Ушул аптада Орто Азия жана Кыргызстандын Мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов ажы башчыларынын жоюлганын маалымдады. Анын ордуна медресе мугалимдери, ажылар жана дин тармагында жүргөн адамдар тандалып жатат. Ошондой эле Бакыт мырза быйыл ажылык сапар октябрь айынан башталарын белгиледи. Бул жылы ажылык сапарга зыярат кылып келүү үчүн Кыргызстанга 4500 квота берилген. Бакыт Нурдиновдун айтымында, учурда бара тургандардын тизмеси такталууда.
Ажылык сапарга аттана тургандар муфтиятка 2500 доллар каражат төгүшү керек. Ал эми ушул тапта Ош шаарында "виза жасатып берем" деген шылуундар кармалганын белгиледи. Андыктан ушундай сунуш менен кайрылгандарга ишенбөөгө чакырды.