ЧОЛПОНАЙ: «КҮЙӨӨСҮНӨ БАШ ИЙЧҮ АЙЫМДАРДАН ЭМЕСМИН»

Бул аптанын каарманы – ырчы Чолпонай. Бул ырчы кыз алгач «Ак Шоола» балдар хорунда ырдап эл алдына чыгып, кийинчерээк «Кылым» тобунун ырчысы катары көпчүлүккө таанылган. Учурда Чолпонай көпчүлүк жигиттердин кызыгуусун арттырып келет.

ЧОПА ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

Толук аты-жөнү – Кенжекулова Чолпонай Каныбековна
Туулган жылы – 1988-жыл, 3-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Лакап аты – Чопка, Чопа
Бою – 164 см, Салмагы – 53 кг
Тамшана жеген тамагы – Тоок этинен жасалган тамак-аштар жана европа ашканасы
Фобиясы – Жылан
Хоббиси – Сууда сүзүү
Жакшы көргөн жаныбары – Бардык жаныбарлардын балдары
Репертуарындагы популярдуу ырлары – «Ша-ла-ла», «Эквалайзер», «Кыргыз кызы", «Эрке кыялдар", "Эркелейм"

ЧОЛПОНАЙ ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ:

– Китеп окуган жагат, өзгөчө В.Набоков, Д.Браундун чыгармалары.
– Кофени жакшы көрүп ичем.
– Күзгүдөймүн, мага кандай мамиле жасашса, мен да ошондой мамиле кылам.
– Эмоционалдуумун, кубанганда так секирип сүйүнсөм, капаланганда ыйлап, айтар сөзүмдү айтып бугумду чыгарам.
– Жактырбаган адам менен такыр сүйлөшпөйм.
– Жашоодо түнтмүн, бирок шайыр болууга аракет кылам.
– Кек сактабайм.
– Материалдык байлыкка кызыкпайм. Эгер байлык же сүйүү деген тандоо болуп калса, албетте, сүйүүнү тандайм.

– Чолпонай, айтсаң, өзүңө айтылган сындарга кандай карайсың?
– Кээде окуп, угуп калам. Эгер сын орундуу болсо, түз эле кабыл алып, кемчиликтеримди оңдоого аракеттенем. «Акырын ырдайт экен, үнү чыкпайт» деген сындар болгон, ооба, аны мен туура түшүнөм, бирок менин ырдоо стилим ушундай да. Анан жөн эле сүйлөп, сындай бергендерге күлүп гана тим болом.

– Ырчы болуп, эл көзүндөгү адам болом деп кичине кезиңде ойлодуң беле? Кепти ошол балалыгыңа бурсак, эмнеси менен эсте калды?
– Ооба, кыязы, ырчы болом десем керек, «Ак Шоолада» тарбияланып калбадымбы. Андан тышкары кесибим боюнча журналистмин. Балалыгымдын көп эле бөлүгү бир топ таланттарды таптап чыгарган «Ак Шоола» балдар хорунда өттү. Гастролдорго чыгып, жаштайыман чыгармачылыкка аралаштым. 11 жылдык убактымды ушул хордо өткөрүп, ал жактан тарбия алып калганыма аябай ыраазымын. Ошентсе да келечекте өз кесибим боюнча иштейм деген ойлор бар.

– Чолпонай, сени башкалар сыяктуу улуттук кийимде көрө элек экенбиз...
– Кичине кезимде кийип койгом дебейимби. Андай улуттук сахна костюмдарды «Ак Шоолада» ырдап жүргөндө көп эле кийдим, кырк чач өрүп, чыптама кийип дегендей. Балким, ошондо тажап калсам керек. Азыр заманбап стилде кийингенди жактырам.

– Ашкана, үй жумуштарынан качпайсыңбы?
– Мурда бир туугандарым кичине болгондуктан, үй жумуштарын өзүм жасачумун. Азыр кол кабыш кылганга жарап калышты. Ашканада манты, бешбармак сыяктуу даярдалышы кыйын тамактардан тарта жасай алам. Буга чейин палоо басканды билчү эмесмин, жакында биринчи жолу бастым, мактагыдай эле болду.

– Спорттун кайсы түрүнө кызыгасың?
– Учурда келбетимди көзөмөлдөп туруу үчүн жумасына 3-4 жолу машыгуу залына барам жана сууда сүзүү менен алектенем.

– Учурда футбол күйөрмандары үчүн майрам болуп жатат эмеспи. Дегеним, сен да футболго кызыгасыңбы?
– Ооба, футбол күйөрмандарынын катарына кирем. Досторум менен футбол көрүү үчүн чогулуп, атайын көрсөтүүчү жайларга барып калабыз.

