АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (сериал)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Жаштардын чөйрөсүндө Жаныбек өзүн абдан ыңгайсыз сезди. Өзүнөн бир топ жаш кичүү улан-кыздардын сүйлөгөн сөздөрү, тамашалары, оюн-күлкүлөрү Жаныбекке таптакыр кызыксыз туюлду. Чындыкты Алинага айта албай жаткан кезде анын курбуларына да калп айтып, “балдарым жок, үйлөнүп, ажырашканмын” деп айтууга бул жерде да аргасыз эле. Бир гана ойлогону, Алинаны алып, мындай ызы-чуудан тезирээк кетүү. Аялы, балдары бар экенин ага айтып, жүрөктү өйүгөн бул маселе менен биротоло кош айтышуу анын бүгүнкү каалап турган иштеринин бирине айланды. Ичинен “мен бул жерде көңүл ачып отуруунун ордуна Жаннаттын жанына барып жарым саат отуруп, анын ал-абалын сурап кайтсам болмок. Ал менин колдоомо, жардамыма, жөн гана көңүл буруума муктаж болуп турган күндө минтип жаш кыздар менен көңүл ачып жүргөнүм адамгерчиликке жатпас. Жок, мындай ээн баштыктан, жоопкерчиликсиздиктен баш тартуум керек. Так азыр кетишим керек бул жерден” деп өзүн ичинен жемелеп, ордунан турду.
– Камила, дагы бир жолу туулган күнүң менен! Эми силер жакшы отургула, мен барайын. Чукул иштерим бар эле.
– Кеч киргенде чукул иштер күчөйт да, негизи. Ха-ха... Дагы бир аз отурсаңыз болмок. Эмне дейбиз, шашылыш иштериңиз болсо, кыйнай албайбыз,- деп Камила коногун узатууга ордунан турду.
– Токтоңуз. Жаныбек байке, мени таштап кетип калганы турасызбы, мен да кетем. Жолдон мени үйгө таштай кетсеңиз жакшы болмок. Анан да жана сиз мага «маанилүү кебим бар» дедиңиз эле, аны айтып аласыз.
– Сени курбуңдун туулган күнүндө азырынча кетпейт го деп ойлодум.
– Камилага баарын түшүндүрүп койгом.
– Андай болсо кеттик.
Экөө ээрчише кечеден чыгышты. Алина баягысындай эле шакылдап, бирде тамашалап, бирде сынап сүйлөп көңүлү көтөрүңкү. Жаныбек болсо, "ушул жолугушуубуз акыркы болсун, мындан ары экөөбүз бири-бирибизди таптакыр тааныбаган адамдарбыз. Мен үй-бүлөлүү эркекмин" деген сөздү айтууга ичинен камданууда. Улам кепти бурмалап, үй-бүлө, бала, ишеним жөнүндө сөз баштайт. Жаныбектин бул сөздөр менен ичинде эмнени айткысы келип турганын Алина билген жок. Ал баарын өзүнө кабыл алып жатты. “Чынында эле Жаныбектин мага болгон ою түз экен, башкаларчылап “жүрү, бир жерге түнөп келели” дебей, үй-бүлө, бала жөнүндө сүйлөйт. Демек, мага үйлөнгүсү келет. Ажырашса эмне болуптур, өзү татынакай, шыңга бойлуу, жароокер, камкор, эң башкысы, акылдуу адам. Анан да машинасы бар, акчасы көп. Жашына карап өзүм менен тең бирөөгө тийип алганда ал мени бага алабы, бага албайбы, ал суроо. А Жаныбекке тийсем, жыргайм да” деп ойлонду да, Жаныбектин оозун колдору менен акырын жаап:
– Жаныбек байке, мен түшүндүм, баарын түшүндүм.
– Чын элеби?
– Ооба, эки жүрөк бирин-бири сүйүп турганда ал жерге эч кандай сөздүн кереги жок. Мен сиз айта турган сөздөрдү жүрөгүм менен угуп алдым. Жүрөгүңүздү тыңшасам, “Алина, мен сени жакшы көрөм, мага турмушка чыкчы” деп жатат. А менин жүрөгүм болсо, мен эч нерсе деп айта электе эле “ооба, Жаныбек байке, мен түбөлүк сиздики болууга макулмун” деп жообун берип койду,- деп шаңк эте каткырып күлдү да, Жаныбектин көздөрүнө кадалды. Жаныбектин оозунан сөзү түшүп, унчуга албастан бир топко дендароо туруп калды. Акырында кыздын ачык мүнөзүнө таң кала:
– Койчу, ошондой болдубу? Ай, сени, тентек кыз десе.
– Же мен калп айтамбы, айтсаңыз?
– Жок... Ой, ооба. Сен баарын туура түшүндүң, чынында, алтынчы туюмуң укмуш экен. Айттырбай туруп баарын билип алдың. Сендей кыз дүйнө жүзүндө бирөө гана да. Ошондуктан сени жактырдым.
– Коюңузчу. Бирок чындыгында эле дүйнөдө мендейден бирөө эле, калгандары башкача. Алар башка адамдар, башкача ойлонот, башкача жашайт, башкача сүйөт. Бирок бири да сизди мендей сүйө албайт.
