Талас
Эл жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган классикалык чыгармаларга акыркы мезгилде анча назар салынбай калган. Ошондуктан Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин жамааты Таласка маданий сапар менен барып, улуу жана кичүү муундардын башын бириктирип концерт берип келди.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чара Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектепте болуп, ага зал толо көрүүчүлөр келишкен. Кыргыз Эл артисти Дарика Жалгасынованын айтымында, программада классикалык музыкага басым жасалгандыктан, көрүүчүлөргө түшүнүксүз болот го деген кооптонуу жаралган. Бирок эл жык-жыйма келип, классикалык музыкага болгон сагынычын таратып алыптыр.
Айдай Асанбекова