«ИТАЛИЯ ЖЕҢИЛСЕ, ФУТБОЛ ӨЛМӨК...»

"ЕВРО-2012нин" чейрек финалдык оюндарынан кийин букмекерлер финалда Испания менен Германия беттешет деп ишенимдүү айтып калышты. Бирок иш жүзүндө таптакыр башкача болушу толук ыктымал жана ага жөндүү себептер бар. Алгач чейрек финал оюндарына назар салсак.

0:0 эсебинде аяктаганына карабастан, Англия-Италия тиреши мелдештеги эң бүйүр кызыткан кармаш болду десек жаңылышпайбыз. Аны көрүп, кызуу талкууга алгандардын арасында белгилүү футболчулар да болбой койгон жок. Социалдык тармактарды жарган билдирүүлөрдөн бир шиңгил таштайбыз.
Венсан Компани (“Манчестер Сити”): “Бул оюн кантип тең чыгуу менен аяктады? Ишене албай турам...”
Ража Наингголан (“Кальяри”): “Мама мия, Пирло эмне кылып жиберди?”
Майкл Оуэн (эркин агент): “Пирло, бул тамашабы? Ооба, Пирлого сөз жок. Бирок бизде да андан чеберчилик жагынан кем калышпаган футболчулар жок эмес. Тилекке каршы, андай оюнчуларыбыз бүгүн майданда ойношкон жок. Мисалы, Скоулз".
Жоуи Бартон (КПР): “Пирлодон уулдуу болгум келет. Чынын айтсам, билбей турам, беттештин ушинтип аякташынан кимдердин көңүлү аябай түшкөнүн. Англиялык күйөрмандардынбы же немис ышкыбоздорунунбу?”
Йосси Бенаюн (“Челси”): “Англия, уят! Бүгүн мыкты команда жеңишке жетишти”.
Доминик Черви (“Селтик”): “Мен бүгүн автобус токтоочу жайдын иштебегенине аябай кубанычтамын. УЕФАнын ЧЛсынын финалында “Челси” дарбазасына автобусту токтотуп коюп, аягында пенальтиден жеңип кеткен. Эгер бүгүн Италия жеңилсе, анда футбол өлмөк”.

ФУТБОЛЧУЛАР КАНЧА ТУРАТ?
“ЕВРО-2012ден” кийин бир катар жылдыздардын трансфердик баалары өсөрү анык. Ушул тапта жарым финалга чыккан алдыңкы футболчулардын баалары кандай?

ПОРТУГАЛИЯ “ЧЕЛСИНИН” ЭРДИГИН КАЙТАЛАЙ АЛАБЫ?
Мындан бир ай мурда жыйынтыкталган УЕФАнын ЧЛсынын жарым финалдык оюндарынын алдында букмекерлер финалга “Реал” менен “Барса” чыгарын кесе айтышкан. Иш жүзүндө алардын айткандарынын тескериси болуп, Мюнхенде өткөн оюнда англиялык “Челсинин” “Баварияны” жеңип чемпион аталгандыгы эсиңиздерде болсо керек. Мына азыр букмекерлер финалга Германия менен Испания чыгат деп жатышат. Германия менен Испания “Реал” жана “Барселонага” фаворит болуп жаткандыгынан гана эмес, оюн стилинен улам да окшош. Испаниянын курамы негизинен барселоналыктардан тургандыктан, бул жагы түшүнүктүү болуш керек. Ал эми “Реал” менен Германия эң оболу жыйынтыкка ойношу сыр эмес. Машыктыруучу Жозе Моуринью “Реалды” эчак эле жеңиш машинасына айландырып койгон. Айтор, бул ирет букмекерлердин божомолу туура чыгабы же “Челсиге” окшоп бир да чемпион боло элек Португалия жеңишти илип кетеби (“Челси” УЕФАнын ЧЛсын ута элек болчу, а Португалия – жарым финалчылардын ичинен
“ЕВРОну” багынта элек жалгыз өлкө. Анын үстүнө “Челсиде” Дрогба болсо, Португалияда Роналду бар)
?
Германия – тактык менен тартип, Испания – чеберчилик менен тажрыйба, Португалия – Роналду менен спорттук ачкалык, Италия – күйөрмандарга жаккан жүрөк менен ойнолгон кооз футбол жана тайманбастык. Жеңиш эмнени тандайт? Тактык менен тартиптиби, чеберчилик менен тажрыйбаныбы, Роналду менен спорттук ачкалыктыбы же күйөрмандарга жаккан жүрөк менен ойнолгон кооз футбол менен тайманбастыктыбы? Аны көрө жатарбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2012-07-02 10:21:45
Италия женилди, жалко
+1
ulukbekkg...
2012-07-02 14:18:25
чеберчилик менен тажрыйба албетте испандар чемпион болушу анык кеп эле. 2 орунга португалия татыктуу албетте. анан германия италия
-1
Likvidator
2012-07-02 14:31:49
Испания № 1.
-1
Niyazbek Torobekov
2012-07-09 05:19:08
Испания как ветер и гроза
-1
№ 504, 29-июнь-5-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан