"Абдыш-Ата” футболдук клубунун тарбиялануучусу, 11 жаштагы Эрбол “Барселонанын” академиясына өтүп кубанып жүрсө, аталган клубдун башка тарбиялануучусу Эмил Кенжесариев азырынча артка чегинүүгө аргасыз болууда. Жыл башында Эмилдин Казакстандын “Актөбөдөн” Азиянын Чемпиондор Лигасында ойногон ташкенттик “Бунёдкорго” өтүшү карьерасындагы жогору карай дагы бир тепкич катары бааланган. Тилекке каршы, оюн тажрыйбасынын жетишсиздигинен мекендешибиз команда жетекчилигине келишимди бузуу өтүнүчү менен кайрылууга мажбур болгон (команданын расмий сайтында “Эмил негизги курамдан бекем ордун таба албады” деп айтылат).
Айта кетсек, Эмил ташкенттик клубдун курамында 6 жолудан гана Өзбекстандын чемпиондугунда жана Азиянын Чемпиондор Лигасында майданга чыккан. Учурда Кенжесариев кайра “Актөбөгө” барып кошулуп, 1 беттешке катышууга жетишиптир. Эмил, маанайыңды түшүрбө, мындан ары карьераң вертикалдуу абалда гана өссүн демекчибиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
antivir
2012-07-02 11:05:42
шерменде эле экенсин го
+1
ayjasha
2012-07-02 23:44:38
antivir, неге шерменде?!жакшы эле,каерде,ким учун,кайсы командада ойноосу озуно да тиешелуу болот гой.
-1
antivir
2012-07-04 10:27:27
ayjasha, "палан жылдан бери журуп ким топту кайда теберин кордум" деп кеткен. мужиктик соз болуш керек. эми кантип барды?
+1
tolik
2012-07-06 10:15:27
Бул деген спорт. Спортто женуу да женилуу да бар. Азматсын Эмил1 Сага ийгилик жана ийгилик. Сага сынтаккандардын бок создоруно конул бурбай эле кой. Кандектерди ургонду гана билет.
+1
Talant86
2012-07-10 12:11:59
Эмил казакстандын жараны ага эмне эле башынарды оорутасынар. Эгер чындап патриот болгондо Кыргызстан учун гана ойномокта.
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.