7 ЖАШАР НАРИСТЕГЕ КОЛ САЛГАН

Өлкөбүздө акыркы убактарда өспүрүм кыздардын зордукталган учурлары көбөйүп жатат. Зордукчулардан жабыр тарткандардын жашы 4 жаштан 16 жашка чейин. Мындай кылмыштардын бети тез ачылуудабы же педофилдер өтө көбөйүп кеттиби? Жаз мезгилинин орто чендеринде да Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери 7 жаштагы кызга кол салган адамды кармашкан.

СУУГА ТУМЧУКТУРУП, МУУНТУП...
Күбөлөрдүн айтымында жана тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон:
11-апрелде кечки саат тогуздарда ээн талаада жетелешип келе жаткан эркек менен наристе кызды Мыкан айылынан Ленин айылына кетчү талаадагы жалгыз аяк жолдо бараткан кыз-жигит байкап калышкан. Эркек жетелеп келе жаткан кыз ыйлап алган. Мүмкүн, аларга кыз-жигиттин көңүлү деле бурулбастыр беле, бирок эркектин кызды зекип, “экөөбүздүн ортобузда болгон окуяны апаңа айтасыңбы?!” деп коркутуп жатканын кулактары чалып калат. Бул сөздү уккан кыз-жигит аларды токтотуп сураштыра башташат. Белгисиз эркек кыздын тууганы болорун, сөз укпагандыгы үчүн жазалап койгондугун айтканы менен, кыз "бул кишини тааныбайм, экинчи ирет көрүп жатам" деп ого бетер шекти күчөтөт. Кыздан айылдагы тааныган адамдарын сураштырып, аларга телефон чалып отурушуп кыздын таежесин таап, ага болгон окуяны айтышат. Таежеси күйөөсү менен жетип келгенде бейтааныш киши качып жөнөйт. Эки эркек кубалап жүрүп аны алыс узатпай кармап, колу-бутун байлап айылга алып жөнөшөт. Жолдо баратып алар 102 номерине чалып, милицияны да чакырышат. Андан кийин милиция кызматкерлерине жолугуп, биргелешип Аламүдүн РИИБине алып келишет.
Кармалгандын өздүгүн аныкташканда ал мурун 8 жолу соттолуп чыккан ошол эле айылдын 45 жаштагы тургуну Николай Ялама деген болуп чыгат. Ал кызды алдап талаага алып чыгып, сууга тумчуктуруп, коркутуп, зордуктаганга аракет кылган. Соттук-медициналык экспертиза кыздыгы айрылбагандыгын, бирок жыныс мүчөсүнүн айланасы бүт көгөрүп калгандыгын, арткы тешигинде да жарааттар бар экенин аныктаган. Учурда кылмышка шектелип кармалган Николай Ялама кылган кылмышын моюнуна албай жаткан чагы. Ал бир нече жолу соттолгондуктан, мындай берене менен ал жакта жооп берип калуудан коркуп, эч кандай көрсөтмө бербей койгон. Өзүнүн  айтымында, абакта бул статья “не канает” экен. Ялама 25 жыл абакта жатып, ал жакта өзүнчө “авторитети” бар болгондуктан, бул кылмыш анын ал жактагы аброюна доо кетирет имиш. Андан көрө мындан мурда жасап, жашырып келген башка кылмышын моюнуна алган.
Мына, окурман, наристе кызды зордуктаса болот да, бул кылмышы үчүн абактагы “авторитетин” жоготсо болбойт экен. Андан көрө киши өлтүргөнү үчүн соттолгону жеңил тура. Кылмышкер үчүн бул күн наристенин тагдырына өмүр бою кара так болуп жазылып, психологиясын бузганы анын “авторитетинен” төмөн экен. Мындан сырткары кылмышка шектелип кармалган Николайдын Аламүдүн районуна караштуу бир айылда грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп иштеген агасы наристенин апасын коркутуп жатыптыр. Анын ою боюнча, арыз ээси күнөөсүз адамды “подстава” кылган имиш. “Наристе алдап жатат, ал эми күбөлөр сатылып алынган. Эгер арызыңарды албасаңар, айылда жашооңор кыйын болуп калат” деп опузалап жатыптыр.

“ЗОРДУКТАГАН ЭМЕСМИН, КИШИ ӨЛТҮРДҮМ ДЕП ЖАТАТ”
Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Мурат Каликулов:
– Бул кылмыш тууралуу бизге маалымат түшөр замат опертоп жөнөп кеткен. Алар айтылган жерге барып, талааны бүт аңтарып издеп таппай жүрүшсө, кыздын туугандары кылмышка шектүүнү кармап, үйүнө алып кетип калышыптыр. Андан кийин гана жолугуп, биргелешип РИИБге алып келишкен. "7 жашар кызды зордуктаганга аракет кылган" деп шектелип кармалган Николай Ялама бул кылмыш тууралуу көрсөтмө бербей жатат. Бирок анын кылмышка тийиштиги бар экендиги тууралуу далилдер жетиштүү. Жабырланган кыз жана кылмышка шектүүнү кармаган адамдар күбө катары көрсөтмө берип, алар шектүү менен беттештирилгенде "ушул адам" деп айтып беришкен. Ялама абдан мас болгондуктан, кылмышын аягына чейин чыгара алган эмес. Зордуктоого аракет кылган бардык белгилер бар. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун моюнунда муунтулгандан, түрткүлөгөндөн калган тактар бар экендиги, арткы тешиги айрылгандыгы ачык көрсөтүлгөн. Мындан сырткары кыздын көзүнүн айланасы көгөрүп, тизелеткендиктен, ал жерлеринде да тактар бар.
Тергөө учурунда Николай Ялама мурун башка кылмыш кылганын моюнуна алды. 19-февралда Ленин айылынын тургуну Савит Кожановдун үйүндө жайгашкан күркөгө уурулукка кирген учурда үй ээси келип калып, аны бычак менен сайып качып кеткен. Кожанов Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, бычактан алган жаракатынан улам бир күндөн кийин каза болуп калган. Буга карата 104-берене боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жаткан эле. Ал иш да мага өткөрүлүп берилип, эки кылмыш бир өндүрүшкө бириктирилген. Яламанын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129-беренелери (зордуктоого аракет жасоо) жана 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул кылмыш иши тергелип бүтүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Жабырланган кыздын апасы Николай Яламанын агасы келип коркутуп жаткандыгы тууралуу арыз жазган. Бул боюнча биз кылмыш ишин козгой албайбыз, ошондуктан бул иш профилактика кылуу үчүн участкалык инспекторлорго өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө канчалаган балдар көчөдө кароосуз жүрүшөт. Мындай учурлардан эч ким камсыздандырылган эмес. Ата-энелер жоопкерчиликтүү болуп, балдарды кароосуз таштабай, дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруулары керек.

 Кыстарылган видео 
7 жашар кыз зордукталды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
Dina88
2012-06-26 20:49:35
Биз андай кылыш керек мындай кылыш керек деген менен алар укпайт деле. Ал зоокур айыптуу кишинин созун угуп олтурушат эмне менин автаритетим кетет деп жатат дейсинер эми анын урматы кетпесин деп куноосун жашырасынарбы ушул кунго чейин созбой бир омурго камаш керек алар болбосо дагы деле чыкса бироого кордук корсотот. Озубузда ойлоп королу Жаш жеткинчек кыздар ушундай болуп жатса келечегибиз эмне болот!!!!!!! Кыргыз элим ушуга окшогон окуяларды окуп, угуп жатасынар балдарынарды кантрол кылгылада
0
Nurbek88
2012-06-27 14:08:38
бул айбанды олумда аздык кылат
0
omo93
2012-06-27 15:52:02
аллах жазасын берсин бул зоокурдун
0
polot
2012-06-27 18:36:16
Урматуу депутатар Окмот Кумторду Мегакомду чыр калабурбей ушундайларга кату жазаны мыйзам менен чыгарбайсынарбы.Аны ордунда кызыныз же кариндашынар же..... болуп балбастан мурда ойгонгула достор
0
Kitep
2012-06-27 20:29:29
Э эгер кыргыздын кызын жасаган болсо,ошо борчик акеси менен кармап жазалаш керек!эгер ал жакка барып калса браттар оздору жазалашат!
0
PRnurgazy
2012-06-28 01:58:32
бизде зокондуу жакшы билишпейт
0
Asul
2012-06-28 14:03:39
Мындай окуялар эмнеге кобойуп жатат? Ыйман жоктугунан, нысап жоктугунан, биздин башчыларыбыздын ушундай проблемаларга конул бурбагандыгынан болуп жатат. Жумуш жок, ичкени арак, сайынганы наркотик болсо, уй-булоосун бага албай кочодо калган, анан крышасы жылганда алсыз тигил кенедей кызга кол салган.
0
amanq87
2012-06-28 14:58:17
бундай айбандардын оздорун олгучо ач кармап аркасына битаны тыгып олтуруш керек айбан адам емес бул зонага жетпей еле олот болуш керек айбан
0
towa
2012-06-28 15:35:17
ukuk korgoo kyzmatkerleri, urmattuu jogorku jaktagylar ozunordu ele oiloi berbei uwundai korduk korup jatkan jaw baldardyn kyzyk4ylygyn ka4an oiloisunar? oilonsonor bolo jawtar Kyrgyzstandyn kele4egi da! ka4an biri birinerdi andyp. biri birinerdi kamatkan dy toktotup uwundai maselelerge konul burasynar ? je Kyrgyzstandy but jep tonop e4 nerse jok kalyp delat` ne4ego bolgondo anan konul burasynarby? silerde voobwe bet jok eken, betiner kalyn eken
0
ai_ka
2012-06-29 01:14:57
Ааа зоокур десе.


0
ai_ka
2012-06-30 12:20:40
Атыш керек эле биринчи кылыш кылганда эле. Мындай зектердин колунан дагы коп нерсени кутсо болот. Биздин чондорубуздун кобу аябай жаман иштерге.барып жатышат. Жаш жакшынакай кыздарды алдам каалаганындай кылат да кийинчерек таштап салышат. Биздин чондоруз биринен бири отуп бандит.


0
seed
2012-06-30 15:58:08
bychkanda emne erten ele turmodon chyksa ochoshup kalsa dagy kanchasyn baktysyz kylat. Olum jazasyn kirgizish kerek. Oshol kyzdyn tuugandary ayantka alyp chygyshyp tash baranga alyp olturush kerek akmakty. Munun baary myizam cheginde bolushu kerek. Owondo jogolot myndai aybandar. Elder akcha bergender uchun emes baldarynyn kelechegi uchun okmotton myndai akmaktarga olum jazasyn talap kylyp piketke chygyshsyn..!
0
tilekbek
2012-06-30 22:24:39
ак кулактар кыргызстанды тоготпой жатат эл алдында сот кылыш керек авторитет повторитине карабай агасы ким экен болгону ак кулак
биз кыргызбыз
0
RossiKG
2012-07-01 23:20:25
Правительство оозун ачпай-ушундай педофилдерди бычып салуу керек,же олум жазасын колдонуу керек!
0
Bishkek
2012-08-01 02:02:13
olkobuzdo zorduktagan koboiyp baratat debei oshogo chara koldonboicunarby. ech nerce kylbai ele super info gazetacyna makala jazyp tigine zorduktady ,munu zorduktady dep otura bergile.jogoruda oturgandardy tyzyldatkyla oshol ishtacin anan toktoit
0
№ 503, 22-июнь-28-июнь, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан