КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ

Куудулдун жоруктарынан

Жардан секиртебиз деп атты өлтүрүп ...

Баданын кезүүсү биздин үйгө туш келип, инилерим менен уйларды Бууган-Тал деген жерге жайып бардык. Ал кезде мен 7-класста окучумун. Үчөөбүз тең колхоздун арык атына учкашып жарды бойлоп баратканбыз. Аңгыча эле тамдын бийиктигиндей болгон чуңкур жерге туш келдик. Ошол жерден «атты секиртип өтөм» деп көгөрө баштадым. Инилерим ыйлактап кирди. Жаман атты камчы менен чапсам, күүлөнүп-күүлөнүп барып токтоп калат. Дагы бир ирет көрөйүн деп артка бастырып барып, чапкылап келип чуңкурга жеткенде ат секирип кетсе болобу! Көзүмдү ачсам эле көтөрүм ат чуңкурдун кырына эки алдыңкы буту менен асылып калыптыр. Биз тырмышып жатып чыгып кеттик. Атты чыгарып алалы деп улам тартабыз же чыксачы. Көпкө кыйналган ат бир маалда көз алдыбызда өлүп калса болобу! Үчөөбүз тең өңгүрөп ыйлаганыбыз азыр да эсимде. Атам колхоздун тракторун айдатып келип, аттын өлүгүн чуңкурдан тартып чыгарган.

«Мээң иштебесе чачың агарат»

Бир жолу сахнага чыгар алдында чачымды кара боёк менен боёп алгам. Анткени башымда ак чач көп. Ошол боёлгон чачым менен ата-энемдикине барып калбайымбы. Атамдын жашы бир топко барып калса да чачы кара эле. Чай ичип олтурсак эле карындашым:
– Эмне, чачыңды боёп алдыңбы?-деп калды.
– Ээ, менде проблема деген көп. Чачымды ак басып кетти. Боёгонго туура келип жатат!- дедим. Анда атам:
– Эмне, атаңда ой-санаа жок дейсиңби?! Болбогон эле нерсеге мээң жетпей кыйнала берсең агарат да!- деп мени өчүргөн.

Болгон окуялардан

Абийири жабылган текшерүүчү

Токтосейит деген таякем кайсы бир жылдары башкарма болуп иштеген. Кийинчерээк башкармалыктан түшүп, колхоздун малы менен тоого чыгып чабан болуп кетти. Ошондой күндөрдүн биринде райондон текшерүүчү келип калат. Текшерүүчүнү Туту дегендин үйүндө аябай сыйлашып, ал мас болот. Жатарга келгенде таякем менен текшерүүчүгө бир төшөк салып беришет. Ошентип, баары түнкү уйкуга киришет. Түн ортосунда таякем ойгонсо, текшерүүчү кетмекчи болуп кийинип жаткан болот. Анын жаткан төшөгү сууланып калганын байкаган таякем аны дароо этектен кармап:
– Сыйыңдын барында жат! Антпесе ит абийириңди чыгарам! -деп коркутат.
– Токе, ушул балээден мени куткара көр, төшөккө жайлап койгонумду өзүм да билбей калыптырмын. Кааласаң эки кунаажын тартуу кылайын,- дейт.
– Мейли, күн чыккычакты жата бер. Мен “тур, мейман, тур” дейм. Уктамыш болуп жата бер,- дейт. Экөө сүйлөшкөндөй эртең менен таякем “тур, мейман, тур!” десе да текшерүүчү сыр бербей жата берет. Таякем “турбаган кандай конок?!” деп бир чака муздак сууну үстүнө чачып, текшерүүчүнүн абийирин жаап, өзү эки кунаажындуу болгон экен.

«Ылдыйраак жагыңызды кашыңыз...»

Илгери бир сараң бай болуптур. Ал өзү жашаган боз үйдүн кире бериш жерине төшөктөн калыңдап бийик салдыртып, келген конокко үстүртөн көз кырын салып олтурчу экен. Бай таягы менен жерди 3 жолу тыкылдатса, 3 чыны гана кымыз куюлчу. Ал эми санын кашыса сан эт, кабыргасын кашыса омуртка менен кабырга, колун кашыса күң жилик, далы конокко тартылчу экен. Күндөрдүн биринде кошуна айылда жыйын болуп калат. Жыйындан кайткан аксакалдар абдан суусашат. Анда алардын арасындагы амалкөй Түкөнбай:
– Сараң байдын үйүнө жакындап калдык, кайрылып кымыз иче кетели,- деп калат.
Жанындагылар алгач макул болбогону менен акыры Түкөнбайдын айтканына макул болушат да, анын үйүнө бурулушат. Түкөнбай аттан түшүп жатып:
– Ассолому алейкум, байым! Абдан суусап келатабыз, таягыңыз менен жерди аянбай эле сабап, кымыздан аянбай эле куйдуруп бериңиз!- дейт.
Уяла түшкөн бай кымыздан аянбай бердиртет. Үйгө киришип кымыз ичип олтурушканда бай кабыргасын кашый баштаганда кайран Түкөнбай:
– Ээ, байым, ылдыйраак жагыңызды кашыңызчы?!- дейт.
Ошентип, уятына чыдабаган сараң бай бир кой союп келгендерди коноктоптур.

Сатира

«Итиңиз болуп берейин»

Эшикти орто жаштардагы ай чырайлуу айым ачты. Анын кирпиктери нымдалып турган эле.
– Кутмандуу күнүңүз менен! Гезиттеги жарыя боюнча келген элем...
– Келиңиз, келиңиз! Табылдыбы?! Кайсы жерде жүрүптүр?- деп сүйүнүп кетти.
– Билесизби, итиңизди таба элекмин. Анын өзгөчө белгилерин толук билип алсамбы деп келдим...
Айымдын жүзү сумсайыңкы тарта түштү да, мага ити жатчу орундукту, ага даярдалган колбаса, консерва, таттууларды, киринтчү ваннасынан өйдө көрсөттү. Айымдын убайымдуу жүзү мени кайдыгер калтырбады. Дегинкиси, мен анын сообуна калып итин таап бергим келбеди беле! Ал арманын айтып, бугун чыгарып бүтө электе аёо сезимим менен:
– Итиңиз болуп берейин, макулсузбу?- деп бутуна чөгөлөп жалоорудум. Анда ал да мени кылгыра тиктеп, «макул, күчүгүм» десе болобу!

Акимдин кыялы

«Кызматтан кыйшая элегимде атам же апам көз жумуп кетсе болот эле,- деп арман кылат дейт бир райондун акими. Иш оңдой берди болуп, оюм оңунан чыкса, биринчиден, элден түшкөн кошумчадан байысам, экинчиден, атын айылга койдуруп, арбагынын алдында жүзүм жарык болот эле да»,- деп кыялданган экен.

Азыркы учур куудулдун көзү менен

«Таарынбачы, кризис...»

Кезектеги кездешүүдө сүйгөн кызы жигитине:
– Мени жакшы көрбөй бара жатат окшойсуң, -деп таарыныч артып кылтыят.
– Эмнеге антип жатасың?
– Билбейм, мурункудай үзүлүп түшүп жалынганың калып баратат. Жыпар гүлдөн жылдызга чейин арнай берчү элең.
Анда жигити:
– Ага таарынбачы?! Азыр төгүлүп-чачылгандай заман болуп турабы? Кризис, жаным, кризис -дептир.

Шарипа Бекташева
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 334, 27-март-2-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан