Учурдун эң көп талкууга алынып жаткан тасмасы – Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үйү” болду, сыягы. Бул кинонун жаратуучусун айрымдар ашата сөгүшсө, кээ бирлери «кашкайган чындык» деп макташты. Ал эми андагы каармандар болсо, андан эки эсе күчтүү сынга кабылышты. Анда назарыңыздарда ызы-чууну жараткан аталган тасманын баш каармандары – Атай Өмүрбеков менен Марал Койчукараева.
Марал Койчукараева: “Ролумдан чыга албай жүрөм”
– Марал, айтсаң, “Ээнсиреген үй” тасмасынан эмне таптың?
– Бул менин алгачкы жараткан ролум болгондуктан, өзүмө тажрыйба топтодум. Бир гана кино жаатында эмес, чыгармачылык жактан да. Мендей студент кызга ушундай деңгээлдеги адамдар менен иштешүүнүн өзү эле кандай сыймык. Баары бир москвалыктар башкача келишет, алардын дүйнө таанымы, деңгээли, иштөө сапаты башка эмеспи. Ушулардын чөйрөсүнө кошулганымда укмуштар дүйнөсүнө түшкөндөй эле болдум. Экинчиден, эл көрдүм, жер көрдүм. Кичинемден берки кыялдарымдын бири Парижге баруу болчу. Кинону тартуу учурунда ал шаарды да көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алдыда фестивалдар аркылуу дагы көп чет өлкөгө чыгабыз деп турам.
– Өзүң жөнүндө кеп козгосок, кичи мекениң кайсы жер?
– Мен 1990-жылы 25-январда Ош шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөбүз менен Кыргызстандын ар кайсы жеринде көчүп-конуп жашачубуз. Караколдо, Кара-Көлдө, Бишкекте андан кийин Орусиянын Омск шаарында да жашап жүрдүк. Учурда “Манас” университетинде 2-курста окуйм, буюрса, болочоктогу врач-ветеринармын.
– Азыр сенин ролуң катуу сынга алынып жаткан мезгил...
– Дарегиме айтылган сындардын баарын кабыл алам. Ал менин эртеңки күнүмө тажрыйба. Эгер ал сын жүйөлүү болсо. Мен адаммын да. Сын качан адамга жакчу эле? Баарына жага берүү да мүмкүн эмес. Сөзсүз бир тезиске антитезис чыгат. Эгер бирөөгө жакпасам, ал анын укугу. Адамзаты ушундай экен, кемчилигимди бетиме айтпай, артымдан башка, ТВдан башка сүйлөгөн адамдарды да кезиктирдим.
– “Ээнсиреген үй” сыяктуу тасмага сунуш түшсө дагы тартылат белең?
– Окуума тоскоолдук жаратпай, убактым төп келсе, тартылмакмын.
– Сени “кыргыз киносунда алгачкы жолу уяттуу эпизоддорду аткарып эрдик кылды, төңкөрүш жасады” деп да айткандар бар...
– Буга чейин кыргыз кинолорунда Наталья Аринбасарова, Шайыр Касымалиева деген актрисалар революционер болсо керек, бирок алардын сахналары өнөктөшсүз тартылган. Жалпы ролум боюнча көп сынчылар, актёрлор “жакшы ойнодуң” деп айтып жатышат. Бирок мен канчалык даражада төңкөрүш жасаганымды айта албайм, ал башка адамдарга жакшыраак байкалса керек.
– Биздин гезиттин 10 жылдыгына арналган футболдук таймашта “Театр” командасына күйөрмандык кылып отурбадыңбы, ошондо фильмдеги өнөктөшүң Атай Өмүрбеков менен көк майсаңда кыз-жигиттерче кучакташып жүрдүңөр. Жашоодо да кыз-жигитсиңерби?
– Ал жөн эле адат го дейм, ролумдан чыга албай жүрөм. Сыягы, өнөкөт болуп калган окшойт (күлүп). Атай экөөбүз жакшы достордонбуз, мен антип “красавчик” Жони (актёр Улан Султангазиев) менен деле кучакташа берем. Жигитим муну окуп калса, таарынат да эми. Эгер ал жөнүндө айтып калсам, биринчи силерге билдирем, ээ?
– Мейли. Кайсы ачык эпизодду аткаруу кыйын болду?
– Эң ачык эпизодду Болот Тентимишев менен аткаруу кыйын болду. Ошондо коркпогон жаным корктум десең, анан да ал образын мыкты ойноду, “аж, мне от него противно было”. Эмнеси болсо да профессионал актёр эмеспи. Мага жардам берип, мени уялтпаганга аракет кылды. Атай менен теңтуш катары хи-хи-ха-ха деп эле аткарып койгонбуз. Уяттуу жерлерин аткаруу профессионал актриса болбогондуктан же турмушка чыга элек болгондугум үчүн оор эле болду. Нурбек Эген “Марал – революционерка!” деп тамашалап көңүлүмдү көтөрүп турду.
Атай Өмүрбеков: “Мен өзүмдү эчак жеңгем”
– Атай, салам, алгач кепти өзүң жөнүндө баштасак?..
– Жакшы, мен 1985-жылы 24-апрелде Панфилов районунун Вознесеновка айылында төрөлгөм. Бишкекте чоңойгом. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрдук бөлүмүн окуп бүтүрдүм. “Ээнсиреген үйгө” чейин Чүй облустук театрында, Кыргыз драма театрларында актёр болуп иштеп жүрдүм.
– Кантип Нурбек Эгендин тасмасынан роль алганга жетиштиң?
– Театрдан чыгып баратсам, эшикте Назым Мендебаиров деген байкебиз Алмаз деген киши менен сүйлөшүп туруптур. Мени чакырып “мобул байкең кино тартып жатыптыр, фотопробага келип көрбөйсүңбү?” деп сунуштап калды. Макул болуп барсам, актёрлор толтура экен “ээ,мага кезек жетпейт го” деп кетип калгам. Эртеси келип фотопробадан, андан кийин видеопробадан өттүм. Москвадан Алмаз байке чалып “өттүң” дегенде ичимден жыргап-жыргап алгам, эч кимге сыр билдирбей.
– Сценарийин окугансыңбы?
– Жок, бизге толук сценарийди окуткан эмес. Жөн гана бөлүп-бөлүп берген кагаздагы сценарийди эле окуп жаттык.
– Тасмадагы каарманың түшүнүксүз адамдай... Бир карасаң сүйлөшкөн кызын сүйөт, анан эле Аселди күйөөсүнө кармап берем деп Москвага келип калат...
– Автордун идеясы боюнча, менин ролумдагы Марат – айбан сыяктуу эле адам да. Абдан өзүмчүл, анда “жок, сен бул баланы төрөйсүң, биз үйлөнөбүз, Султанды урганым жок!” деп айта турган эркектик чечкиндүүлүк жетишпейт.
– Марал экөөңөр аткарган уяттуу эпизоддорго сындар ой да жаады го дейм...
– Эми бул нерсени ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт. Мен аны эчак жеңгем. Мен – актёрмун, бул менин кесибим, мен аны менен жашайм, акча табам. Мындан Марал көбүрөөк жапа чекти. Кыз киши эмеспи, "кызга кырк үйдөн тыюу” деп кыргыздар билесиң го “иий, бети жок” деп эле сөз таратып жиберишет. Марал – чыныгы жашоодо абдан шайыр, ак көңүл кыз. Жанагыдай эпизоддорду тартып жатканда кадимкидей буркурап ыйлаган.
– Тасманын дарегине айтылган терс пикирлерди да уксаң керек?
– Эң негизгиси, кино эч кимди кайдигер калтырган жок. Же жамандап жатышты, же мактап жатышты, ортодо эч ким калган жок. Бул биздин жеңиш деп ойлойм.
Лунара Бекиева
star@super.kg