ташиев муну менен эле чектелбей, жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна карата бардык ишти өз колуна аларын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
baatyr79
2012-06-26 15:34:13
Ташиев алга мен сизди колдойм!!!!!!!!!!!!!
-3
Taalaibek
2012-06-26 16:00:12
К. Ташиев айткандай озун-озу тазалайн деген экен да. Мунусу жакшы экен озун биринчи болук тазаланып жатса.
+1
pit001
2012-06-26 17:47:06
жаман мыйзам жок, азыркы конституциябыз да эн жакшы. Бирок иштебегенден кийин бекер темирдей тартип болбосо кандай гана мыйзам болбосун баары бир иштебейт.
+1
mirbekkg
2012-06-27 00:07:34
Тишиевди коро албаган ичи таарлар, Ташиев айтканын кылат. Силердин ичинер таарып, бул дуйнодон отуп кете бересинер...
-2
Kubanychbekkagan
2012-06-27 09:13:09
Наримандын акчасы менен партиясын Жогорку Кеңешке өткөргөн окшойт, өткөндө Нариманды камакйбыз дегенде жан талашып коргогонго аракет кылды. Андан кийин кылмыш иши козголгон Нариманды суракка алууга тоскоол болгон жеп жутарлар да мыйзамдын чегинде жооп берет дегенден бери ташиевдин оозунан келмеси тушуп калды көрүнөт, талкан сугунган немедей унчукпай момурап калыптыр хе-хе-хе...
+1
Eric-81
2012-06-27 19:08:18
Ушу Ташиев кайсы билими менен баш мыйзам жаза алат, элди экиге бузуп, жашоого чон тоскоолдук кылгандан башканы билбейт. Сага окшогондорго эч ким ээрчибейт ал эми ээрчигендер дал сенин тас кейпин экен шорунар каткырлар!!!
+1
Asul
2012-06-28 13:47:56
Улутка бөлгөн Ташиев кайсы мыйзамды жазганы жатат. Мыйзамды жазам деген эле киши жаза берсе, эмне тамтыгыбыз калат. Мыйзамды акылы тунук, эс-акылы ордунда, билимдүү, логикалык мышлениеси туура киши жазат.
+2
roy
2012-06-29 13:48:04
Asul Кайсы улутка болду эле сен болунуп талаада калдынбы арманын кучко тимеле боздойсунго
-2
nurlanrabaev
2012-06-30 00:05:21
Баш мыйзам жазгандан коро партиясын жоюп жиберсе жакшы болот эле.
+2
Zverchik
2012-06-30 10:58:44
Туугандар Ташиевке асылбай суйлосонор жакшы болмок маданиятты сактайлы! Мен Ташиевди колдойм Кыргызстанды ушундай гана кишилер онуктуро алат! Жалгыз дарак бак болбойт дейт элибиз! Ушундай мырзалар кооп болсун элибизде!
-1
turatbek-92
2012-06-30 11:48:13
baw myizamdy jazgan Tekebaevdin akyly tunuk,es-akyly ordunda bilimduu, log mywleniesi tuura ekenbi. AGa karaganda Tawiev bilimduu bilip bilbei ele ar nerseni suilo berbe da. Tawievda da koldogondor chekeden chygat. Tawiev algaaa biz siz menen.
0
akumut
2012-06-30 17:15:42
Текебаев жазгандан кийин Ташиев кантип жазбасын!? Эртен дагы бироо жазат. Анан дагы бироо. Бизде жашоо "Солдат спит а служба идет" дегендей эле болуп калды. ЖКга эптеп кун отсо, эл козуно гана бир нерсени суйлоп койсо болду, бирок Ташиев жазса жазсын, мен колдойм, бирок Конституция боюнча КР Гиннес китебинде 1000000000 жылдарга лидер болуп калды!
0
RossiKG
2012-06-30 20:24:32
ташиев,нариман жана башкалар-жоон отургулачы,элди 2ге болбой,митинг-ситингтерден тажадык-ушундай коптогон акчаларды уурдапсынар кезинде-рахмат деп жон эле иштегилечи...
0
tilekbek
2012-06-30 22:14:26
алга Кыргыз
0
temu
2012-07-01 18:47:25
Баш мыйзам жаш баланын оюнчугундай эле болуп калдыго. Бугун Камчыкем жазсын эртен дагы бири жазсын. Айтмакчы кезекке туруп алышса дагы болмок. Урушпай талашпай кезек менен алмаштырып дегендей. Карапайым элге эмне тынчылык болсо эле болду да, баш мыйзамдын алмашышы менен баш оорутуп отурмак беле. Баарибир баш мыйзам чондордун кызыкчылыгына чуркап журбойбу. Ашып кетсе бир атка минердин кызыкчылыгы башканыкына алмашат.
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан