23-мартта футбол боюнча өлкөбүздүн улуттук курама командасы Чакырык кубогунун тандап алуу оюндарына катышуу үчүн Непалга сапар тартты. 2011-жылкы Азия чемпиондугуна катышуу укугун берүүчү жолдомо үчүн футболчуларыбыз Непал, Палестина жана Ооганстандын командаларына каршы ойношмокчу.
Эске салсак, былтыр Чакырык кубогунун тандап алуу оюндары Бишкекте өткөрүлгөн. Тилекке каршы, ошондо футболчуларыбыз Ооганстанга утулуп (0:1), тайпадан ары өтө алган эмес. Андыктан 2011-жылы Катарда өтүүчү Азия чемпиондугуна катышуу үчүн конокто күрөш жүргүзүүгө туура келет. Кошумчалай кетчү нерсе, курама командабыз Непалга учар алдында жыл сайын “Абдыш-Ата” компаниясынын сыйлыктары үчүн өтүүчү эл аралык Ала-Тоо кубогуна катышып, алтын медалдарды тагынууга жетишишти. Футболчуларыбыз мелдешке аттанар алдында курама командабыздын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбековго кайрылдык.
– Анарбек Дарданович, Ала-Тоо кубогунда бардык оюнчуларды ойнотуп көрүп, аларды байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдуңуз. Негизги курамда оюнга кимдерди чыгарууну чечип койсоңуз керек...
– Ооба, мен бардык оюнчулардын абалын байкай алдым. Ошентсе да негизги курамда ким ойной тургандыгы тууралуу соңку чечимимди оюнга чыгар алдында айтам.
– Анда жок дегенде учурда мыкты спорттук калыбында турган оюнчуларды атай кетсеңиз...
– Руслан Сыдыков, Айбек Бокоев, Мирлан Мурзаев жана Антон Землянухин.
– Легионерлер боюнча абал кандай?
– Түркиядан Антон учуп келип, сбордо команд а менен чогуу жүрөт. Ал эми Азамат бизге Латвиядан учуп келип, Делиден кошулат. Ага билет алынган. Мына ушул эки легионерибиз командабызды күчөтө алат.
– Сиздерге ийгилик каалайбыз! Жеңиш менен кайтып келишиңиздерди күтөбүз.
Спорт жылдызы
Эсенкул уулу Чолпонбек: «Быйыл «Дордойду» токтотобуз»
Бүгүн бизде конокто – канттык “Абдыш-Ата” менен КРнын улуттук курама командасынын ишенген оюнчусу Эсенкул уулу Чолпонбек. Европанын бир нече футбол талааларында ойноп келген каарманыбыз команда менен Чакырык кубогуна Непалга учар алдында бизге маек куруп берди.
– Чолпонбек, даярдыктар кандай болуп жатат, сбор кандай өттү?
– Чынын айтканда, чарчап турам, анткени “Абдыш-Ата” менен Түркмөнстандын президентинин кубогуна катышып, Ашхабаддан 6-мартта келгенбиз. Үч күндөн кийин кайрадан курама команда менен сборго чогулдук. Негизи, даярдыктар жакшы. Ала-Тоо кубогуна катышкандыгыбыз жакшы болду. Оюн тажрыйбасына ээ болдук.
– Нооруз майрамында да машыгууда болдуңарбы?
– Дал ошол 21-мартта сбор аяктап, командалаштар болуп мончого бардык. Анан үйбүлө, жакындарыбызга да жолугуп жетиштик.
– Негизи эле футболго кандайча келип калдың эле?
– Футбол менен 9 жашымдан бери алектенем. Аламүдүн-1 кичи-районундагы №38 мектепте окуп жүргөндө мектептин командасында ойночумун. Ошондо азыркы курама командабыздын машыктыруучусу Анарбек Дарданович байкап калып, КРнын өспүрүмдөр курама командасына кошуп алган. Кезинде ал командам менен Азия кубогунун тандап алуу оюндарына да катышканмын.
– Кичине кезиңде ким болом деп кыялданчу элең?
– Чоңойгондо кайсы кесиптин ээси болорум тууралуу ойлонбоптурмун. Болгону, футболго чейин дзюдо менен машыгып жүргөм. Кийинчерээк футболго кызыгып кеттим. Буга атамдын таасири тийген. Анткени атам жана анын Үсөнкул деген иниси жаш кезинде футбол менен алектенишкен. Азыр алар оюндарымды калтырбайт жана кеп-кеңештерин айтып турушат.
– Европага барып окуп келгендигиң тууралуу кабарыбыз бар...
– Ооба, 16 жашка чыкканда командалашым Азат экөөбүз Европага барып окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бизге мындай шартты Советбек Сакебаев түзүп берген. Германиялык Билефельд шаарынын “Гютерзло U-19” командасынын курамында обер-лигада ойнодук. Ошондо баш-аягы 3 жыл европалык футбол билимин алганбыз. Кийинчерээк Австриянын “Куфштайн” командасында ойнодум. Ошондой эле өткөн жылы “Генчлербирлигинин” курамында Кипрдин чемпиондугунда да ойноого жетиштим.
– Үйбүлөң, жеке жашооң тууралуу да айта кетсең...
– Үйбүлөдө 4 биртуугандын үчүнчүсүмүн. Байкем, эжем жана карындашым бар. Үйдө менден башка спортчу жок болсо да, баары спортко жакын адамдар. Ошондой эле бир жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Аты – Карина. Ал да мени менен сыймыктанат десем болот.
– Негизи эле борбордук жарым коргоочулук абдан жоопкерчиликтүү милдет. Амплуаңды өзүң тандагансыңбы?
– Бала кезимден бери эле борбордук жарым коргоочу болуп ойноп келем. Мени бул орунга биринчи машыктыруучум койгон. Бул баарынан көп чуркоону талап кылса да, өзүмө абдан жагат.
– Өзүңдүн артыкчылыктарың жана кемчиликтериң деп кайсы жактарыңды айта аласың?
– Менин артыкчылыгым деп оюндун жүрүшүн мыкты «окуп билүү» жөндөмүмдү айта алам. Буга бул жаатта көп жерде окугандыгым себеп. Ал эми кемчилигим деп учурда аз гол киргизип жүргөнүмдү эсептейм. Негизи, футболдо мындай мезгил болуп турат. Канчалык аракет кылсаң да гол киргизе албайсың. Муну бизде “кургакчылык серия” деп коёт.
– Карьераңдагы эң маанилүүсү деп кайсы голду айта аласың?
– Талашсыз түрдө “ЮАР-2010дун” тандап алуу оюнунда Иорданиянын дарбазасына киргизген голумду айтам. Ошондо толуп-ташкан “Спартак” стадионунда унутулгус эмоциялар болгон. Азыр ар бир аракетим көз алдымда. Кызыгы, анда мен өлкөбүздүн башкы командасынын курамында алгачкы жолу оюнга чыккан элем. Футболдо курама команда үчүн алгачкы эле оюнда гол киргизүүсү менен баары эле мактана албайт эмеспи.
– Чет жерде жүрүп келген спортчу катары айтсаң, Кыргызстанда спорттун өнүгүшүнө эмнелер жетишпейт?
– Бизде каржылык колдоо жетишсиз. Спорттук структуралар жакшы жолго коюлган эмес. Анан дагы маанилүү нерсе, жарнама жетишпейт. Бизде спортчуларды телевидение жана басылмалар көп чагылдырбайт. Ошондуктан спорт популярдуу эмес, спортчуларды жалпы эл анча тааныбайт.
– Январдан баштап “Абдыш-Атаны” нидерландылык адис машыктырууда. Командада эмне өзгөрүүлөр болуп жатат?
– Негизи, чет элдик адистердин тажрыйбасын пайдаланыш керек деп ойлойм. Жейлан Арикан келгенден бери командабыздын ойноо схемасы өзгөрдү. Ошондой эле тартип жагы да жакшы жолго коюлду.
– Демек, быйыл “Дордойду” токтотууга кудуретиңер жетет...
– Буюрса, быйыл командабыз менен чемпион болуу үчүн катуу бел байладык. Бул үчүн бизде бардык шарттар бар. Албетте, баарын убакыт көргөзөт, ошентсе да, буюрса, быйыл “Дордой-Динамону” токтотобуз, чемпион болобуз деп ишендирип кетем.
– Жеке өзүңдүн келечекке кандай пландарың бар?
– Кайрадан чет өлкөдө ойноо тилегим бар. Чындыгында, Кыргызстанда жүрсөк жүрө беребиз. Жаш кезде чет өлкөгө барып тажрыйба топтоп келиш керек. Учурда австриялык командалар менен байланышып жатам. Азырынча жыйынтыктуу сунуштар жок. Бирок жайында чечилип калат го деген үмүттөмүн.
Чолпонбек тууралуу...
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg