Гүлжигит Сатибековдун “Ошко сапар” клибиндеги кыз эсиңиздеби? Жеңишбек Бишкектен Ошко чейин телефондон таанышкан кызды издеп барып, анын жүзүн көргөндө “ой, бакалак!” деп кыйкырып качып жөнөйт эмеспи. Ошол “бакалак” кыздын ролун жараткан Айпери Алиева менен маек курдук.
– Айпери, сени тамашалуу клиптерге тартылган каарман катары жакшы тааныйбыз. Клипке тартылууга кандайча аралашып калдың?
– Жеңишбек Айтиев менен жакындан тааныш элек. Кийин клипке тартылууну сунуштап калды. Ошентип, Жеңишбек менен Кутман Султановдун “Сыргажан” деген клибинде роль жараттым. Ал кезде бойдок элем, бирок клип тартылып, бир жума өткөндө турмушка чыгып кеттим. Былтыр Гүлжигит Сатибековдун “Ошко сапар” клибине тартылдым.
– Жашоодо да тамашакөй адамсыңбы?
– Ооба. Ошол себептенби же талантым бар үчүнбү, билбейм, клипти бир аткаруу менен кайра кайталабай тартабыз. Жеңиш байке менен тартылуу мага аябай жеңил. “Сыргажандын” клибин 7 сааттын ичинде тартып бүткөнбүз.
– Клиптерге тартыла баштагандан кийин көчөдө жүрүү түйшүк жараткан жокпу?
– Көчөдө баратканда адамдар сөөмөйү мени көрсөтүп турушкан болот. Бирок мен ага маани деле бербейм. Көнүп деле калдым.
– Жашооңдо өзгөрүү болдубу?
– Жашоосун өзгөртүп жиберүү деген адамдын өзүнө байланыштуу го. Менде өзгөрүү болгон жок. Ошол эле шайыр, базарда соода кылган Айперимин. Болгону, мени менен көрүшкүсү келген адамдар көбөйдү. Анан да эл мени Бану деп атап алышыптыр.
– Кинодо роль жаратууга сунуш түшсө тартылмаксыңбы?
– Тартылгам. Өткөн жылы “Атымды башка коёмун” деген тамашалуу кино тартылды, ошондо роль жараттым.
– Тасма талаасына чыгууга жолдошуң каршы болбойбу?
– Жолдошум чет өлкөдө иштейт. Албетте, каршы чыгат. “Ошко сапар” клиби менен “Атымды башка коёмун” аттуу киного тартылганымды айткан эмесмин. Апамдан башка туугандарым деле билбей калышат. Качан гана эл арасына тарагандан кийин “сен тиги клипте жүрөсүң го?..” деп айтып келишет. Негизи, сунуш түшкөн клип же кинонун баарына эле макул боло бербейм. Сценарий менен таанышып көрөм, жакса тоскоолдукка карабай макул болом, жакпаса мени эч нерсе көндүрө албайт, ага тартылууга.
– Өзүң жөнүндө кыскача айта кетсең...
– Ош облусунун Кара-Суу районунда 1988-жылы 13-майда туулгам. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Кайын журтумда да улуу келинмин. Учурда 1 кызды тарбиялап жатам.
– Mаегиңе рахмат!
Уулбү Каныбекова
star@super.kg