Табиятынан мүнөзү ачык, шайыр кыз ушинтип оюндагысынын баарын ачык эле айтып койду. Жаныбек тилинин учунда турган “менин үй-бүлөм бар” деген сөздү айта албай, бул күнү да өзүнө капа болгон бойдон үйүнө кетти.
Ошол күнү Жаныбек өз күнөөсүн сезип, балдарынын жүзүн карай албады. Демейдегидей үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу отуруп тамактанууга да даабады. Самат менен Айжамал уктап калган соң алардын бөлмөсүнө кирип, экөөнү маңдайынан сылап, ичинен кечирим сурап жатты. Ошол түнү балдардын бөлмөсүндө түнөдү.
Күйөөсүнүн мындай кызуу күндөрдү башынан кечирип жүргөнүнөн Жаннат акыркы күндөрү шектене баштаган болчу. Үйдөн ким келбесин “Жаныбек кайда? Качан кетти, качан келди, кечээ үйгө түнөдүбү?” деген суроолорду көп берет. Тумар канчалык көргөн-билгенин Жаннатка айткысы келип турса да, тилин тишине катып унчукпайт. Оюнда билбегени эле оң деп турган. Бирок бул окуяны эчак эле Айжамал апасына айтып келген. Жан дүйнөсүн кыйнаган бул көйгөйдү бүгүн курбусу, бир чети абысыны Тумар менен бөлүшкүсү келди.
– Тумар, байкасам, мага эч нерсени айткың жок. Сен жашырган нерселердин баарын эле билем.
– Эмнени?
– Жаныбектин жүрүм-туруму тууралуу айтып жатам. Албетте, сага сезилбеши деле мүмкүн. Азыр айтсам, машинесинен Айжамал таап алган аялзатынын буюмдары туугандардыкы же кесиптештердики чыгар деп мени жибите баштайсың, аны билип турам. Бирок Жаныбектин өзгөргөнүн менчелик эч ким билбейт. Күн сайын жок дегенде эки ирет келип ал-абалымды сурап турган, мага күйгөн, мени аяган жолдошум азыр кайда? Мына бүгүн мага келбегенине туптуура 8 күн болду. Элестетсең, бир жакка кеткен болсо да жөнү бар, бир шаарда туруп, мага келе элек. Күнүнө бир ирет телефон чалып, оозун араң эле кыймылдатып “кандайсың?” деп коёт, болду. Башка кеби жок. Өзүм чалсам, телефонун албайт. Эки күн мурун акча түгөнгөнүн айттым эле, бүгүн эртең менен Уландан берип жибериптир. Муну мен кандай түшүнүшүм керек? Жаныбектин бирөө менен жакын мамиледе жүргөнүнөн шегим жок. Ал өзүнө болочок жубай тандаган экен. Демек, менден үмүтүн үздү, мени өлөт деди.
– Койчу, Жаннат, өз көзүбүз менен көрбөгөн соң эч нерсе айта албайбыз.
– Көз көрбөгөнү менен, жүрөк сезип турат. Ал соо жүргөн жок. Жаныбек менен таанышкан күндөн бери мага мындай салкын мамиле кылган эмес. Эми минтип күнүм түшүп турганда ал менин дагы бир чоң үмүтүмдү талкалады, уратып түшүрдү, бырчалап салды тирүүлөй.
– Сен мындай күндө, тескерисинче, күчкө толуп, өзүңдү бийик көтөрүшүң керек. Балдарыңдын келечеги үчүн, алдыдагы бактылуу турмуш үчүн күрөшүп, белди бекем буушуң керек.
– Бир чети сенин айткандарың да туура. Жаныбектин менин көзүм тирүү турган күндөгү жүргөн жүрүшү ушул болсо, анда мен жокто кандай болорун алдын ала билдим. Ансыз да кечээ аябай букка толуп ыйлап жатып, Айжамал менен Саматты ойлоп, кантип сыртта эки сааттан ашык басып жүргөнүмдү билбей калыптырмын. Палатага келип, саатты караган соң гана өзүмдүн эрдигимди билдим.

(Уландысы кийинки сандарыбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Peri12
2012-07-02 13:06:49
Эрге ишенгенче эки босогоно ишен:'(
+1
Angel19
2012-07-02 13:06:50
dagi bir juma kopton ele jazgilachi
0
Dinai95
2012-07-02 14:25:37
тезинен эле айта салбайбы менин уй булоом бар деп, озун да, жубайын да, алинаны да кыйнайт ко
0
aliya-leyla
2012-07-02 15:57:27
эркектер ушу да
0
istina
2012-07-02 22:22:15
пендебиз да!Мындайлар толуп жатпайбы,аялы оорубаса деле кылыпчы!Мунун баары барып эле ич ара мамилеге такалат.жубайы бере албаган жылуулукту башкадан издеп кетип дегендей.
0
asemka
2012-07-03 00:14:10
жанатка куч кубат берсин
0
saia4ka
2012-07-03 03:25:25
baldarym bar dep aitpaiby jok degende, aialyn goo jon koioiun.
0
KG.aiba
2012-07-03 18:44:45
Alinanyn oilogonun karasan,kyzdar 4yn ele uwundai bolup kaldyby?
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан