Каптагаев: «ЖИРИНОВСКИЙ КИЙЛИГИШПЕСИН. БАШКА МАСКАРАПОЗДОР ДА ЖЕТИШЕТ»

2011-жылы Башкы прокуратура журналист-блоггер Владимир Фарафоновдун үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Бул аптада мунун айынан Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кайым айтышуулар болуп, чыр барган сайын ырбап жатат.

"ФАРАФОНОВ СОТТОЛСО, ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫ КУУП ЧЫГАБЫЗ"
Азыркы учурда журналист Владимир Фарафоновдун үстүнөн сот иштери уланууда. 19-июнга белгиленген кезектеги соттун отурумуна айыпталуучу келген эмес. Анын адвокаты Владислав Лужанскийдин айтымында, Фарафонов чет өлкөгө чыгып кетиши мүмкүн.
Орусиянын депутаты Владимир Жириновский бул ишке кийлигишип, өзүнүн пикирин айтуу менен дүрбөлөң салды. "Журналист Владимир Фарафонов эгер сот жообуна тартылса, анда кыргыз мигранттарын Орусиядан чыгарууну талап кылабыз" деген Жириновскийдин сөзү такыр баштарга таасирин тийгизип, кыргыз мигранттарына чабуул күчөшү ыктымал.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук кызматы "Владимир Фарафоновдун интернет-сайттардагы макалаларында улут аралык кастыкты козуткан маанай бар" деп билдирген.

"ЖИРИНОВСКИЙ БИЗДИН САЯСАТКА АРАЛАШПАСЫН"

Жириновскийдин сөзү октой тийгенби, экс-президент Роза Отунбаеванын тушунда Президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган Эмил Каптагаев: "Жириновскийдин билдирүүлөрүнөн кийин Владимир Фарафоновдун артында Орусиянын саясий күчтөрү турганы белгилүү болду. Депутаттын "Кыргызстандагы орус тилдүү тургундардын абалы тууралуу жазган Фарафонов айыпсыз азап тартып жатат" дегени абдан кыжырымды келтирди. Владимир Фарафоновдун жазган материалында Кыргызстанды, кыргыз элин ачык-айкын каралап, кыздарын сойку дегени бар. Андан сырткары "Ош окуясында кыргыздар өзбектердин башын кесип, топ кылып ойношкон" деп жазган. Качан эле кыргыздар ушинтти эле? Бул макаласы менен Фарафонов ачык эле өлкөдөгү улут аралык чыңалууну күчөтүп жатат",- деди. Ошондой эле Каптагаев Жириновскийге биздин саясатка аралашпоосун, андан башка деле бизде саясатчы-маскарапоздор жетиштүү экенин айтты.

ФАРАФОНОВ КЫРГЫЗБЫ?
Эмил мырза өткөрүп жаткан маалымат жыйынга укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да кирип келип, "бул иш боюнча Жириновскийге мен кайрылгам" деп чыкты. "Бүгүн Фарафоновдой эле каалаган адамдын компьютериндеги материалдар боюнча жоопкерчиликке тартса болот. Бийлик адам укуктарын эске албай, тоталитардык мамлекет кургусу келет. Фарафонов макалаларында "биз, кыргыздар" деп жазган. Демек, ал – кыргыз",- деди Үмөталиева.
Эске салсак, мамлекеттик айыптоочулар журналист Фарафоновдун материалынан улуттун намысына шек келтирген 70 эпизод табышып, мындай ишке баргандар жок дегенде 210 жылга түрмөгө кесилерин билдиришкен болчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Aridan777
2012-06-25 23:17:35
baibolot71 туура айтасын.жирик жиддин маскарапоздук шоусун көрүүнүн,же окуунун өзү адамдын кыжырын кайнатат.Мен үй-бүлөөм менен Москвада жашап ,иштейм, бирок орустар бизди кууп же кандайдыр бир ушу сыяктуу чараларды колдоно турушкан болсо биз дагы жөн калбашыбыз керек деп ойлойм.Кайдагы бир гомиктин бүтүндөй кыргыз элибизди айбанга теңеп жазганы үчүн Россияда мигрант элек деп аны жазалабай же ун
+1
Aridan777
2012-06-25 23:25:57
Россияда мигрант элек,минтип коет,антип коет деп Фарафонов деген гомикти жазалабай жөн койсок эртең эле башкалары чыгышпайбы.Жирик жид го ал келжирей берет.Ал эми Каптагаев мырзага чоң рахмат,башкалары талкан сугунуп алгансып унчугушпайт го.
+1
aiazbek
2012-06-26 02:50:44
санжар рысбек баяманды олтурбой ушуга окшогонду олтурсо болмок....
0
ilgez
2012-06-28 12:17:53
aiazbek,
Алар болсо, бир аз болсо да чындык орноп калмак.
0
zirek.kyz
2012-06-26 07:44:15
Бизге зыяны тийбей,тынчтык менен бутсо экен.
+1
ulutbek
2012-06-26 21:30:26
Демек клоун Жириновский Кыргызстандын оз ишине кийлигишип,Кыргызстандын жараны болгон Фарафановду Кыргызстандын соту соттоп жаткандан кийин,анын иши болбош керек эле.Эгер рф да иштеп жургон кыргыздарды айдап,аларга такыр баштар кол которсо,Кыргызстанда жашап жаткан БУТ орус элин ЖИРИНОВСКИЙДИН жанына кочуруп алыб барыб коюш керек!кандай бакса ошондой багып алсын!(бул орус элине каршы айтылган создор эмес,Жириновскийге окшогон такыр баштарга айтылган создор)
-1
Flower..
2012-06-27 16:01:52
Жириновскийдин атын уксам кыжырым келет.уфф ушул адамдын созу да созбу. аялдардай ажылдай берет,оозуна ээ боло албай.
0
MaksatXXI
2012-06-27 17:07:04
Ха-ха-ха. Бир элге бир эле Жириновский жетет. И так бизде Нурлан Мотуев бар.
0
ai_ka
2012-06-27 18:47:11
Жириновский озу мээсинен айныган. Керек болсо орустардын озун айтып жатпайбы неге ссср женди немицтерди деп.
0
ulankubatow
2012-06-27 21:22:38
Чындыгында орусияда коитогон кызгыз жарандары иштейбиз.Эгерде орусия кийлигише турган болсо коптогон жарандарыбыз ишсиз калышы мумкун.
0
azi.klgd
2012-06-28 00:05:52
аиий, койгула, бул Жириновский ансыз да приезжийлерге тишин кайрап ,командасын бутундой тукуруп, скинхэддерди спонсировать этип журот. биз да Россияда, биздин кун эмне болот анда?
0
Asul
2012-06-28 13:41:26
Корксо да коён өлөт, коркпосо да коён өлөт. Эгер бизге тиш кайрып тийишкилери келип калса, айтса да, айтпаса да турган иш. Андан көрө оруссиядагы кыргыздар сак болгула. Сактыкка кордук жок. А Жириновский (катуу майрамдан кийин башы ооруп турганда) уктап тургандан кийин сүйлөсө керек. Ал маскарапоздун сөзүн чын көрбөгүлө. Бирок сак жүргүлө.
+1
Syrduu_kyz
2012-06-29 09:54:10
Кыргызстандагы орус журналистке Жриновский неге аралашат. Биздин адамдардын канчасы чет жакта соттолмок турсун олуп келип жатат. Орусиядан олуп келсе орустарды кууп чыгалы. Озбектерден олуп келсе анда озбектерди кууп чыгалы биз да. Оздору бизге сокку урган озбектерге эч нерсе кыла албадык го. Биздин бийлик начар болуп жатат да. Эххх ушу!!!... Чырылдап-чырылдап эле калып кетип жатабыз.
+2
roy
2012-06-29 13:56:19
70-80 жылдан бери Россиянын этегине намаз окуп келетко кыкендин чондорунун баары Жон эле суйлой бербегилечи (Туалетке жон барбайсынарго)
-1
temu
2012-07-01 18:54:02
Жириновский Кыргызыма асылышын дагы баштадыбы. Бул адам саясатчы эмес эле сыналгыдан тушпогон маскарапоз десек туура болчудай. Ар бир ишке ушакчы катынчасынан мурдун тыгабергени жакпайт да.
0
tarantaas
2012-07-02 00:04:49
Билген богун жей берсин
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан