ОЛИМПИАДАЧЫЛАРДЫН САНЫ 11ге ЖЕТТИ

18-июнда Эл аралык олимпиадалык комитеттен Бишкекке кубанычтуу кабар келди. Анда мекендешибиз яхтсмен Илья Игнатьевге квоталык орундар боюнча “Лондон-2012” Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ыйгарылгандыгы айтылат. Эки жылдан бери лицензиялык мелдештерге катышып упай топтоп жүргөн Ильянын эмгегинин акыбети кайтып отурат. Ошентип, Шекспирдин мекенине барчу спортчуларыбыздын саны 11ге жетти. Алар: Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев (экөө тең грек-рим күрөшү), Магомед Мусаев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Руслан Исмаилов (мылтыктан ок атуу), Юлия Архипова (жеңил атлетика), Абдураим Расул (таэквондо), Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий (экөө тең дзюдо), Бекзат Осмоналиев (оор атлетика) жана Илья Игнатьев (парус спорту).
“Лондон-2012” Олимпиадасына жолдомо алган азаматтарыбыз менен эмки сандарыбыздан баштап кененирээк тааныштырып баштайбыз.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Jildizka
2012-07-02 17:53:35
Ак жол силерге Кыргызымдын калпагын таанытып келесинер го деп умут кыламын.
0
welkome
2012-07-03 02:27:12
Ак жол! Баарынарга ийгилик !!!
0
nurbek_posol
2012-07-03 10:46:20
Чын журоктон АКЖОЛ каалаймын !
0
Talant86
2012-07-03 13:34:34
Кыргызымдын мыкты уул-кыздары алгаа
0
BaatyrO
2012-07-03 19:15:53
Алтын медалдарын кобуроок утуп келгиле!
0
Nazbiike
2012-07-03 19:39:23
Ийгилик каалайм !!!!
0
arzuu1
2012-07-03 23:57:47
Данияр сен утушун керек ийгилик баарына!!!
0
zema
2012-07-04 15:15:13
Алга жигиттер ийгилик...АЛЛАХ колдосун силерди....
0
vinchester
2012-07-05 19:53:24
Азаматсынар Алга Алга Алга кыргыз!!!!!
0
patriot.m
2012-07-06 13:54:53
братаны баарына ийгилик кудакалса мен да убакыт келсе чыгып калармын... ! ! !;-)
0
kerim
2012-07-07 16:46:49
ак жол силерге кандай сонун жетишкендик
0
kasi_sun_10
2012-07-08 01:16:12
данчик брат утушкерек умутубуз сизге сор
0
Kyrgyz_Nukura
2012-07-08 16:33:18
Данияр братан respect!Кыргызстан алга!!!
0
sevinch
2012-07-08 21:35:15
Данчо биз сага ишенебиз! Ийгилик сага жаным
0
dos
2012-07-10 22:31:20
Буюрганын алгыла да кайткыла.
0
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан