“Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет. Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет?” деп сыздаган ырчы Асел Касымова менен сүйүү талаасына гүл отургуздук. Анда, окурман, Асел айымдын сүйүү талаасына сейилге кеттик...
– Асел, алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз. Качан, кайда төрөлгөнсүз дегендей?
– 1985-жылы 13-апрелде Ош шаарында төрөлгөм. Балалыгым да ушул шаарда өткөндүктөн, бат-бат келип турбасам кадимкидей буулугуп кетем.
– «Балалыкка кошулуп балалык сүйүү да таттуу» дегендей, сүйүүнүн даамын канча жашыңызда таткансыз?
– 5-классымда классташ баламды жактырчумун. Балалык сүйүү деген ошол болсо керек.
– Кандай жигиттер сиздин жүрөгүңүздөн орун таба алат? Жигиттерде баалаган сапаттарыңыз?
– Айта бересиң го, “бою узун, келишкен жигит жагат” деп. Бирок сүйүп калганда боюна, келишкендигине деле карабай калат экенсиң. Ооз айта бергени менен, жүрөк өзү билет тура, кандай адамды сүйүштү. Мурда мен деле айта берчүмүн, “момундай бала жагат” деп. Азыр болсо андай кыялдар жок, негизгиси, интеллектуалдуулугуна басым жасайм.
– Биздин жылдыздардын түгөйүн сураганда көпчүлүгү “жүрөгүм бош” деп жооп беришет. Сиз алардын катарында эмессизби?
– (Күлүп) Мен алардын катарына кошулбайм десем болот. Канчалык “жүрөгүм бош” деген менен, ар бир жүрөктүн түпкүрүндө жактырганы болот да. Аны эске албай, “жүрөгүм бош” деп айтуу болбойт го дейм. Чынын айтыш керек, менин жүрөгүмдүн жактырганы бар.
– Махабат жашоодогу мыйзамдардын бири эмеспи, ошол себептен сүйүүнүн ар кандай сыноосуна даярсызбы?
– Буга ооба же жок деп так жооп бере албайм. Адам өзү үчүн бардык нерсени жеңсе болот. Сүйүүнүн бир канча сыноосунан өтүп деле көрдүк. Кыздарда намыс менен эрк күчтүү болуш керек, канчалык сүйүп жатсам да, сүйүүнү эмес, намысты биринчи орунга коём.
– Үй-бүлөлүү адамды сүйүп калуудан коркпойсузбу?
– Табият берген сыноодон коркуунун кереги жок. Болгону, ар бир нерсеге баш ийбеш керек деген сөзгө таянып жашайм. Кудай сактасын андайдан. Жаш адамга же улуу адамга эмес, теңине эле жолуккан жакшы. Эч болбоду дегенде кичүү болсо 1-2 жаш, улуу болсо 2-3 жаш туура деп ойлойм. Адамдын эркине жараша болот бардык нерсе, кээ бирөөлөр сүйүүгө багынат, кээ бири сүйүүнү багынтат дегендей. Мени көбүнчө сүйүү багынтканы менен, намыс башкарып жүрөт.
– Башыңыздан канча сүйүүнү өткөрдүңүз?
– ... Үчөөнү.
– Канчасы сизди таштап кетти да, канчасын сиз таштап кеттиңиз?
– Ой, эми ал жагына кетпей эле коёлучу (күлүп).
– “Болду эми, турмушка чыкчу кез келди” деген сөздөр кулагыңызды жеп жатса керек?..
– Туугандар арасында айтылбайт деле. Тааныштардын “качан той жейбиз?” деген сөзү тажатат. Алгач тамашалап, “эмнеле той жейбиз дейсиң? Көп болсо шорпо ичесиң. Ичкиң келип жатса, жүрчү, азыр эле алып берейин” деп айтып калчумун. Азыр болсо “Кудай буюрган күнү” деп коём.
– Сизди көпчүлүк ырчы Анжеликага окшоштурушат экен...
– Ал экөөбүздүн жылдызыбыз таптакыр башкача. Окшоштук макияжга байланыштуу да болуп калат. Балким, биздин окшоштук ошондон уламдыр. Өзүмө деле көп айтышат, «окшош экенсиңер» деп. Бирок мен Анжеликага окшош экенимди байкабайт экенмин.
– Кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат!
Уулбү Каныбекова
star@super.kg