– Анда кайсы өлкө үчүн күйүп-бышып жаткан чагың?
– Орусияга жан тартып, колдоп жатканбыз, жеңилип калбадыбы. Негизи, командалардан «Барселонанын» күйөрманымын, Мессинин ойногонун өзгөчө баалайм.

– Интернет менен доссуңбу?
– Албетте, азыр замандын талабы менен бардык нерсе техникалашып калбадыбы. Мен да эл катары социалдык тармактардын колдонуучусумун, анан музыкадан баштап, америкалык сериалдар менен дүйнөлүк премьераларды көчүрөм, керектүү кеп-кеңештерди алам. Электрондук варианттагы китептерди кол телефонума көчүрүп алып, ыңгайы келгенде окуп калам. Таң калганым, менин атым менен дагы 3-4 киши катталып алып, колдонуп жүрүшөт экен.

– «Киноманмын» деп каласың, кандай кинолор жагат?
– Мага көбүнчө турмуштук сериалдар жагат. Мисалы, «Доктор Хаос» сыяктуу, көрүп жатып эле көп нерселерди билип алууга болот.

– Сырларыңды ким менен бөлүшөсүң?
– Сырдаштарым – эң жакын курбуларым, ар биринин оюн угуп, кеңешип турам. Алар дайыма жанымда колдоп турушат.

– Учурда бойдок айымдардын тизмесинде эмессиңби. Жигиттер менен көчөдө таанышкан учурлар болду беле?
– Жок. Дайыма эле шашып басып жүрөм. Анан ойлонуп баратканда кабагым бүркөө, маанайым жоктой көрүнөт. Мүмкүн, таанышкысы келген жигиттер мындайымдан чочулап, даап басып келе албаса керек.

– Ала качуу боюнча сенин көз карашың?
– Терс көз караштамын. Азыркы коомдо да актуалдуу темалардын бири болуп жатпайбы, эң көп ажырашуулардын да түпкү себеби ала качуу. Бири-бирин билбеген эки жаш кантип жашоо куруп кете алмак эле?

– Келечекте жолдошуңдун кайсы тармактан болушун каалайт элең?
– Орустун көрүнүктүү актёрунун айткан сөзү бар, «актёр эркек дайыма эле толук кандуу күйөө боло албайт» деген. Ырчы же актёр мырзалар дайыма өздөрүн карап, сыланып жүрүүгө туура келет эмеспи, андай мырзалар менин табитимде эмес. Банкир же бизнесмендерди деле түшүнө албасам керек. Мага менин жан дүйнөмдү түшүнгөн жөнөкөй жигиттер эле туура келет.

– Анда сенин кыялыңдагы жигит кандай болду экен?
– Мен ханзааданы элестетпесем дагы, өзүн алып жүрүүсү, мүнөзү чыныгы эркектерге тиешелүү болгон, чечкиндүү, эмгекчил, көп деле сулуу эмес, жөнөкөй, акылмандуулук сапатка ээ жигиттер кыялымда. Бирок мындайлар азыр барбы, билбейм.

– Сенин оюң боюнча, үй-бүлөнү ким башкаруусу керек?
– Мен ойлойм, аялы жана күйөөсү тең укуктуу болуш керек деп. Себеби тең укуктуу үй-бүлөдө кандай гана көйгөй болбосун оңой чечилет. Анан эркектердин «мага болот, сага болбойт» деген маанайдагы көз караштары жакпайт. Мен күйөөсүнө баш ийип кала турган айымдардын катарын толуктабайм.

– Бой жетип калбадыңбы, үйүңөргө куда түшүп келгендер болуп жатабы?
– Мм... Келген учурлар болгон, андайда ата-энем менден сурашат, «кызым, эмне дейсиң?» деп. Ушундай такыр жакпайт. «Таанышып көр, балким, жактырып калаттырсыңар бири-бириңерди» дешет. Мен кайдан билем, балким, ал баланы да зордоп эле тааныш деп жаткандыр. Жаштар өздөрү табышса туура болот деп ойлойм. Себеби жашай турган өздөрү да.

– Так секиргениңе караганда учурда жүрөгүңдүн ээси бар окшойт?
– Ммм... Кандай жооп берсем?.. Бар.

– Анан качан ачыкка чыгайын деп жатасыңар? Дегеним, сенин жигитиң шоу-бизнес тармагына жакшы эле таанымал мырзалардын бири дешет...
– Жеке жашоом жөнүндө ачык айткым келбейт, ар түрдүү сөздөр болушун каалабайм.

– Оо, анда той болчу күн деле алыс эместей?
– Балким... Кудайдын буюрганы го, эртеңки күн кандай болорун эч ким билбейт да.

– А чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар?
– Жакынкы күндөрү Ысык-Көлгө барып, жаңы жаздырган ырыма клип тарттырайын деп тилек кылып жатабыз. Жана да телеканалдардын биринде алпаруучу Ольга Че менен биргеликте «Дресс-код» деген аталыштагы берүүдө алып баруучулук кызматын аркалап жатам.

– Маегиңе чоң рахмат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Назгүл Исакова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чолпонай: "Күйөөсүнө баш ийчү айымдардан эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
mirbek.88
2012-07-03 05:05:23
Тен укуктуу деген созуно кошулбайм анткени уйбулодо эркек адам главный болушу керек!!!ыйманын жок кыз экенсин андан коро намаз китеп алып окусан боло.
0
Love_kg
2012-07-03 11:33:14
mirbek.88, мужчина глава семьи болгону менен все равно аялынын созун угат!!!
0
AFRODITA-89
2012-07-03 15:33:03
mirbek.88, сага кошулам уй булону эркек башкарыш керек, бирок акчаны аял кармаш керек берекелуу болот!
0
Buma
2012-07-03 05:22:35
"Күйөөсүнө баш ийчү айымдардан эмесмин"- maga ozuno ishengendigi abdan jagat, al ozunun akylduuluguna da ishene bilgenin bildiret. Abdan achyk, shayir, publikaga jagyin dep kalpty yshkyrta berbeit. Biz bolgonu adamdyn kandai bolso, oshondoi kabyl alganydy uironushubuz kerek!! Chopa ALGA :)
0
muslima92
2012-07-03 10:38:15
Айланайындар аял менен эркек эч качан тен укукту боло алышпайт. Тен укуктуу кылабыз деп аялдарыбыз тепселенип жатышат. Аялдын озунун укугу эркектин озунун укугу бар.
0
nazi25
2012-07-03 14:29:40
muslima92, Туура айтасын.Аял эркек бири биринин укугун талашпай,оз укуктарын билишсе,бактылуулука жетишет.
0
Emil.
2012-07-03 12:19:04
Адашып 200-300сом дейм деп доллор деп алыптыр..тушунобуз болуп турат. Ашыкча эле иширип койупсун.
0
AFRODITA-89
2012-07-03 23:26:04
Emil., Мактанып алды окшойт ээ 200-300доллар деп асманга чыгып кетпедиби деймда мындан атактуу инсандарда андай акчага кийип ала бербесе керек Сахнанын кийими десе да бир жон кийген кийимим деп ататго
0
melis1983
2012-07-03 13:05:58
магада жакпайт кичине узунуаак кийсе болот чачы жакпады
-1
nelli
2012-07-04 00:41:23
лично таныбайт экем,укпаган да экем. А так жылдыздуу кыз экен.
0
zhamalidin.aika
2012-07-04 01:09:01
не знаю она как то фальшивит что ли!!!
0
nurijan
2012-07-04 20:01:06
arytasa jakwy bolmok!yrlary uksa bolot...orto.
0
Bade22
2012-07-05 10:56:00
Voskresen'e saiyn oromo jesen kantip aryktait elen.kichine aryktaw kerek bul kyzga!
0
zema
2012-07-05 13:53:30
Эркек мн аял тен укуктуу боло албайт..Эркек аялдан устун турат...сен тен укуктуу деп эсептесен анда сен жанагы ЛОЛУнун эркегине тийишин керек екен себеби аларда эркектерин аялдары багатта...
+1
Alaika
2012-07-05 14:45:10
аял менен эркек эч качан тен укуктуу боло албайт, аялдын аялдай эле болгону жакшы. Чем больше женщины стремятся освободиться, тем несчастнее они становятся дегендей... А Чолпонайдын озу жонундо айта турган болсом акылдуу, сулуу кыз, бирок ырдаганы таптакыр жакпайт чыйылдап... Жогоруда айтып кетишкендей актриса же алып баруучу болсо болмоктур.
0
kipchak
2012-07-06 01:15:45
erkek ozuno tiyeweluu bolgon nerselerdi jasasa turmuwta...ayal da ozuno tiyeweluu nerselerdi jasasa ekoo ten baktyluu bolot dep oiloim. negizgisi biribirin tuwunso bolgonu. a baw iybeim degeni tuura emes. ayal kiwi oz kuioosuno baw iyuusu kerek. eger kuioosun tuura chechim chygaryp atkan bolso.
0
sanka
2012-07-07 14:04:03
ырдаганы жакпайт мага ушул кызды корсом мультфилим коргондой боломда
0
Nazbiike
2012-07-08 18:47:35
Достор эмне кыласынар жакшы жаманга ажыратып . кимге пайда андан жаманын жашырып жакшысын ашырып жашаса жакшыго! жакшынакай эле талантуу ай чырайлуу кыз экен ийгилик каалайм.
0
kg_bars
2013-12-24 15:29:46
мен чолпонай эжени суйом!!
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан