КЫРГЫЗ ШОУ ДҮЙНӨСҮНӨН БИР БҮРКҮМ КАБАРЛАР...

ИЛЬЯЗДЫН ЖҮРӨГҮ ООРУП...

  • МИРБЕК ИМАНБЕКОВ ата-энесине жардам берип, талаа иштерин катыра жасап Таласта жүрөт. Жакында Ысык-Көлгө гастролго аттанат.
  • ИСА ӨМҮРКУЛОВ ушул жылы фортепиано жана вокал боюнча №4-музыкалык мектепти аяктады.
  • ЖАМИЛЯ МУРАТОВА “Адамият” аттуу ырга клип тарттырды. Анын ачылыш аземи 1-августта, өзүнүн туулган күнүндө болорун маалымдады.
  • МИРЛАН БАЕКОВ Орусияга барып концерт берип келгенден кийин продюсерсиз иштөөнүн канчалык оор экенин түшүндү.
  • ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ кулагына суук тийип, ооруканада дарыланып жатат.
  • ИЛЬЯЗ АНДАШ да жүрөгү ооруп, ооруканага байма-бай каттап жүрөт.
  • САЙРА МОМУНБАЕВА Замир Казакбаевдин “Жашынмак” аттуу тасмасында роль жаратты.
  • Ырчы НУРЗАТ САДЫКОВА быйыл Улуттук консерваторияны бүтүрүп жатат. Ошондуктан учурда мамлекеттик сынактардан колу бошобой чуркап жүргөн кези. Нурзаттын айтымында, окуусунан бошоору менен “Ала-Тоо” деген ырына клип тарттырууга өтөт.
  • “ЖАНЫМ АЙЗАТ көрүнбөй кайда кетти?” деп жатсаңыз, ал дипломдук иш жазуу менен убара. Окуу жайын ийгиликтүү аяктап алса, кайра эле чыгармачылыкка катуу киришет.
  • ГҮЛЖИГИТ САТИБЕКОВ Ошто “Лейлектик кыз” аттуу ырына клип тарттырып жүрөт.
  • НАЗМИ “ысыкта Бишкектен качыш керек” деп кайындарына, Токтогулга кетип жатат. Андан ары Ысык-Көлгө эс алууга барууну пландаштырууда.
  • ОМАР өзүнүн сайтын ачты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
nurbek_posol
2012-06-25 11:29:03
Жамиля Муратова жонундо жакшы кабар. Клибин созсуз жуктоп коюнуздар сураныч ! Аябай таланттуу эже !
0
nazi25
2012-06-25 14:35:58
Гулжигит Калыковдун кулагы сакайып кетсин.
0
nuris89
2012-06-25 16:32:47
butn oorutup alsa da jaza bergile
0
J_n_a
2012-06-25 17:12:32
Г Сатибековдун лейлектик кыз деген ырын аябай кутуп жатам
0
saia4ka
2012-06-25 17:36:49
meni dele bawym ailanyp jatat owony dele jazyp koigyla4y
0
antivir
2012-06-27 09:34:11
saia4ka, ozun ele jazypsyn
0
temir
2012-07-02 16:22:56
Омардындын сайтын бергиле
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан