ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-июлдан 8-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн аптада иш боюнча чечилбей келген маселелер кайрадан көтөрүлөт. Маселени өз пайдаңызга чечүү үчүн керектүү адамдар менен мамиле түзө билсеңиз, сиздин пайдаңызга чечилет. Ал эми жеке жашооңузда үй-бүлөлүк ынтымакка доо кетпеши үчүн күтүүсүз сүйүү азгырыгынан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында эс алууга убакыт албасаңыз, ден соолугуңуз кескин начарлап кетүүсү мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада тобокелчиликке сала турган иштер чыгат. Коркпостон кадам таштаңыз, жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болмокчу. Бойдоктор, жактырган адамыңызга сүйүүңүздү билдирүүдөн тартынбаңыз. Шаршембиде үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктер чоң чырга айланышы мүмкүн. Мындайда эмоцияга алдыруудан этият болуу керек. Апта соңунда буюм сатып алуу үчүн базарга баш багасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта жумушуңузда жаңы иштерди пландоо менен башталат. Активдүү болуп, мыкты идеяларды табууга аракет кылыңыз. Идея ишке ашса, каржылык абалыңызды чыңдоого мүмкүнчүлүк бар. Аптанын экинчи жарымында кечиримдүү болсоңуз, таарынышкан адамдарыңыз менен мамиле кайрадан өз калыбына келет. Дем алыш күндөрү табият кучагында эс алууга жөнөшүңүз күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кесиптештериңиздин оюн угуп иш кылсаңыз, жакшы жетишкендиктерге ээ болосуз. Бойдокторго сүйүктүүсү менен үй-бүлө куруу маселесин чечип алууга ыңгайлуу учур. Көрө албастардын жалган жалаа, ушактарынан көңүлүңүз чөгөт. Себеби далили жок ушактар жакын адамдарыңыздын сизге болгон көз карашын өзгөртүп жибериши мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул апта сиз үчүн оор болмокчу. Ага карабастан өз алдыңызча чечим кабыл алып, иш кылууга ашыкпаңыз. Катачылык кетирип, маселе жаратып алышыңыз мүмкүн. Андыктан иш билген кесипкөйлөрдүн жардамына кайрылуу оң. Жакын деп эсептеген досуңуз сатып кетип маанайыңыз чөгөт. Аптанын аягында узак сапарга аттанууңуз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Негизги ишиңиздин жыйынтыгы жемиштүү болсун десеңиз, майда иштерге убакыт коротуунун кереги жок. Материалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эмоцияга алдырып бейтааныш адамдар менен чатакташып кетүүдөн алыс болуңуз. Дем алыш күндөрү көңүл ачуучу жайга чакыруу болмокчу.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын биринчи жарымында үйдөгү чарба иштери менен алектенип, оңдоп-түзөөгө туура келет. Акча иштеринде алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз. Ошондой эле жакын адамыңыздын маселесин чечип берүүгө туура келет. Аптанын экинчи жарымында жашоого болгон көз карашыңызды түп тамырынан бери өзгөртүүгө түрткөн окуяга туш болосуз. Бул окуя турмуштук жолуңузга жакшы сабак болот дешет жылдыздар.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта ичи жалаң жакшы маанай тартуулаган окуялар менен коштолмокчу. Эски таанышыңызга кезигип, жакшы кабар угасыз. Ошондой эле алыстагы туугандарыңыздыкына конокко аттанышыңыз күтүлүүдө. Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар үчүн жаңы идеялары ишке ашып, жемиштүү болмокчу. Бойдоктор болочоктогу өмүрлүк жарына кезигүүсү мүмкүн. Андыктан кайсы жерден болсо да жактырып калган адамыңыз менен таанышууга жан үрөңүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын алгачкы күндөрүндө жумушуңузда жетекчи менен пикир келишпестик жаралмакчы. Бирок туура түшүндүрө алсаңыз, жетекчиңиз сиздин оюңуз туура экендигине ынанып, ишиңиз илгерилейт. Үй-бүлө мүчөлөрү менен акча маселесинен улам таарынышуу келип чыгышы мүмкүн. Жума күнү кечинде чыккан иштен баш тартып, ден соолугуңузга кам көрүп, үйдө болгонуңуз оң.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада иштериңизди бүтүрүү үчүн бирөөдөн жардам күтпөңүз. Өз күчүңүзгө ишенип аракет кылыңыз. Жардамга чакырган адамыңыз убагында ишти аткарбай убара кылат. Капчыгыңыз зыянга учурап калуу коркунучу бар. Андыктан акча жаатында сак болуңуз. Эс алуу күндөрү сиз үчүн жол жүрүү кооптуу болгондуктан, үйдөн алыс чыкпай, алыскы жолго пландалган сапарды кийинкиге жылдырууну жылдыздар эскертишет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта ичинде майда, бирок пайдалуу бир топ маселелерди чечип, иштерди бүтүрүүгө жетишесиз. Жеке жашооңузга тиешелүү маселе болсо, жакындарыңыздын кеңешине кулак салуу ашыкчалык кылбайт. Жумушуңузда бардык иштерди соңуна чыгарууга бар күчүңүздү жумшаңыз. Болбосо кийинки аптада башка иштерге алаксып, убакыттын тартыштыгын жаратат. Жекшембиде конок күтүүгө камына бериңиз, чакырылбаган меймандын келиши күтүлүүдө.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иш кылууда акыл калчап ойлонуп көрүп, анан чечим кабыл алыңыз. Болбосо чечим туура эмес жыйынтык берип, зыянын тартып калууңуз мүмкүн. Бойдоктор үчүн сүйүүсүн билдирүүгө же баш кошуу сунушун киргизүүгө ийгиликтүү апта. Апта соңунда эс алууга убакыт бөлөм деп, маанилүү иштен куру калбаңыз. Андыктан бардык ишке көңүл бура жүрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан