КУПАЛЬНИК СЕЗОНУ. Кайсы түрү хит болот?

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА
Жайкы аптап башталып, элдин көбү дене сергиткен муздак сууга чумкууну эңсеп жаткан учур. Кимдир бирөөлөр купальник, шляпа, көз айнек сатып алып Ысык-Көлдү көздөй даярданып жатышса, айрымдары шаардын ысыгынан качып, жакынкы бассейнди көздөп турушат. Ал эми сууга түшүүдөгү эң негизги атрибут купальник эмеспи. Купальникти эң өзгөчө кийим десек жаңылбаспыз. Бир эле учурда ич кийимдин да, сырт кийимдин да ролун аткарат. Ошол эле убакта адамдын денесине көрк кошуп, сулуулугун да баса белгилейт. Купальникти тандоодон мурда анын түрлөрү менен таанышып алыңыз.

ЖАБЫК КУПАЛЬНИКТИН ТҮРЛӨРҮ

АЧЫК КУПАЛЬНИКТИН ТҮРЛӨРҮ

АКЫРКЫ МОДАДА

КАМ КӨРҮҮ

  • Чечкенден кийин дароо самындуу суу менен колго жуу керек.
  • Жууганда хлорду колдонбоңуз. Бул купальниктин өңүнүн бузулушуна жана эрте жыртылуусуна алып келиши мүмкүн.
  • Үтүктөгөнгө болбойт. Бырышпаш үчүн жуугандан кийин силкип жаюу кажет.

КУЛАК КАГЫШ
Быйылкы жайда ачык түстөгү (сары, жашыл, көк, кызыл) купальниктер модада. Андан тышкары улуттук колорит чагылдырылган купальниктер да актуалдуу болорун айта кетели. Андыктан эски купальнигиңизди ыргытпай, өз колуңуз менен сайма сайып, курак кошуп же шуру бастырып койсоңуз, эң модалуу жана оригиналдуу купальниктин ээси болосуз.

КУПАЛЬНИК ТАНДООДО АДАШПАҢЫЗ

Кичинекей төштүүлөр үчүн:

  • Чөйчөктөрү калыңдатылган купальник тандаңыз.
  • Үстү, асты бөлөк түстө болгону жакшы. Үстүнкү бөлүгү ачыгыраак болушу керек.
  • Үстүнкү бөлүгү курактар, саймалар менен кооздолгон болсо, төштүн кичине экени байкалбайт.
  • Бир түстөгү, жабык, кооздолбогон, эч нерсе жабыштырылбаган купальниктерден баш тартканыңыз оң.

Саны жоондор үчүн:

  • Астыңкы бөлүгүндө тик сызыкчалары бар болсо, бутту узун кылып көрсөтөт.
  • Свим-дресс кийүү сунушталат.
  • Астыңкы бөлүгү үстү жагынан ачыгыраак түстө болбошу керек.

Курсактуулар үчүн:

  • Жабык купальниктерди кийген оң.
  • Курсак бөлүгүндө тигиштер жүргүзүлгөн, курактар менен кооздолгон купальниктер ичти жашыра алат.
  • Монокини (же трикини) сиздин жакшы чечимиңиз боло алат.

Мырзалар үчүн кеңеш

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Купальник тандоодо адашпаңыз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
aote
2012-07-02 09:43:27
mmmdaa,rahmat!jakwi kenewter
0
AFRODITA-89
2012-07-02 13:15:17
жакшы кенеш болдуда. Мага- Майо жана Бандо жакты, эркектердин плавкилеринен Бермуды сонун экен узундугу жакты.
0
KNursultan
2012-07-03 01:23:06
Колдо болсо да МУСУЛМАНЧА кийинип журом!АльхамдуЛилля.
0
snejinka
2012-07-05 16:03:24
ото керектуу маалымат экен- как раз азыркы маалда актуалдуу тема. рахмат
0
Sabiraseitbekova
2012-07-08 15:29:39
жакшы кенеш алдым, мага баарынан да халтер жакты!
0
elka_manas_kg
2012-07-18 15:38:26
акыркы модадагы купальник жаккан жок,
0
evgeniya
2012-07-24 01:12:59
мусулманча купальник жакты,эн жакшы чечим!
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан